Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Кыргызстандагы химиялык ондуруш

Автор:   •  Май 14, 2019  •  Доклад  •  1,102 Слов (5 Страниц)  •  11,098 Просмотры

Страница 1 из 5

Кыргызстандагы химиялык өндүрүш

           Химия өнөр жайынын мамлекет , райондордун экономикасын өнүктүрүүдө ролу өтө чоң , машина куруу сыяктуу эле техникалык  прогресстин негизги факторлору болуп эсептелет. Бул тармактын жалпы өнөр жайдын жана транспорттун өнүгүшүндө, дыйканчылыкта түшүмдү көбөйтүүдө, мал чарбасынын продукттуулугун арттырууда мааниси чоң. Химиялыкжол менен алвнгпн продукция натуралдык продуктуларга караганда бышык , өтө арзан экендиги менен айырмаланат. Азыркы учурда Кыргызстанда химия өнөр жайы  анча өнүгө элек , бүл республиканын жалпы экономикасынын өнүгүшүндө бул тармактын үлүшү – 0,5%  дүң продукцияны түзөт. Ошондуктан республикага керектүү химиялык продуктулар жакынкы чет өлкөлөрдөн  ташылып келинет , аларга химия өнөр жайынын негизги тармактары – синтетикалык смолалар жана пластмасса , автопокрышкалар , химия булалар жана жиптер, жер семирткичтер  жана гербициддер , күкүрт кислотасы жана содалар кирет. Ошол эле учурда республиканын өзүндө , химия өнөр жайын өнүктүрүүгө керектүү минералдык жана органикалык сырьелордун чоң запастары бар.

       Республикада химия өнөр жайын өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгы – арзан электр энергиясы, жетиштүү сандагы эмгек ресүрстары , химия продуктуларын талап кылуучу тез өнүгүп жаткан өнөр жай, айыл чарба , курулуш  ж.б. бао. Азыркы учурда республика боюнча  Бишкекте эки – химиялык жана пластмасса буюмдарын чыгаруучу завод , ошондой эле чакан ишканалар иштейт. Алар сырьену тыштан алат , жергиликтүү сырьелор менен ишканалар жок. Негизги чыгарган продукцияларга – жасалма тери , пластмассадан жасалган буюмдар, эмалдар, олиф ,боёктордун түрлөрү ,линолиум , полиэтилен пленкалары ,оюнчуктар ,клейлөөчү ленталар , карандаштар ,дары-дармектер ж.б. кирет.

       Республиканын өнөр жай комплексинин  мындан ары өнүгүшүндө химия өнөр жай тармагы зор роль ойномокчу. Бул үчүн химия өнөр жайы өтө тез ылдамдыкта өнүгүүгө тийиш , алар тармак боюнча жана аймактык жайгашуу боюнча да чоң өзгөрүүлөргө  дуушар болот. Келечекте Бишкектеги химия заводун Беловодск кыштагына ,Бишкектеги пластмассалардан буюм жасоочу заводун Кайыңды шаарчасына которуу максатка ылайык. Бул болсо калкы көп борбордун экологиясын тазалыкта кармоого мүмкүндүк берет. Жергиликтүү сырьелук ресүрстардын негизинде минералдык жер семирткичтерди , синтетикалык материалдарды, пластмасса буюмдарын ,жасалма булаларды, жиптерди жана башка көп нерселерди чыгарууну өздөштүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.

       Азыркы учурда Кыргызстандын шартында химия өнөр жайынын эң приоритеттүү тармагы -жер семирткичтерди өндүрүү болуп саналат. Респүблика керектелүүчү химиялык продуктулардын көлөмү , мааниси боюнча 1-орунда турат. Азот жер семирткичи Россиянын Кемерово ж.б. областтарынан (2500-4000 км), Өзбекстандан , Түштүк Казакстандан алынат. Бул болсо транспорттук көп чыгымды талап кылат,  себеби 500 миң гектардан ашык сугарылуучу жерге норма боюнча дан өсүмдүктөрүнө -4 ц , техникалык өсүмдүктөргө -6,8 ц, жашылча,картошка үчүн -9 центнерден тук талап кылынат, бардыгы болуп жылына 520-550 миң т стандарттык тук ташып келүүгө туура келет. Азыркы экономикалык кризисти, мамлекет аралвк кооперациянын бузулушун эске алсак, бир гана бирок эң туура багыт- Түндүк Кыргызстанга (Чүй өрөөнүнө) азот тугун өндүрүүчү ишкана куруу болуп саналат. Түштүк Кыргызстан убактысынча тукту  Өзбекстан менен Түркмөнстандан алып турса  болот. Чүй өрөөнүнө мамлекеь аралык Джаркак-Бухара-Ташкент-Чимкент-Жамбыл- Бишкек- Алматы газопроводу курулган , ташылып келинген жаратылыш газынын базасында Бишкектин айланасында азот тугун өндүргөн чакан завод курууга болот, анын арзан продукциясын Чүй , Ысык-Көл, Нарын, Талас областтарынын жана Казакстандын коңшу райондорунун чарбалары пайдалана алышат.

     Алыскы перспективада семирткичтер үчүн сырье катары Кара-Кеченин көмүрүн пайдалануу маселеси 1960-жылдан бери айтылып келе жатат.

      Кара-Кеченин көмүрүн иштетүү жолу менен азот жер семирткичин гана эмес , аны тикеден-тике гуминалык семирткич катары пайдаланса да болот. Жаратылышта кычкылдануүнун ( бузулуунун) натыйжасында бир топ учаскасындагы көмүр жагууга жарабайт, составында 50-80%ке чейин гуминалык кислота бар, аны семирткич катары пайдаланса болот, эффективдүүлүгү жагынан комплекстүү минералдык семирткичтерден калышпайт, ал эми өзүнчө турган наокы өтө төмөн.

...

Скачать:   txt (14.4 Kb)   pdf (123.1 Kb)   docx (10.4 Kb)  
Продолжить читать еще 4 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club