Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Канаттууларды коргоонун учурдагы көйгөйлөрү

Автор:   •  Март 13, 2022  •  Курсовая работа  •  6,096 Слов (25 Страниц)  •  248 Просмотры

Страница 1 из 25

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ

МИНИСТРЛИГИ

[pic 1]

Кыргыз -Түрк “Манас” университети

Табигый илимдер факультети

Биология  бөлүмү

                                        Зоология предмети боюнча

 

КУРСТУК ИШ

Темасы: “ЫСЫК-КӨЛДҮН ОРНИТОФАУНАСЫНЫНЫН КУРАМЫ ЖАНА ТҮЗҮЛҮШҮ”

Текшерген:   в.и.к., доцент

Нурбек Алдаяров  

Аткарган:  

Гүлмайрам Султанкулова                                                                    


 Курстук иш корголду

 18- май, 2018-жыл.              

  Баасы_________

                                                                               

Бөлүм башчысы:        

Биология илимдеринин доктору,

профессор Курманбекова Г.Т                                                                             ___________________________

“_____”  ___________2018-жыл.

                                            Бишкек-2018

        

МАЗМУНУ

КИРИШҮҮ        5

I БӨЛҮМ.  Адабий талдоо        7

1.1 Канаттуулар дүйнөсү        7

1.2 Кыргызстандын канаттуулар дүйнөсү        12

II БӨЛҮМ. Ысык-Көлдүн географиялык абалы жана аны жердеген, кызыл китепке киргизилген канаттууларынын айрым түлөрүнүн зоологиялык өзгөчөлүктөрү        15

2.1. Ысык-Көлдүн географиясы        15

2.2. Ысык-Көлдүн орнитофаунасы        17

2.3.  Ысык-Көлдүн Кызыл китепке кирген канаттуулары        19

2.4. Ак-Куу (Cygnus сygnus)        21

2.5. Кызыл канат фламинго (Phoenicopterus roseus)        25

2.6. Күмүш  чардак ( Laeus argentatus)        27

III БӨЛҮМ. Канаттууларды коргоонун учурдагы көйгөйлөрү        30

Корутунду        32

Колдонулган адабияттар        33

Интернет  булактары        33


КИРИШҮҮ

Биз бул дүйнөгө келип , жарыкчылыкты  тааныгындан ушул күнгө чейин  жаныбарлар дүйнөсү менен биргеликте  жаратылыш койнунда жашап келе жатабыз. Кайда гана барбагын  жаныбарлардын тигил  же бул түрүн  жолуктурбай кое албайбыз. Албетте токойлордо секирип ойногон  коендор, куйругун түйө качкан түлкүлөр ,  жаш балача кыйкырган чөөлөр,  ак кар көк муз жамынган тоолорубузда жашаган илбирс, маралдар, тоңкулдатып дарактарда отурган  тоңкулдактар, безелене сайраган мукам үндөрү менен адамды ырахатка бөлөгөн куштар жана башкалар  булардын баары өзүнчө өзгөчөлүккө жана мааниге ээ. Алар атайын изилдөөчүлөр, аңчылар үчүн гана кызыктуу болбостон дегеле адам баласынын жашоосунда орду чоң . Мисалы эл- чарбачылыгында, айыл жана токой иштерин жүргүзүүдө өтө маанилүү.

Бирок тилеке каршы  азыркы учурда биздин жаныбарларга болгон мамилебиз өтө эле одоно десем болот. Мындай мамилебизден улам алардын экологиялык жактан бузулуп , талкаланып , кайсы бирилери  тукум курут болуп же ошонун чегине жакындап калганы  аябай өкүндүрөт. Адепсиз,  аёсуз, иретсиз аңчылыктын кесепетинен жана аркандай экологиялык бузулуулардын себебинен жаныбарлар жок болуп кетүүдө. Албетте алардын  жок болбой сакталып  калышы  биздин колубузда.

  Актуалдуулугу.  Канаттуулар жаратылыш байлыктарынын олуттуу бир тармагын түзүшөт.  Алар көпчүлүгүнүн айыл жана токой чарбачылыгына зыян келтирген ар түрдүү курт-кумурскаларды жоготууда эбегейсиз зор пайдасы бар. Бул жагынан алардын келтирген пайдасын химиялык жол менен жүргүзүлгөн күрөштөрдүн эч кандайына салыштырууга болбойт. Ошол себептүү азыркы мезгилде айыл чарба жана токой зыянкечтери менен  күрөшүүдө химиялык колдонмолорду мүмкүн болушунча аз пайдаланылып, аны колдон келишинче чектөө жана четтетүү максатында биологиялык жолдордун, башкача айтканда зыянкечтерди жоготууда ,  алардын өз душмандарын, көбүнчө канаттууларды пайдалана билүүнү колдонуу. Жоголуп бара  жаткан канаттуулардын санын көбөйтүү.

...

Скачать:   txt (74.3 Kb)   pdf (874.2 Kb)   docx (1.1 Mb)  
Продолжить читать еще 24 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club