Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Пропорцияларга карата маселелер чыгаруу

Автор:   •  Апрель 19, 2020  •  Практическая работа  •  1,153 Слов (5 Страниц)  •  698 Просмотры

Страница 1 из 5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

БАТКЕН  МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

КЫЗЫЛ-КЫЯ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

ПЕДАГОГИКА  ФАКУЛЬТЕТИ

ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ  КАФЕДРАСЫ

Математикалык маселелерди чыгаруунун практикуму предмети

Тема:   “Пропорцияларга карата маселелер чыгаруу”

                

                                   Ага окутуучу Урайымова Гулгакы Мурзалиевна

Кызыл-Кыя – 2020

Тема:  Пропорцияларга карата маселелер чыгаруу

Максаты: Пропорция жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдөө жана пропорциянын  жардамында маселелерди өз алдынча чыгаруу

Сабакта колдонулуучу каражаттар: Персоналдык компьютер, PowerPoint программасында даярдалган презентациялар.

Сабакты өтүү үчүн колдонулуучу методдор: Окутуунун суроо-жооп усулу  колдонулат. Өтүлгөн сабакты бышыктоо үчүн “Жаа атуу” усулу пайдаланылат.

Сабакты түрү : Онлайн сабак

 

Сабакта калыптануучу компетенциялар

  1. Окутуунун  интерактивдүү методдорун жана формаларын колдонуу менен, педагогикалык ишмердигин жүргүзүүгө жөндөмдүү (КК-8);
  2. түзүлгөн жаңы кырдаалды, анын натыйжасын туура баалай билет жана ага ыңгайлаша алат (ИК-5);

Сабактын структурасы жана убакытты пландоо

Сабактын структурасы

Убакыт

1

Уюштуруу моменти (5 мин.).

11-00 – 11-05

2

Мурдагы билимдерди актуалдаштыруу

(10 мин.).

11-05 – 11-15

3

Жаңы теманын материалдарын түшүндүрүү жана бышыктоо  (20мин.).

11-15 – 11-35

4

Өтүлгөн теманы өздөштүрүү деңгээлин аныктоо (5 мин.).

11-35 – 11-40

5

Өз алдынча ишке берилүүчү мисалдар

(5 мин.).

11-40 – 11-45

6

Баалоо жана сабакты жыйынтыктоо (5 мин)

11-45 – 11-50

1. Уюштуруу моменти. Сабакка катышкан студенттерди тактоо, компьютердеги интернетти, презентацияны жүктөө.

2. Мурдагы сабакта өтүлгөн түшүнүктөрдү кайталоо жана  жаңы темага байланышкан негизги түшүнүктөрдү актуалдаштыруу. 

Өтүлгөн  сабактарда каралган бир топ түшүнүктөрдү кайталоо жана аларды бышыктоо үчүн төмөнкү суроолор берилет:

  1.  Эки тело кандай кыймылдарда болушу мумкун?

Жооп: Эки тело  бир багытта, карама-каршы багытта, биринин артынан бири кыймылда болушу мумкун.

2)  Кыймылга карата маселелерде кандай чоңдуктар колдонулат?  

 Жооп:  Кыймылга карата маселелерде төмөнкү чоңдуктар колдонулат: ылдамдык, кыймылдын убактысы, өтүлгөн жол.

3) Эгер эки тело бири бирин көздөй кыймылда болсо, анда алардын жолугушуу ылдамдыгы  эмнеге  барабар?

Жооп: Эгер эки тело бири бирин көздөй кыймылда болсо, анда алардын жолугушуу ылдамдыгы  берилген телолордун ылдамдыктарынын суммасына барабар.

4) Эгер телолордун ылдамдыктары V1 жана V2 ал эми аралыгы

 S болсо, анда алардын жолугушуу убактысын кантип табабыз?  

 Формуласын жазгыла?  Жооп: t=S:(V1+V2)

 5) Эгерде эки тело бири-биринен карама-каршы багытта кыймылда болсо, эки телонун арасындагы аралык эмнеге барабар? Формуласын жазгыла. Жооп:  S=S0+(V1+V2)*t

6) Суунун агымы менен кыймылдаган телонун ылдамдыгы, эмнеге барабар? Жооп: Телонун өздүк ылдамдыгы менен агымдын ылдамдыгынын суммасына барабар. Vсуу агым б-ча=Vөздүк +Vагым

7) Суунун агымына каршы кыймылдаган телонун ылдамдыгы, эмнеге барабар? Жооп: Телонун өздүк ылдамдыгы менен суунун агымынын  ылдамдыгынын айырмасына барабар.

...

Скачать:   txt (14.2 Kb)   pdf (252.6 Kb)   docx (24.2 Kb)  
Продолжить читать еще 4 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club