Бытие
Автор: hurshidshodmanov • Октябрь 31, 2021 • Реферат • 1,361 Слов (6 Страниц) • 740 Просмотры
Бытие (болумуш) жөнүндө окуу философиянын башталгыч категориясы. Бытие негизинен онтологиялык маселеге жатат б.а. дүйнөнүн пайда болушунун алгачкы элементтери эмнеден турат? Онтология деген терминди биринчилерден болуп 17 кылымда немец философу Г.Гоклениус тарабынан философияга киргизилген.
Онтология философия илиминде «адам «дүйнө», «бы-тие»- «материя»- «аң-сезим, «мейкиндик» - «убакыт» ж.б. категориялардын карым-катнашын аныктап, алардын кайсынысы биринчи, кайсынысы экинчи пайда болгонун чечмелеп бере турган негизги категориялардан болуп саналат.
Бытие деген термин этиш сөзүнөн турат бул сөздү бүткүл жер шарындагы элдер пайдаланышат. Ошондуктан бул термин униварсалдык түшүнүк катарында философиянын эң маанилүү категориясы болуп саналат.
Бытие жөнүндө байыркы грек философтору Парменид аны түбөлүктүү өзгөрүүсүз жашай турган түшүнүк катарында түшүнгөн. Ал эми Платон ага карама-каршы пикирди айтат: Бытие деген өзгөрбөйт, карама-каршысыз түбөлүктүү жашаган идея, сезим аркалуу кабылданат, ал эми нерселердин бардыгы убактылуу, өтүп кетүүчү кубулуштар деп эсептеген. Гераклит бытие түбөлүктүү туруктуу болбойт, ал бар болот жана да ал жок болуп өзгөрүлүп туруучу кубулуш деген пикирди жактаган.
XX-кылымдын философиясы болгон Экзистенциализм бытие адамдын ички сезими болгон «экзистенция» гана чындык Адамдын ички дүйнөсүндө жайлашкан экистенция гана философиянын чыныгы негизги маселеси болууга тийиш. Ал адамдын иррационалдык\аңдыбастык) дүйнөсү, ал нерселердин бытиесине карама-каршы келет. Неотомисттер бытиени таза бытие аны кудайдын кудретчилигинен башталган жашоо деп эсептешет. Алар ойлоонун бытиеге болгон мамилеси жасалма, ойдон чыгарылган проблема, философиянын милдети аны эмес тилдин жана тажрыйбанын маанисин аныктоо анын негизги маселеси болуп саналат.
Бул окууларга карама-каршы турган материалисттик багыттагы философия бытие материалдуу жана идеалдуу дүйнөнүн жашап турганын айкындап алардын ортосунда биримдикти жана айырмачылык бардыгын чагылдырып турган категория ал болгондо да универсалдуу категория.
Бытиенин өзүнүн түзүлүшү, түрлөрү бар. Дүйнө ар түрдүү нерселерден - жандуу жана жансыз нерселерди жана башка турмуш-тиричиликтерди ичине камтыйт. Ар бир кубулуштун, нерселердин, жандуулардын, жансыз нерселердин өзүнүн орду, жашоо мөөнөтү, белгилүү чөйрөнү ээлеп турушат.
Ошондой болсо да алар бири-бири менен байланышта,өз ара аракетте, жашагандыгы менен бир бүтүн дүйнөнү уюштуруп турат. Адамдар дүйнөдө өтүп кетүүчү жана түбөлүк жашап кала турган нерселер, процесстер бардыгын сезишет, ушуга байланыштуу адамдар өз алдынча бытие жөнүндө ойлонушкан. Демек бытиенин биринчи негизин өтүп кетүүчү, убактылуу нерселер менен түбөлүккө кала бере турган нерселердин ортосундагы карама-каршылык проблемасы адамдарды чиелешкен түшүнүксүз ойго батырып, эмне үчүн ушундай? Ошондой болсо адамдар өздөрүнүн кыска жашоосунда кыйынчылык, азап-тозокторду көрбөй эле жашоодон үмүтүн үзүп коюуну туура көрбөй эле жашагылары келе бергени кандай деген суроолорго жооп издешкен.
Шекспирдин Гамлети эскерткендей «бар болуш керекпи же жок болуш керекпи» «или быть или не быть» деп шектенүү ар бир адамдын оюуна түшө турган суроо боюнча жана ага жооп издөө маселеси Адам ата пайда болгондон бери ойлонтуп келе берет.
Философтор бул маселе түбөлүктүү маселе ал адам ааламга пайда болгондон бери эле өтүп кетүүчү жана түбөлүккө жашап кала турган нерселердин ортосунда жалпы окшош жактар барбы деген суроого жооп издеп келе жатышат.
Ар түрдүү философиялык мектептер философиянын негизги маселесин чечкенге жараша жооп беришет. Бирок көпчүлүк философтор: жаратылыштын нерселери менен идеалдуу дүйнөнүн, жаратылыш менен коомдун ортосунда биримдик жана айырмачылык болгону менен экөө тең объективдүү закондорго баш ийет. Жалпысынан
...