Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Олжобай Менен Кишимжаан

Автор:   •  Апрель 4, 2021  •  Реферат  •  4,555 Слов (19 Страниц)  •  3,420 Просмотры

Страница 1 из 19

РЕФЕРАТ

Тема: Олжобай

Менен Кишимжаан

Бишкек, 28.04.20

Олжобай менен Кишимжан

Ч. Айтматов бул чыгарма боюнча, биздеги кенже эпосторго бир сыйра кыскача мүнөздөмө берип келатып: «Олжобай менен Кишимжан» болсо лирикалык поэма, даркан талаанын өзүнчө эле бир «Ромео менен Джульеттасы» деп таамай баасын берген.

Бул чыгарма эл ичине кеңири тараган популярдуу чыгарма экендигин, анын Кыргызстандын бардык территориясынан учурашы ырастай алат. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясындагы Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондусунда анын Кыргызстандын бири-биринен алыс жаткан территорияларынан Таластан, Көлдөн жана Оштун алыскы өрөөнү Чоң-Алайдан) жазылып алынган варианттары сакталып турат.

Эпостун үч вариантынын биринчиси 1925-жылы ЫсыкКөлдүн Түп районуна караштуу Күрмөнтү айлынын тургуну Сопубек Сакетаевден жазылып алынган. 1927-жылы ошол эле айтуучудан экинчи жолу жазылган. Кийинки жазылышы биринчиге караганда толугураак, ошого байланыштуу көлөмдүү. Бул вариант 1997-жылы «Эл адабияты» сериясынын 9-томунда Бишкек шаарындагы «Шам» басмасы тарабынан жарык көргөн. Экинчи вариант эл акыны А. Үсөнбаевге таандык. Окуяларынын толуктугуна жана көркөмдүүлүгүнүн жогорулугуна байланыштуу, бул вариант 1940, 1956, 1957-жылдары басмадан жарык көргөн. Дагы бир вариантты К. Мифтаков 1947-жылы ЧоңАлайлык Матраим Кабыловдон кара сөз түрүндө жазып алган.

Жалпы эле элдик оозеки чыгармалардай «Олжобай менен Кишимжан» поэмасынын варианттарынын ортосунда сюжеттик канва бири-бирине жакын, окшош болгону менен ар бир вариант өзүнүн айтуучусунун талант шыгына, жекече көз карашына, түшүнүгүнө, тажрыйбасына жараша мейли композициялык түзүлүшү жагынан болсун, мейли стили, көркөмдүгү жагынан болсун көзгө көрүнөрлүк өзгөчөлүккө ээ.

А. Үсөнбаевдин варианты кыпчак уруусунун жигити Солтобайдын өзүнө ылайык колукту издеп чыгышы менен башталат. Ал кыргыздын кыйла жерин аралап, көңүлүнө толор кыз таппай Чылмайранды жердеген Кулжыгачтын кыздары сулуу деп угуп, ал жакка барат да, анын Бегимжан аттуу кыздарынын улуусун, сулуусун жактырып калат. Бегимжан да биринчи көргөндө эле ага көңүлү түшөт. Күйөө болуучу жигиттин эл-жерди кыдырып кыз тандоосу кыргыз элинде эзелтеден бери келе жаткан салттык көрүнүш. Бул — үйлөнүүчүлөр үчүн сүйүү эркиндигине жол берген, өз учуру үчүн прогрессивдүү салт болгон. Анткени, дүйнөнүн бир катар элдеринде күйөө менен колукту үйлөнгөнгө чейин бири-бирине жолугуп, жүздөрүн көрсөтүшпөстөн ата-энелеринин эрки менен баш кошушкан. Мындай көрүнүш биздин элде да боло келгени менен, жогорудагыдай жакшы жосун да катар жүргөн. Салттын сүйүү эркиндигине мындай жол бериши элдик идеалга жооп берип, кыргыз эпосторундагы туруктуу мотивдеринин бирине айланган. Мисалы, «Манас» эпосунда Бокмурун өзүнө ылайыктуу жар издеп дүйнө кесип, эл кыдырып жүрүп, атасы Көкөтөй өлгөндө үстүндө болбой калат.

Чыгармада кыргыз элинин үйлөнүүгө байланыштуу каада-салттары андан ары кеңири улантылып баяндалат. Кызга ашык болуп калгандан кийин Солтобай өзү менен бирге жүргөн кишиси Кураманы кыздын ата-энесине жуучулукка жиберет.

«Кыргыздарда үйлөнүүнүн алгачкы баскычы баланын атасынын кыздын айылына жуучу жиберүү менен башталат. Демейде, жуучулукка сөз билген, нарк билген, сөзмөр үч-төрт сакалдуу киши барат. Алар, «Кызды сураганга бер, кымызды суусуганга бер», «Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет» — деп маселдетип сүйлөшүп, өздөрүнүн келген максатын түшүндүрүшөт». Бул эпосто жуучулук милдетти Солтобайдын жолдошу Курама өзү жалгыз аткарат. Жуучу өз ишин так аткарып, элдик салтка ылайык дипломатиялык ыкка салып кыздын ата-энесин кудалашууга макул кылат. Бирок, кыздын атасы кудалашууга бир шарт менен макул болот. Ал мындай: Кулжыгачтын эркек баласы жок, бардыгы кыз балдар эле. Кыздары күйөөлөрү менен кетип калса, паана кылар кишиси жок калмак. ошондуктан, күйөө болчу жигит өз уруусун, жерин таштап үстүнө көчүп келсе, кызын калыңсыз берип, аны бала ордуна бала кылып алмакчы. Ушул шартка көнсө гана кызды берүүгө макул.

...

Скачать:   txt (65.1 Kb)   pdf (167.2 Kb)   docx (31 Kb)  
Продолжить читать еще 18 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club