Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Чоң казат

Автор:   •  Сентябрь 30, 2022  •  Доклад  •  3,274 Слов (14 Страниц)  •  280 Просмотры

Страница 1 из 14

Чоң казат

Көкөтөйдүн ашында Манаска нааразы бир топ кыргыз кандары чатак чыгара турган болушканда, Кошой: «аш тарасын, койгула!» деп тыйып койгон болот. Аш тараган соң, чогулуп Кошойго барышат. Бирок Кошой аларга болушуудан баш тартат. Кандар өзүлөрүнчө кеңешип: «же конокко кел, же конокко барабыз, күтүп ал» деп Манаска кат жазышат. Манас кандарга: «кырк күндөн калбай келгиле!» деп өкүм айтат. Көп эл болуп келген кандар «эмне максат менен келдиңер?» деген Манастын суроосуна жооп таба албай, «жортуулга ээрчитип бар» дешет. Манас кытай кандарынын кордугу өтүп кеткенин айтып, «каршы барып, мизин кайтаралы» дейт. Уккандар каршы боло албай макул болушат. Ошентип «Чоң чабуул» башталат.

Кыргыздардын аскер кошунуна кан болуп алгач Бакай дайындалат. Манас кошундун уюткулуу, чың болушун көздөп: «Бээжинге баргысы келбегендер ушу бүгүн кайтсын. Санактан өткөн соң, ыргылжың болчулар болбосун!» деп жардык айттырат. Муну угуп, кошуундагы элдин көбү үйлөрүнө кайтып кете турган болот. Ошондо Манас жоо кийимдерин кийип, кырк чоросун ээрчитип алып, элди аралайт. Манас-тын баатырдык айбат-сүрүн, келбетин көргөн эл жанданып, кубат алышып, баарысы ал кайда баштаса, кошо бармак болушат.

Эртеси жолго чыгып, Манас кырк чоросу менен Каныкейдин айылына кайрылат. Аябай конок болушкан соң, Каныкей отуз-кырк балбанга бир чоң куржун көтөртүп келип, ортого койдурат. Ал Манастын жана анын чоролорунун узак сапарга аттанарын билип, мурдатан эле ар бири үчүн бир сыйра жайкы жана кыштык жөн кийим, жоо кийимдерин даярдаткан. Өзү башында болуп, көпчүлүгүн өзү жасаган. Кирдегенде алмаштырарлык ич кийимдерин он эки сыйрадан, жалаң бут калбасын деп бут кийимдерин, жараланганда дарылансын деп укмуш бир дарыларды, күлазык, аттары үчүн мээр чөп даярдаган. Кырк чоро үчүн даярдаган ат жабдыктары кырк бууданга токулуп, жүгөндөлүп, калган камылгасы куржундун ичинде. Каныкейге баары абдан ыраазы болушат.

Каныкей узак жолдо жалгыз эле деп Манасты Алмамбетке табыштайт. Өзү андан бетер жалгыз экени эсине түшүп, Алмамбеттин көңүлү чөгө түшөт. Арууке күйөөсүнүн көңүлүн көтөрүп, кош бойлуу экенин айтат. Баатырлар андан ары жөнөп, тез эле кошуунга жете барышат.

Кошуунда тартип жоктугун, минтип отурса Бээжинге жетпей эле тарап кетерин Алмамбет Манаска айтып, «руксат берсең, кайра кетемин!» деп чыгат. Жүйөлү сөзгө жыгылган Манас кошун башчылыгына эми Алмамбетти дайындайт. Ал кандыкты колдун эсебин алуудан баштап, талапты катуу коёт. Кол токсон күн тынбай жол жүрмөк болот. Болжогон жерден кол эсеби алынып, эгер ондуктан же жүздүктөн бир эле кишинин орду жок болсо, башчысы өлүмгө буюрулары айрыкча эскертилет.

Кырк күнү тынбай жол жүрүшөт. Кырк биринчи күнү Кыргыл чалдын шайы ооп, онбашы Бозуулга арызданат. Бозуул укпайт. Анда Кыргыл: «мен Манаска барчумун» деп жөнөп калат. «Жоголуп кетип, балээге калбайлы» деп Бозуул тогуз адамын алдына салып, анын артынан жөнөйт.

Кыргыл чал Манасты таап, арызга отурат. Аны жайкап узатып жиберген соң, Алмамбетти таап Манас: «Бир аз өргүү кылсак кантет, элдин шайманы бошогондой. Кыргыл чал да арызданып келиптир» – дейт. Анда Алмамбет: «Колдун каны сенсиңби же менминби?! Карыяңа шылтоолоп, кебетеси өзүңдүн шайың кетип, кайышкан өңдөнөсүң!» – деп ачууланып бир тиет. Андан бөлөк сөз айтпай, Алмамбет бурулуп бастырып кетет. Манас: «Кудай бардыр, Кыргылдын тилин алам деп шагым жаман сынды!» – деп кыжынып, артта кала берет.

Алмамбет дүрбү салып караса, элдин чындап эле чамасы чак экен. «Эми жүрсөм болбос, кол кырылып кетер» деп доол кагып, өргүү жарыялайт. Анын кеңеши менен алгач аттарын жайгаштырып, баары уйкуга киришет.

Алмамбет чалгынга барып, кытайлардын Кууөрдөк, Аккулжа, Мурадыл өңдүү кароолчуларын камынтпай бассам деп ойлойт. Бирок Кууөрдөк Алмамбет жакындагыча эле учуп кетет, Кууөрдөктү көрүп, Аккулжа качат, Мурадыл Коңурбайды көздөй шашат. Аргасыз өкүнүп, Алмамбет кайра артка тартат.

Күндү жайлап, Алмамбет Уркун дарыясынын тартылышын камсыз кылат. Кол бүт аман-эсен аркы өйүзгө өтөт. Эс алышкандан кийин Алмамбет колдун эсебин алат. Бүт түгөл болуп, бир гана онбашы Тазбайматтын он кишисинен бир киши жетпей калат. Кан жардыгына ылайык онбашы Тазбаймат өлтүрүлө турган болот. Тазбаймат: «Башында эле тогуз болчу, өзүм менен онмун го дегем» деп жанталашат. Желдеттер Тазбайматты өлүмгө алып жөнөшөт. Ошондо Серек тура калып: «Ой, токтогулачы, Манас эсепке кирип жүрбөсүн, карагылачы тизмени!» дейт. Карашса, чын эле Тазбайматтын жоготкон адамы Манас экен. Ошондо Манас: «Улук кишим сен болсоң, унуткан кишиң мен болсом, онбашы ойрон сен болсоң, оюңда жогуң мен болсом. Серекти «коё тур» деп сени өлтүрүп, анан тизмени карабай» деп солкулдап күлгөндө, баары күлүп калышат.

...

Скачать:   txt (46.5 Kb)   pdf (121.2 Kb)   docx (33.9 Kb)  
Продолжить читать еще 13 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club