«МАНАС» эпосунун кыскача сюжети
Автор: A.Beks • Апрель 26, 2023 • Контрольная работа • 14,331 Слов (58 Страниц) • 777 Просмотры
«МАНАС» эпосунун кыскача сюжети
-1-
Манастын чон атасы Орозду кезегинде ак калпак Кыргыз журтуна башчы болгон, өз элин канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей жоодон коргогон эр жүрөк баатыр болгон. Анжыяндын боз талаасынан Манаска жолуккан ак сакал карыяанын чоң атасы Ороздуга мындайча мүнѳздѳмѳ берет:
Орозду эле чоң атаң,
Ага бет алган душман сойлогон,
Кылымга кеткен атагы.
Кытайдын четин четтеген,
Кызыгышкан душманды
Кыйратып атаң орттѳгѳн
Атаң Ороздунун барында
Ала-Тоону жайлаткан,
Эшигинин алдында
Жүздѳн тулпар байлаткан.
Бет алыша келгенде
Душмандын шорун кайнаткан
Орозду акең барында,
Басташкан жоодон качпаган,
Ушу кыргыз журтуңду
Ата болуп сактаган.
Мына ушул Орозду баатыр мезгили жетип, кѳрѳѳр күнү ичеер суусу түгѳнүп, бир күнү дүйнѳдѳн ѳтѳт. Калкына калканч болгон баатырдын көзү өтүп, кыргыздын таянган тоосу жыгылганда тышкы душмандар башын көтөрө баштайт. Кытайдын Алооке аттуу ханы жер жайнаган күчтүү аскери менен Ала-Тоону кара таандай каптап, кыргыздын кереге-уугун кыйратып, келин-кызын ыйлатып, катуудан казанын талкалап, жумшактан күлүн көккө сапырып, тополоӊун тоз кылып, кандуу кыргын салат. Ак калпак журттун башына түн түшүп, «карагай ыйлап, тал ыйлап, каргылданып чал ыйлап, калайыктын баары ыйлап», таланган, тонолгон, эл туш-тушка чачылып, Ата конушунан ажырап, бирөө кетип Алтайга, бирөө тентип Каӊгайга, бирөө тентип Эренге, бирөө түшүп кетет тереӊге.
Нойгуттардын Акбалта баатыры жана Ороздунун уулу Жакып баштаган кыргыздардын бир бөлүгү алыскы Алтайга айдалып барат да, ошол жерге байырлап, бара-бара орун-очок алып туруп калышат. Аштык айдап, дыйканчылык кылышып, акырындан оокат- турмуштары оӊолуп, кадимкидей тыӊып кетишет. Өрүшүнө мал толуп, оросуна дан толуп, Жакып өзгөчө байыйт. Бирок ошондо, Жакыптын бир арманы бар эле. Канчалык Кудайга жалбарып, зарыкса да балалуу болбойт. Тукумсуз кандай өтөмүн, туяксыз кантип кетемин, деп ар дайым сарсанаага батат. Мына ошентип, «белге таӊар бүлө жок, айбалтаны ким аштайт, калыӊ журтту ким баштайт», деп арман кылып жүргөн учурда, Жакып бир күнү капысынан түш көрөт. Түшүндө куйрук-башы жаркылдаган, тырмагы болот канжардай, укмуштуу алгыр кушту кармап алат. Жакып түшүн айтканда, тегерегиндегилер кудай буюрса, эркек балалуу болот экенсиӊ, дешип жакшылыкка жорушат. Ошентип, көргөн түш туура келип, акыры алыскы Алтайда Жакыптын үйүндө Манас төрөлөт.
Манас энесинин ичинен жерге түшкөндө, салмагы он бештеги баладай болуп, аялдар ормолго ороюн десе, колу-бутун ээ бербей сууруп алып, үч карын май менен оозанып, болкулдата соргондо, Чыйырдынын эмчегинен кан чыга түшөт. Алп баланын арстандай түрүн көрүп, туулган наристенин болочогун болжолдоп, Акбалта аксакал Жакыпка: «Ушул балаӊ чоӊойсо, сени беките турган бел болор, керише келген душмандан сенин кегинди алар эр болор, Жакып, сенин үзүлгөнүӊ уланат, чачылганыӊ жыйылат», -деп барбалаӊдап абыдан кубанат.
Айткандай эле, чоӊ атасы Ороздуну тартып, Манас бала күнүнөн акылдуу, эч нерседен жалтанбаган, кандан, бектен кайра тартпаган кашкөй, тентек жана баатыр чыгат. Ченде жок тентектигинен улам «Чоң жинди»,-деп да атыгат. Айылдаш, канатташ жашаган калмак, манжуулардын балдарынан «тентип келген бурут, буруттун балдарын чуркуратып курут», деген кордогон, тенсинбеген, басынткан, жатсынткан сөздөрдү угат. Манас бала да болсо, тентиген дегени кандай, мен ким болом, кайдан келгенбиз, элибиз, жерибиз кайда? деген сыяктуу суроолордун тегерегинде ой чуркатпай кое албайт. Сегиз жашка келгенде кырк үйдөн кырк бала топтоп, калмак, кытай, манжуунун сексен баласын токмоктоп, чилдей таратат. Манас кыргызга ким душман, ким дос экенин эртелеп тааныйт. Он эки жашка чыкканда Айманбоз деген ат минип, ок өтпөгөн тон кийип, жаш жолборстой чамынып, жоого аттанат. Калмак, кытайдын чоӊ Бээжиндеги падышасы Эсендин көздөй адамымын, кыргыз аттууну чабам, жылкысын тием, бала Манасын байлап кетем, деп жети жүздөй кол менен каарданып каптап келген кара калмак, манжуунун Кочку баатыры менен бала Манас биринчи жолу беттешет. Айманбоз минген алп бала кабыландай качырып келип, сыр найза менен коюп өткөндө, тоодой болгон чон Кочку «үзөнгүдөн бут тайып, ээрден көчүк кылтайып», атынан кулап түшѳт. Айланасына бүлк салып, дүрбѳлѳң түшүргѳн кармаган жеринен кан чыгарган, каарынан жан чыгарган баласынын ченде жок тентектигинен, ѳкүмдүгүнѳн, ѳлѳрүнѳ карабаган ѳрттүгүнѳн чочулап, Жакып азганактай журт элек, калмак, кытайдын каарына калып жүрбѳйбү,келин кыздарыбызды ыйлатып, кереге уугубузду кыйратып, кайрадан түбүбүзгѳ жетип жүрбѳсүн, деп тынчы кетип, катуу сарсанаа болот.Жакып баласына ачууланып: «Жалгыз уулум Манасым каарды катуу баштадың, кайран түн, мүкүл чыр салып, Кочкуну союп таштадың, калың каздың орумду, кайнатмак болдуң шорумду, ордолуу журтка катылып, чечтирмек болду тонумду»,-деп жер тепкилеп чыйпыйы чыгат. Ал эми Акбалта аксакал менен акылман Чыйырды болсо алысты ойлонуштуруп, Орозду чоң атасы сыяктуу Манас эл-жерин коргой турган кѳкжал шер болоруна, арстандай түрү бар, ажыдаардай сүрү бар, кызыл ѳрт экендигине ичтеринен кудуңдашып, анын келечегине зор ишеним менен карашып, Жакыпка акыл кеңештерин айтышып, санаага батпай сабырдуу болгонуң оң дешет. Чыйырды байбиченин Жакыпка айткан сѳзү:
...