Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Төкмөлүк

Автор:   •  Ноябрь 2, 2020  •  Реферат  •  1,573 Слов (7 Страниц)  •  320 Просмотры

Страница 1 из 7

Төкмөлүк — өзгөчө сапаттагы салт. Мына ушул салт Октябрь революциясынан кийин дагы улантылууда. Калыктан башка дагы Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл, Токтонаалы, Токтосун Тыныбеков өңдүү акындар жаңы темадагы чыгармаларын күжүрмөн эмгектин ээлерин чагылдырууга арнашты. Бул чоң акындардын салтын кийинки муундагы Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев өңдүү таланттар улантуу менен, ар түрдүү темадагы чыгармаларды жаратып жатышат. Ошентип, төкмө акындар социалисттик курулушка активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармаларынын булагын советтик күжүрмөн элдин турмушунан алып, идеялык-көркөмдүк деңгээли жогору турган ырларды жаратып, кыргыз элинин маданиятына, анын ичинде адабиятын өнүктүрүүдө өз салымдарын кошту жана кошмокчу. Жыйынтыктап айтканда, кыргыздын төкмө акындарынын чыгармалары элибиздин башка рухий байлыктары сыяктуу эле эстетикалык-тарбиялык зор мааниге

КАЛЫК МЕНЕН БАЛКЫ КЫЗ

Балкы кыз:

Кетмен-Төбө тараптан

Калык келди деп уктум.

Кешене жоолук белине

Чалып келди деп уктум.

Кетмен-Төбө жериңден

Келгениңди мен уктум.

Кетериңде балага

Кезиксем деп оолуктум.

Кыдырып бүгүн келипсиң

Кыз оюнда жолуктум.

Түнкатар Жумгал элинен

Калык келди деп уктум,

Дүрүйө жоолук белине

Чалып келди деп уктум,

Дүбүртүңдү мен уктум,

Көп укчу элем сыртыңдан.

Бир көрмөккө оолуктум,

Көңүлсүз жүргөн бала элең

Көпчүлүктө жолуктуң

Калың Жумгал урааның,

Калың Жумгал ичинде

Кайсы экен жакын тууганың?

Кабарлашып көргөнсүп,

Каттоо кылып жүргөнсүп,

Мен сенин кадырыңды сурадым.

Үргүлжү Жумгал ураанын

Үргүлжү Жумгал ичинде

Кимиси жакын тууганың?

Үй-жайыңды көргөнсүп,

Учурашып жүргөнсүп,

Учурашып турамын.

Аманбы, ырчы жаш Калык?

Ар өнөргө маш Калык.

Акын болду деп угам,

Аш менен тойду башкарып.

Атагың чыгып жашыңан,

Оң менен Солду оодарып,

Көпчүлүктү көргөндө

Күлкү салып жооланып,

Ар жакшыга жолобой

Арымга келип турду деп,

Акындык менен эркелеп

Ар жакшыга курбу деп.

Беш жылдан бери Таласка

Жетти эле сенин дүбүртүң.

Беттештик, Калык, бүгүн түн,

Перидей сулуу кыз турат,

Беттешип Балкы биз турат,

Кимисинде үмүтүң?

Улугуң Ыса өткөндө,

Учкан куштай кеткенде.

Башына селде чалынып

Бооруна таяк алынып,

Борумун кошуп турду деп,

Үч жылдан бери Таласка

Угулду эле дүбүртүң,

Учураштык бүгүн түн

Улуу-кичүү кыз турат.

Улуу болсоң ага деп

Учурашып биз турат.

Кетмен-Төбө кең эмес

Кең-Кол менен Таластан,

Баатырлык кылган байыркы

Падыша сындуу Манастан,

Кезегинде ырдасам

Келин-кызга жарашкан.

Ургачынын узу деп,

Укмуштуу ырчы ушу деп,

Уккан адам баалашкан.

Үргүлжү жер кең эмес,

Үч-Кошой менен Таластан,

Үлгү калган баатырлык

Алмамбет, Сыргак, Манастан.

Ушунтип ырдап отурсам,

Уккан элге жарашкан.

Балкы кыз ырдап берсе деп

Баркымды билсе каалашкан,

Агача келин, сулуу кыз,

Бирөөнөн бирөө улуу кыз,

Көрбөсөк да көргөндөй

Учурашып турубуз.

Ургаачы ырчы дебесең,

Ылайыкпы мунубуз?

Ырааттуу тойдун үстүндө,

Ырчы Калык, угуңуз!

Агача келин, жалпы кыз,

Жалпы кыздын ичинен

Амандашты Балкы кыз.

Эртеден берки сөзүмдөн

Калганы болсо айтыңыз.

Эгин сурап келди деп

Уктум эле дайныңды,

...

Скачать:   txt (24 Kb)   pdf (80 Kb)   docx (19.2 Kb)  
Продолжить читать еще 6 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club