Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Масс-медиа ж-а гендердик проблема

Автор:   •  Июнь 2, 2023  •  Реферат  •  3,142 Слов (13 Страниц)  •  115 Просмотры

Страница 1 из 13

                                                 Кыргыз-Түрк «Манас» университеси

                                                      Коммуникация факультети

                                          Радио, Телевидение жана Киноискусство        

                                       МАСС-МЕДИА Ж-А ГЕНДЕРДИК ПРОБЛЕМА                                             

                                           Тахмина Сатканкулова студент. 4-курс

Аннотоция: Макалада бүгүнкү күндө гендердик мамилени колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү активдүү талкууланууда, уландар менен кыздарга гендердик билим берүүнүн моделдери каралып, аларды социалдык жана үй-бүлөлүк тарбияда колдонуунун перспективалары талданууда. Гендер жана тарбия түшүнүгү, анын ичинде гендер түшүнүгүнүн тарбия түшүнүгүнө тийгизген жана анын калыптанышына таасир эткен факторлор, анын мааниси жана  ролу баяндалат.
       

Негизги сөздөр: |гендер, тарбия, үй-бүлө, тарых, стереотип, психология, роль. |

                                                      Тарбия жана гендер

Бала үйдө эмнени көрсө, ошону жасайт

Ата- эне ага үлгү

Ким аялы жана балдарынын жанында орой болсо

Кимдин тили бузук болсо(сөгүнсө)

Эсинде болсун, эки эсе артка алат

Аларга үйрөткөн нерселерин (С.БРЕНТ)

      Орто кылымдагы акындын бул поэмасы азыркы үй-бүлөдөгү тарбияны абдан ачык мүнөздөйт. Макал бар эмеспи «уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың».  Инсанды калыптандырууда үй-бүлөнүн ролу көз карандылык менен аныкталат: кандай үй-бүлө – анда ушундай адам өсөт.  Үй-бүлө менен бала бири-биринин күзгүдөй элеси. Балдарды тарбиялоо өңдүү маанилүү темага кадам коюудан мурун «тарбия» сөзүнүн лексикалык маанисин билүү зарыл. Араб тилиндеги «Тарбия» сөзү «Рабб» деген сөздөн алынган, ал «багуу», «өстүрүүү» деген маанини билдирет. «Тарбия» сөзүнүн башка маанилери дагы бар: мисалы, өз балдарын бийиктикке көтөрүү, мейли ал бийиктик дүйнөлүк болсун же диний болсун. «Тарбия» сөзүнүн дагы бир мааниси: бакчачы жана багбан сыяктуу бак-даракты кесип-түздөп жана анын өскөн жерин жумшартып, коздоо жана курттардан коргоо. Англис тилинде «тарбия» деген сөз үчүн Caltivation  (өстүрүү) деген сөз колдонулат. «Тарбия» сөзү «далысын таптоо» деген маанини дагы туюнтат. Үстүртөн эле караганда, ушул маани балдарды тарбиялоого туура келбейт, бирок эгер тереңдеп изилдеп көрсөк, ата-энелерге балдарыңарды тарбиялоодо катуу болбогула, жумшактык, сылыктык жана мээримдүүлүк, жана алардын далысын таптоо жолу менен аларга иш кылдыргыла деп түшүндүрүлгөн. «Тарбия» сөзү өстүрүү деген маанини да билдирет.[1]

    Мамлекет үй-бүлөдөн куралат. Мамлекеттин күчтүү болуусу да мына ошол үй-бүлөдөн, анын ичиндеги тарбиядан көз каранды. Тарбия берүүдө үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ар кандай гендердик өзгөчөлүктөр калыптанып, эркек деген күчтүү болот, ал үйдүн кожоюну, ал эми кыз деген назик болуусу керек, бирөөнүн келини болот деген сыяктуу бир катар таңуулоо менен тарбия берилип келет.

Учурда илимде жана коомдо гана эмес, бардык антропологиялык илимдерде гендер маселесине чоң маани берилип жатат.  Ошого карабастан, предметтик өзгөчөлүктөр сакталып калган: аялдар менен эркектердин жеке сапаттары жана өзгөчөлүктөрү талкууланат;  социологдор гендердик жөнгө салуу, коомдун гендердик стратификациясы, эмгекти гендердик бөлүштүрүү жана башка кызматтар жөнүндө көп айтышат;  педагогикада гендердик билим берүү, гендердик социология ж.б. маселелери каралууда.

 «Гендер» түшүнүгү жыныстын коомдук түзүлүшүн билдирет.  «Гендер коомдун эркек жана аял болуп бөлүнүшү коомдук турмуштун натыйжасы экендигин көрсөтөт» деп гендер түшүнүгүн социалдык көз караштан карайт [2;  68]

Гендер эркектер менен аялдардын ортосундагы айырма сыяктуу социалдык мазмунга ээ.  Бул эркектер менен аялдардын ортосундагы коомдук мамилелерди билдирет.  Гендердик социология – бул адамдын өзүнүн гендердик ролун өздөштүрүү процесси.  Бул процесс аркылуу социалдык этикеттин нормаларын, гендердик баалуулуктарды жана "эркек" жана "аял" түшүнүгүнө ылайык керектөөлөрдү үйрөнүүгө болот. Бүгүнкү күндө “гендер” деген түшүнүк баарыбызга көп уккан тааныш сөзгө айланды.  Азыр биз, бул түшүнүк аялдардын көйгөйүнө байланыштуу экенин түшүнөбүз.  Бул түшүнүктү тереңирээк карай турган болсок, “гендердик” тең салмактуулукту тең салмактаган саясатты камтыйт.  Демек, тең салмактуулуктун өлчөөсү – адам.  Аял эркектен кем болбошу керек.  Андыктан, эркектерге жүктөлгөн бардык иштердин ичинен аялдарды калтырбашыбыз керек.

...

Скачать:   txt (38.5 Kb)   pdf (158.8 Kb)   docx (302.9 Kb)  
Продолжить читать еще 12 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club