Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Арстанбектин этикасы

Автор:   •  Январь 10, 2023  •  Доклад  •  2,880 Слов (12 Страниц)  •  243 Просмотры

Страница 1 из 12

Арстанбектин этикасы

Арстанбек Буйлаш уулу XIX кылымда жашаган (1824-1878-жж) кыргыздын ак таңдай акыны.

Ырчылык өнөрүнүн күчтүүлүгүн карап, замандаштары аны «акындардын булбулу» деп атаган. Чынында эле, ал турмуш чындыгын ташка тамга баскандай даана ырдаган акын болгон. Убагында кыргыз-казак

ичинен ага тең келер ырчы болгон эмес. Акын чоң комузчу да болуп, 500гө жакын күү черткен деген маалымат эл ичинде сакталып калган. Ал жаш кезинде Кокон ордосунда да болуп, айтылуу Алымбек датканын алдында ырдап, өзүнүн келечектүү чыгаан ырчы экендигин далилдей алган. Орус

падышалыгынын үстөмдүгүнүн доорунда Арстанбек ошол замандын катаал чындыгын, тайманбас таасын ырдап, «Тар заман» аттуу поэмасын жараткан. СССР доорунда Арстанбектин чыгармачылыгы

идеологиялык жактан зыяндуу деп эсептелип, «кара сандыкка» жабылып, пайдаланууга тыюу салынган болучу. Демократиянын заманында улуу акындын мурастары калайык-калкка кайтып келди. XX кылымдын 20-30-жылдарында Кабай Абдрахман уулу тарабынан чогултулган Арстанбектин бир топ орчундуу поэтикалык мурастары 60 жыл бою жер астында жашырылып көмүлгөн бойдон жатып, 1992- жылы кош айдоо учурунда капысынан табылган. Акындын негизги чыгармалары «Керээз», «Терме»,

«Санат», «Тар заман», «Каңтарбай менен айтышы», «Сүйүнбай менен айтышы», «Жеңижок менен учурашуу ыры», «Арман» ж.б. эсептелет.

Арстанбек Буйлаш уулунун көркөм казынасы тарбия-таалимге олуттуу омок болуп бере турган

адеп-ахлактык ойлорго, этикалык асыл нарктарга бай. Өзү түзгөн, жараткан, баалап-барктаган ошондой бай рух дөөлөттөрү, адеп-ахлак байлыктары кийинки урпактарга кокус жетпей калса не болот деп

Арстанбек өмүрүнүн акырында катуу тынчсызданган. Ал «О дүйнө кетет окшодум, менин санатым айтар ким болот?» - деп кабатыр болгон. Ал өзүнүн өлбөстүгүн тарыхый өтмө-катыштыктын салтынан,

мындайча айтканда, кумдай куюлган нуска сөздөрүнүн келечек муундардын тарыхый акыл-эсинде жашап калышынан көргөн. Мына ошон үчүн өлүм алдында жаткан кезинде Арстанбек өзүнүн шакирти Солтобайга мындай деп акыркы керээзин айтып, өтүнүч кылган жайы бар:

Ичим толгон ырым бар,

Айтарга түрлүү сырым бар. Жакшы чыктың Солтобай, Ойлоп тургун ой тобо ай!

Келтирип айткын сөзүмдү, Кейитпегин өзүмдү.

Таштабагын сөзүмдү, Таарынтпагын өзүмдү. Менин айткан кебимди Көкүрөккө жат алгын, Оо Солтобай чырагым! Нуска сөзүм таштаба,

Жеткире айткын маанисин, Кайран булбул сөзү деп,

Артымда элим таанысын. Айтылып калса калкымда,

Арстанбек кайдан карысын.

Эмесе, ошол Солтобай ырчы жана калайык-калктын улуу тутуму тарабынан бүгүнкү күндүн

урпактарына (толук эмес болсо да) жеткен акындын адеп-ахлак мурастарына көңүл буралы. Ичке сыр болуп толгон, көкүрөккө жат кылып, кайран булбул сөзү деп таштабай айта жүрө турган ал кандай

нускалар болду экен?

Арстанбек акындын адеп-ахлак сезими сергек, тунук, этикалык акыл-ою бийик болгон. Жакшы деген эмне, жаман деген эмне болорун так ажыратып ырдап, насаат-нуска сөздөрүн калайык-калкка кечиктирбей жарыя кылып, таратып турган. Осмонкул Бөлөбалаев Арстанбектин мындай өзгөчөлүгүн өзүнүн ыры менен: «Ак каранын баарысын, таанып айтып ырдаган, айтканынын баарысы, уккан элге акыл деп, ушунуку макул деп, оозун ачкан далай жан», - деп акыйкат белгилеген.

Арстанбектин чыгармаларынын акыл-ой мазмунун терең карай келгенде, мындай бир орчундуу логикалык ой корутундусу келип чыкпай койбойт. Эл-журт менен, калайык-калктын кайгы-кубанычы менен иши жок, өзүнүн гана жеке кызыкчылыктарынын алкагынан чыкпаган, өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде аны-муну ишим бар деген, өз көмөчүнө күл тарткандан башканы

билбеген өзүмчүл адамдын өмүр

...

Скачать:   txt (31.4 Kb)   pdf (68.8 Kb)   docx (20.3 Kb)  
Продолжить читать еще 11 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club