Жергиликтүү экономикалык өнүгүү тармагында кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү
Автор: Numan78 • Январь 7, 2025 • Доклад • 856 Слов (4 Страниц) • 47 Просмотры
Саттаров У.С. – К.Карасаев
атындагы БГУнин ҮАОИнун
окутуучусу
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү тармагында кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү.
Аймактардын туруктуу өнүгүшүн уюштурууда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары маанилүү ролдорду ойношот, алар бар болгон бардык адамык ресурстарды тартуу менен узак убактылуу стратегияларды калыптандырышат. Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү программасы жегиликтүү бийлик, ишканалар жана жергиликтүү калктын ортосундагы өнөктөштүктү оптимизациялоонун куралы катары кызмат кылат.
Кызмат көрсөтүү тармагы үч секторго бөлүнүшү мүмкүн.
Биринчи- рынокту тейлеген кызмат сектору; күнүмдүк операцияларды жүргүзүү үчүн талап кылынган кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар менен фирмаларды камсыздап турат.
Экинчи-кызмат көрсөтүү боюнча атайын ишканалар; алар чакан локалдуу кызмат көрсөтүүлөр – каржы кызмат көрсөтүүлөрдү, телемаркетинг жана франчайзинг. Мындай кызмат көрсөтүүлөр көп учурда жамааттарда көрсөтүлөт. Алардын стратегиясы кызмат көрсөтүүлөргө багытталан экономиканын өнүгүшүнө максатталган.
Үчүнчү кызмат көрсөтүү сектору- жамаатын бардык кызмат көрсөтүү тармагынын аркасында, жамаатка корпорациялардын штаб-квартираларын тартуу ишмердүүлүгү. Корпорациялардын штаб-квартиралары жамааттар үчүн ири жумушчу күчүн сатып алуу эмес, бирок ошондой эле кызмат көрсөтүү рыногун кеңейтүүчү, башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө түзгөн курам катары кабыл алынат. Мындан тышкары алар автоматтуу түрдө жамааттын аброюн жакшыртат, аны башка ишканалар үчүн кызыктуу кылат. Көпчүлүк жамааттардын ою боюнча, акыркы отуз жылдан ашык убакыттан бери жүрүп жаткан глобалдуу экономикалык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында жоголуп кеткен жумуш орундарын кызмат көрсөтүү тармагы толтурат. Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы начарлагандыгына байланыштуу, жамааттар улуттук жана дүйнөлүк экономиканын турмалыгынын таасири астында боло турган болсо, кызмат тармагынын эсебинен экономиканы диверсификациялоо өтө маанилүү.
Кызмат көрсөтүү тармагынын өнүгүшүндө маркетинг чоң роль ойнойт. Ийгиликке жетишүү үчүн жамааттар маркетингке комплексттүү жана башка жамааттар менен атаандашууну эске алып мамиле кылуулары керек. Жаңы жумуш орундарын табуу үчүн Компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн ишканаларын же штаб-квартираларын жайгаштыруу, ишкананын же штаб-квартиранын потенциалдуу жайгашуу ордун көргөн жамааттын аброюн сындоого алат. Жамаатар өз кезегинде, өздөрүн туура жагдайда көрсөткүлөрү келишет.
А бирок, аброй маркетинги жамааттын стилин гана көрсөтөт, качан кызыкдар фирмалар жамаатты көрүүгө келгенде, ал жарнамаланган нерселерди иш жүзүндө көрсөтүш керек.
Көпчүлүк жамаатар кызмат көрсөтүүнүн бардык үч секторун тең өнүктүрүшөт – штаб-квартиралардын ишмердүүлүгүн да, кызмат көрсөтүү тармагынын атыйын курамдарынын ишмердүүлүгүн да, рынокко кызмат көрсөтүүлөрдү да.
Корпарациялардын штаб-квартираларынын ишмердүүлүгү өтө жагымдуу бизнести сунуш кылат, себеби ал аларды тарткан жамааттарга өтө чоң пайда алып келет.
- штаб-квартираларда жумушчу күчү эмгектенет, ал пропорционалдуу анча чоң эмес жогору маяна алган башкаруу,кесиптик жана техникалык персоналдан турат;
- штаб-квартиралар башкы кеңсе үчүн имараттарды курушат же ижарага алышат;
- штаб-квартиралар жергиликтүү фирмалар тарабынан сунушталган ар кыл ишкердик жана кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алышат.
- штаб-квартиралар жамааттарды өнүктүрүү программаларына жана жергиликтүү кайрымдуулук уюмдарына алгылыктуу жана ар дайым кызмат көрсөтүп турушат.
- штаб-квартиралар жамааттын аброюн көтөрөп турушат.
Таң каларлык эмес, корпорациянын штаб-квартираларын тартуу үчүн жамааттар арасында курч атаандаштык жүрөт. Белгилүү бир компаниянын штаб-квартирасын кызыктырып тартуу үчүн атаандашуудан мурун, алгач экономикалык өнүгүү маселелери менен алектенген чиновниктер, бир нече факторлорду эске алышы керек. Экинчиден, ал фирмалар өздөрүнүн штаб-квартираларын кайсы жерде жана эмне себептен ошол жерде жайгаштыргысы келгендигин билүү керек. Үчүнчүдөн алар өздөрүнүн жамааттарынын жагымдуулугун баалоого кудурети жеткен абалда болуш керек. Бул нерсенин бардыгын ички жана тышкы факторлорду кылдат кылдат баалагандан кийин жасоого болот.
...