Педагогиканын негиздери
Автор: Элиза Кудайбердиева • Декабрь 24, 2021 • Лекция • 4,169 Слов (17 Страниц) • 1,672 Просмотры
Педагогиканын негиздери.
Педагогика адам жөнүндөгү илимдер системасында.
Педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү.
“Педагогика” термини “пайдос”-бала жана “аго”-жетелөө деген грек сөздөрүнөн келип чыгат.Сөзмө сөз которгондо “педагогика”баланы жетелеп жүрүү “дегенди билдирет.Байыркы Грецияда педагог деп , өз кожоюнунун баласын колунан жетелеп мектепке алып баруучу кулду аташкан ,ал жерде аны окутуу менен башка бир кул -окумуштуу алектенген.Коомдун өнүгүүсү менен педагогдун ролу түп-тамырынан бери өзгөрүп ,бул түшүнүк өзү да жаңы мааниге ээ болду,ал бир топ кеңири мааниде ,баланы турмуш жолунда жетелеп,аны окутуу ,тарбиялоо руханий жана физикалык жактан өнүктүрүү искусствосу маанисинде колдонула баштады.
Педагогика чындыкты издөө жана окутуу менен тарбиялоонун мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачып берүүдө узак жана татаал жолду басып өтүп ,илимий жактан негизделген билимдер системасында ,ал эми практика жүзүндө-бул мыйзам ченемдүүлүктөрдү пайдалануу искусствосуна, б.а. адамдардын көптөгөн муундарын окутуу жана тарбиялоо искусствосуна айланды.Теория менен практиканын чыгармачылык өз ара аракеттенүүсү педагогиканы илим менен искусствого айландырат.
Педагогиканын элементтери коомдун өнүгүшүнүн алгачкы этаптарында тарбиялоо процессинин жаралышы менен пайда болгон.Педагогикалык осуяттар педагогикалык ойлорду тариздөөнүн натыйжасы катары пайда болгон.Алар бизге макал-лакаптар ,учкул сөздөр афоризмдер түрүндө келип жетти.Жазуунун пайда болушу менен элдик ой-толгоолор кеңеш берүү ,эреже жана сунуш мүнөзүнө ээ болду.Ошентип элдик педагогика жаралды,ал үрп адаттарда ,каада-салттарда,эмгек ишмердүүлүгүндө ,элдик оозеки кепте бир топ толук чагылдырылган педагогикалык түшунүктөрдү ,көз караштарды,идеяларды өзүнө камтып турат.
Адегенде педагогикалык билимдер философиянын элементтери болуп саналат.Фактылар топтолушунан улам педагогика илим катары башат болгон тарбиялоо тажрыйбасын жалпылоо,теориялык негиздерди бөлүп алуу аракеттери көрүлгөн .Бул илимдин теоритиктери болуп Байыркы Грециядагы Сократ (б.з.ч.469-399.),Платон (б.з.ч. 427-347жж.),Аристотель(б.з.ч. 384-322) сыяктуу улуу ойчулдар эсептелет ,булардын эмгектеринде адамды тарбиялоого ,анын инсанын калыптандырууга байланышкан идеялар менен жоболор чагылдырылган .
Орто кылымдар мезгилинде коомдун руханий турмушун чиркөө монополиялаштырып алып,тарбиялоого диний багыт берген.Булмезгилге мүнөздүү болгон окутуунун бузулгус догматтык принциптери дээрлик 20 кылым бою жашады.Чиркөө ишмерлерин арасында тарбиялоо жана окутуу боюнча эмгектерди жаратышкан Августин Блаженный (354-430),Фома Аквинский (Аквинат) (1225-1274) сыяктуу өз мезгили үчүн билимдүү философтор болгону менен ,бул мезгилдеги педагогикалык теория жаңы идеялар менен жарытылуу байыган эмес .
Педагогикалык ойлордун өнүгүшүндөгү маанилүү этап Кайра жаралуу доору менен байланышкан ,бул доор бир катар белгилүү ойчулдарды ,педагог-гуманистерди берди ,алардын арасында италиялык В.Фельтре (1378-1448),француз Ф.Рабле(1494-1553) ,англиялык Т.Мор (1478-1535) бар. Алар балдарды кантип окутуп ,тарбиялоо керектиги жөнүндөгү билимдерди системалаштырып ,жалпыга бирдей коомдук тарбиянын ,инсандын ар тараптуу өнүгүүсүнүн жана окутууну эмгек менен айкалыштыруунун тарапкерлери болушкан.Немис педагогу В.Ратке (1571-1635) Европада биринчилерден болуп балдар үчүн окуу китептерин жана мугалимдер үчун методикалык колдонмолор жазган.
Педагогиканы философияны бөлүп алуу жана аны өз алдынча илим катары тариздөө 17кылымга таандык жана мунун башатында чехтин улуу педагогу Ян Амон Коменский (1592-1670) турат.Анын эмгектеринде биринчи жолу педагогика предмети ,милдеттери жана негизги атегориялары аныкталып ата-энесинин
...