Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Дидактиканын негиздери

Автор:   •  Сентябрь 20, 2022  •  Лекция  •  2,736 Слов (11 Страниц)  •  939 Просмотры

Страница 1 из 11

1-тема: Дидактиканын негиздери

Сабактын максаты:

Билим берүүчү максаты- студенттерге  дидактиканын келип чыгуу тарыхы, дидактикалык системалар жана окутуунун методдору, формалары жөнүндөгү маалыматтарды жеткирүү;

Өнүктүрүүчү максаты – студенттердин  дидактикалык системаларды салыштыруу жана анализ берүү,  окутуунун методдору жана формалары  жөнүндөгү түшүнүктөрүн  бекемдөө жана кеңейтүү;

Тарбия берүүчү максаты – студенттерде  азыркы дидактикалык системадагы  эрежелерди  пайдалана алуу көндүмдөрүнө ээ кылуу.

              Күтүлүүчү натыйжалар:

Студент билет жана түшүнөт:  дидактиканын келип чыгуу тарыхын, дидактикалык системаларды жана окутуунун методдорун, формаларын билет жана түшүнөт.

Аткара алат: дидактикалык системаларды салыштырып жана анализ бере алат,  окутуунун методдоруна жана формаларына аныктама бере алат;

ЭЭ болот: азыркы  дидиактикалык сиситемадагы эрежелерди  пайдалана алуу жөндөмүнө ээ болот.

Сабакта керектелүүчү ресурстар:

методикалык ресурстар: лекциянын иштелмеси, презентация, стикер ;

техникалык ресурстар: электрондук паннель (эл.доска), флешка,  маркердик доска.

Колдонулуучу ыкмалар:

  акыл чабуулу,

проблеманы кою,

дискуссия,

пикирлерди сунуштоо,

презентация (Power Point),

Манжа ыкмасы

  1. Сластенин В.А.  Педагогика: учебник для студентов учреждений среднего профессионального образования- 5-е изд. - М.: Издательский центр «Академия», 2013.
  2. Э. Мамбетакунов, Т. Сияев: /учебное пособие/ Педагогиканын негиздери. Бишкек. 2015.
  3. Бекбоев И., Алимбеков А. Азыркы сабактын даярдап откоруунун технолгиясы. «Бийиктик» Бишкек-2011.
  4. Полякова, А.А.  Педагогика. Тесты  и  задания  [Текст] : учеб. пособие  для  студентов  средних специальных учебных заведений  / А.А. Полякова. – Владос, 2004. -159с.

Лекциянын планы

1.   Дидактика жөнүнөдө түшүнүк.

2.   Билим берүүнүн, окутуунун теориясынын пайда болуусу жана өнүгүүсү.

3.   Дидактиканын структурасы

4.   Дидактиканын негизги категориялары

     1.Дидактика жөнүндө түшүнүк.

  Дидактика ( грек. «didaktikos» — үйрөтүү «didasko» —изилдөө ) — педагогиканын бир бөлүгү, билим берүүдөгү көйгөйлүү болгон маселелерди изилдейт. “Дидактика” термини тарбиялоо, билим берүү жана окутуу жөнүндөгү эмгектердин авторлору тарабынан XVII к-дан бери колдонулуп келе жатат.

  Дидактика – окутуунун теориясы, ал  окутуунун мазмунун, ыкмаларын жана уюштуруу формаларын изилдейт.

  Биринчилерден болуп “дидактика” деген терминди илимий жактан немец педагогу Вольфганг Ратке (1571-1635-ж.ж.) “Дидактикадан кыскача баяндама” же

 “Раткенин окутуу искусствосу” -  деген  баяндамаларында жазып чыккан.

Андай кийин дидактиканын өсүшүнө чех элинин улуу педагогу Ян Амос Коменский салым кошкон (1592-1670). Ал өзүнүн «Улуу дидактика» (Амстердам, 1657-ж.) деген эң чоң эмгегин жаратып, өзүнө чейинки болгон алдыңкы идеяларды жыйынтыктап, тарбиялоонун жана окутуунун  практикасына жол салган.

       Бул эмгек Я. А. Коменскийдин эмгек жолундагы эң чоң жетишкендиги болуп саналат. Себеби, мына ушул эмгеги окумуштууга улуулукту, абройлуулукту алып келген. Бүгүнкү күндө дагы «Улуу дидактика» өз сынынан кетпей, дүйнөнү өзгөртүп, аны башка нукка бурган китептердин катарынан орун алып, арадан канча жылдар өтсө дагы, маани-маңызын жоготпой келе жатат. Бул өз учурунда улуу ойчулдун тапкычтыгы, келечекти көрө билгендигинен кабар берет.

      . А. Коменский «Улуу дидактика» эмгегинде окутуунун жалпы теориясындагы көптөгөн суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп, аларга теориялык жана практикалык негизде, терең талкуулоо менен жооп бергенге аракет кылган. Китеп, башка эмгектерден айырмаланып, бир нече бөлүктөрдөн турган киришүү менен башталат. Биринчи бөлүгү дидактиканын коомго тийгизген жакшы жактарына, экинчи бөлүгү жалпы окурмандарга, ал эми үчүнчү бөлүгү жогорку постто турган (өкмөт башчылары, чиркөө башчылары, ректорлор ж. б.) адамдарга кайрылууга арналган. Кийинки бөлүмдөрүндө окутуунун жалпы принциптери кенен берилген. Андан ары барактаган болсок, автор кийинки сөзүн мектеп дисциплиналары, мектептин түзүлүшү, мектепке чейинки тарбия, тилдик билим берүүлөр (эне тили жана башка тилдер) туурасында улаган. Ал эми китептин акыркы бөлүмүн Я. А. Коменский өздүк идеяларды, ойлорду жашоодо ишке ашыруунун шарттарын, жолдорун теориялык жана практикалык жактан көрсөтүп берүүгө арнаган. Ошондой эле автор китебин аяктап жатып, педагогика жалпы илим, аны тек гана окутуучулар, мугалимдер гана билбестен, ата-энелер дагы билүүгө тийиш, ошондо гана натыйжалуу тарбия жана билим берүү процесси жемишин бере тургандыгын баса белгилеп кеткен. «Ар бир бала туура тарбия жана билим алгандан кийин гана бакубат жана өнүккөн өлкөнү түзө алабыз, ал эми бул үчүн, албетте, баарыбызга ийкемдүү, түшүнүктүү болгон педагогика керек…» дейт автор.

...

Скачать:   txt (39.1 Kb)   pdf (214.1 Kb)   docx (25.8 Kb)  
Продолжить читать еще 10 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club