Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Рынок экономикасы

Автор:   •  Май 11, 2019  •  Доклад  •  1,822 Слов (8 Страниц)  •  859 Просмотры

Страница 1 из 8

Туруктуу экономиканын өнүгүүсүнүн жана калктын нормалдуу жашоо деңгээлин камсыз кылуунун негизги стратегиялык факторлорунун бири болуп өнүккөн рынок экономикасынын шартына жооп берген жогорку цивилизациядагы ишкердүүлүктүн катмарын түзүү саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө кичи жана орто ишкердүүлүк тарабынан өндүрүлгөн товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр улуттук дүң продукциянын жана экспорттун көп бөлүгүнүн түзөт, ошондой эле ишкердүүлүктүн бул секторунда үчтөн экиге жакын жумушчу орун топтолгон.

Ишкердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейиши рынокту товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен толтурууга, атаандаштык чөйрөнү жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, өлкөдөгү социалдык чыңалууну жеңилдеттүүгө, илимий – техникалык прогрессти ылдамдаттууга, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө түрткү берүү менен коомдо саясий жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылат. Кичи жана орто ишкердүүлүктүн артыкчылыгы рыноктун суроо жана талаптарындагы өзгөрүүлөргө тез арада ийкемдүүлүк менен жооп кайтаргандыгында. Кичи жана орто ишкердүүлүк рыноктук экономиканын белдүү сектору катарында, учурда өзүн - өзү каржылоо, структууралык өзгөрүү жана өз алдынча өнүгүү үчүн эбегейсиз потенциалга ээ. Бирок, тилеке каршы алардын ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү потенциалдары региондордо толугу менен колдонулбай жатат.

Учурда мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоо аракеттери аз да болсо жүрүүдө, бирок бюджеттин тартыштыгынан, өлкөдө болгон экономикалык  потенциалдын толук колдонулбай жатышынан, рыноктун экономикалык механизмдери толук кандуу иштебей жатышынан кичи жана орто бизнестин өнүгүсүү активтүү нукка түшө албай жатат.

Кичи жана орто ишкердикти алгылыктуу тескеп өнүктүрүү үчүн акыркы жылдары Кыргыз өкмөтү тарабынан экономикалык  потенциалды толук колдонуу жана рыноктун экономикалык механизмдерин өркүндөтүү боюнча бир топ мамлекеттик иш чаралар ишке  ашырылып жатат. Кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги багыттары Өлкөбүздүн региондорун өнүктүрүү стратегиясында, Ишкерлерди мамлекеттик колдоо программасында чагылдырылган.

Бирок, ошого карабастан учурда региондордо ишкердүүлүктүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү чечилбей жатат. Аларды чечүү үчүн региондордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен мыйзамдарды каржылык колдоолорду  жакшыртуу, экономикада рыноктук мамилелерди өнүктүрүү боюнча кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн регионалдык программаларынын натыйжалуулугун көтөрүү, административтик тосколдуктарды жана коррупцияны жоюу керек.

Ишкердүүлүктүн ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү, ишкер экономикалык мамилелердин демилгечиси катарында өзүнүн өнүгүүсү үчүн кошумча иш аракеттерге муктаж эмес. Негизинен бизнести жүргүзүү үчүн стимулдоо – бул рыноктук чөйрөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Бул маселелени чечип берүү үчүн региондордун администрациялары стимулдоонун түз жана кыйыр ыкмаларын колдонушу мүмкүн.

Рынок экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп тургандай  кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү өлкөнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсү үчүн бир канча маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт. Алсак, монополияны чектөө, экономиканын рыноктук структурасын жана атаандаштык чөйрөнү түзүү, рынокту товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен толтуруу, калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу, өлкөбүздүн жана анын региондорунун экономикалык өсүшүн жана салыктын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуу.

Жогоруда белгиленген аргументтер теманы изилдөөнүн теориялык жана практикалык маанисинин деңгээлинин жогору экендигин жана ошондой эле алынган илимий жыйынтыктардын колдонуу потенциалы кеңири экендигин айгинелеп турат. Ошондуктан изилденүүчү теманы актуалдуу деп эсептейбиз.

Илимий изилдөөнүн максаты жана милдеттери. Диссертациялык изилдөөнүн максаты Кыргызстандагы кичи жана орто ишкердиктин регионалдык потенциалынын калыптануу системасынын жана өнүгүү келечегинин теориялык маселелерин жана методикалык негиздерин иштеп чыгууну изилдөөдө.

Коюлган максатка жетүү үчүн изилдөөдө төмөнкү маселелер аныкталды:

- ишкердиктин экономикалык маңызын жана мазмунун тактоо;

- кичи жана орто ишкердиктинрегионалдык потенциалын баалоо;

- кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү саясатынын чет өлкөлүк тажрыйбаларын иликтөө;

...

Скачать:   txt (29.3 Kb)   pdf (198.2 Kb)   docx (15.3 Kb)  
Продолжить читать еще 7 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club