Адам ысымы –бул тагдыр
Автор: alltywka01 • Май 17, 2018 • Реферат • 953 Слов (4 Страниц) • 1,078 Просмотры
Адам ысымы –бул тагдыр
Байыркы Орхон- Эне Сай таш эстеликтериндеги Гүл-Тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сурөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң,уулдары кул болуп,түрктүн мыйзамдары унутулуп,балдарынын аты кытайлашып "иниси агасын билбес, баласы атасын билбес"ахыбалга жеткен экен. Мына ушул маңкурттук абалды түрктүн мыктылары учурунда түрк улутунун өлүмү катары баалаптыр.
"Түрк эли мындан көрө өзүбүздү өзүбүз өлтүрөлү, уруксуз бололу"
(Гүл тегин эстелиги:чоң жазуу)
[Ата-эне балага канчалык кымбат, канчалык ысык болсо, балага ата-эне да ошончолук ысык. Ар бир ата-эне өз баласын кандай сүйсө, баласынын атына да ошончолук урмат менен мамиле жасайт жана перзентининин атын жүрөгүнүн тереңинде бапестеп сактайт. Элдик салт-санаага таянуу менен баласына жакшы ат берүүгө аракеттенет.Бала жарык дүйнөгө келгенден кийин биринчи ата-эне, Мекен деген түшүнүктөрдүн курчамында калат. Ата-энесинен, коомчулуктан биринчи белек алат. Ал белек –анын ысмы. Наристеге ысым коюуда ата-эненин чексиз үмүтү, баладан күткөн келечек максаты жатат,башка бир сөз менен айтканда, баланын атында ата-энелерибиздин тунук жана ыйык сезимдери уялаган.
Балага ат коюу ата-эненин эркиндеги иш. Анткени менен бул ишти жөндөөчү жалпы жоболор,эрежелер, элдик этика менен эстетика сыяктуу толгон- токой нормалар,талаптар бар. Жазуучу А.Камаловдун "Ат кою"( "Байчечейкей",1979,№9,7-б) деген аңгемесинде жаңы төрөгөн келин наристесине ат тандап келүүнү күйөөсөнөн өтүнөт.. Жигит бир топ ойлонуп,бирге иштегендер менен кеңешип, аягында Эврик деген атты тандайт. Бирок бул ат келинге да, баланын атын документке толтурган аялга да жакпайт. Ошондо ал:" Кантсе да ат коюунун өзүнчө, билинбес эрежелери бар тура" деген жыйынтыкка келет. Ооба балага ат коюу оңой-олтоң, тез арада эле чечилип калуучу иш эмес.Бул ишти,жоопкерчилик милдетти, учур талабын кылдат сезген кишиге гана тапшыруу керек. Ушул тапта балага Иттуйбас, Дадаңкүл,Сөлпүк, Сасык деген ат коюш күлкү гана келтирет. Себеби мындай аттар коюлган заман артта калды. Демек, балага ат коюда,маданият,этика,педагогикалык талаптар менен кошо учурдун да талабы бар экендигин көрөбүз.
Кыргыз элинде ата-бабаларыбыздан бизге өтүп, дагы биздин урпактарыбызда да жашай бере турган көп салттар бар. Ал салттардын бири-туулган наристеге ат коюу. Балага ат коюу-жооптуу жана ардактуу иш, анда тарбиянын башаты катылган.
Энчилүү ат коюу салты өзүнүн алгачкы пайда болгон учурунда эле элдин ар кандай салт-санаасы менен байланышта болгон жана азыр да байланышта. Бул анын этнографиялык жагын жана азыр да байланышта. Бул анын этнографиялык жагын жана улуттукпсихология, өз кезегинде улуттук психология ат тандоонун мотивдери менен байланышта экендигин көрсөтөт. Байыркы түрк калктарында, ошондой эле азыркы түрк элдери менен кошо кыргыздарда балага ат коюу анын келечегине байланыштуу деп эсептөө салты бар. Мындай салт элдин педагогикасыжана психологиясы менен байланышкан. Дал мына ошол себептен ата-энеси койгон атты терең урматтоо менен алып жүрүү-бала үчүн чоң жоопкерчилик. Баланын аты ата-эненин, ошону менен бирге эл байлыгы, демек тил байлыгы да болуп саналат. Ал эми эне тилдин ээси-эл. Элдин эң зор бактылуу,тугөнгүс табылгаларынын бири-тил. Тилди түбөлүктүү кылып, экинчи өмүр берип турган жагы-анын жазуусу. Ошентип, тил жана эл тарыхы менен дайыма тыгыз байланышта болуп, тынымсыз эл кызматын өтөп келе жатка,эң элеыйык байлык-адам аттары. Алардын ар бири өзүнчө көп нерседен кабар берип турган эстелик, чоң казына, ата-бабаларыбыздан бизге жеткен жана келечек муундарга кала турган маданий кенч.
Кыргыз адам аттарынын бир өзгөчөлүгү-алардын "оперативдүүлүгү", башкача айтканда, турмушта болгон окуялардын бат эле балдардын аттарына чагылдырылышында. Мисалы, адам космосто уча баштаганда эле ошол илимий-техникалык прогресске байланыштуу балдарга Космос, Космосбек, Космосгүл сыяктуу ысымдардыныйгарылгандыгын учуратабыз.
Кыргыз эли эчен түрдүү татаал доорлорду, тарыхый жолдорду басып өттү, ошого жарашаша алардын айлана чөйрөгө, турмушка карата көз карашы, ой жүгүртүүлөрү, эңсөөлөрдү да өзгөрдү. Алар айрым шарттарда башка эдер менен жанаша жана айрым учурда биргелешип, достукта жашоого туура келди. Ага байланыштуу достук, бир туугандык сезимди туудурган аттар пайда болду. Алар төмөнкүлөр: Дос (Досалы, Досбай, Досберген,Досболот, Доскул, Досмат, Досмурат), Жолдош (Жолдошалы, Жолдошбай, Жолдошбек) Дагы бир атка токтолуп кетууну туура кордум. СССР учурунда элдердин достугу чыналып, маданияты өскөн сайын чет өлкөлөр менен болгон достук байланыштары өсүүдө. Мындай абал интернационалдык достук байланыштары өсүүдө. Мындай абал интернационалдык достук антропонимдердин жаралышына түрткү болууда.
...