Чакан жана орто ишканалардын проблемалары
Автор: jenishgul97 • Апрель 8, 2018 • Реферат • 4,067 Слов (17 Страниц) • 1,664 Просмотры
[pic 1][pic 2]
[pic 3]
Чакан жана орто ишканалардын проблемалары |
Аткарган:Женишгул Суйорбек кызы Текшерген:Турусбек Асанов |
Кыргыз-Турк Манас Университети Экономика жана башкаруу факультети Финансы жана кредит болуму |
02.05.2017 |
Мазмуну
1.Чакан жана орто ишкердиктин экономикадагы орду 1
2.Чакан жана орто ишканаларды уюштуруу жана ага таасир эткен факторлор 4
3. Кичи ишкердикти өнүктүрүүдөгү негизги багыттар 7
Корутунду жана сунуштар 10
1.Чакан жана орто ишкердиктин экономикадагы орду
Ар кандай рыноктук экономикада чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) абдан маанилүү ролду ойношот. Кыргызстандагы чакан жана орто ишкедик экономикадагы болуп жаткан озгоруулордун катализатору катары каралат. Ишкерлердин кутуулору жана кабыл алуулары убакыттын отушу менен озгоруп турат Чакан жана орто ишкердик суроо-талапка болгон ийкемдуулугу,ресуртарды туура пайдалануунун натыйжасы менен экономикага олуттуу таасир эте алат.Чакан жана орто ишкерлик экономикалык прогресстин кыймылдаткычы болуп саналат. Анча коп эмес каражат менен иш баштоо мумкунчулугу,ийкемдуулугу жана адаптивдуу боло алуу мумкунчулугу -чакан жана орто ишкердиктин негизги артыкчылыгы. Биздин өлкөдө жеке менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген жана ал жеке ишкерликти өнүктүрүү боюнча негизги ролду ойнойт. Негизинен экономикалык кризистен чыгуу, элдин жашоо денгээлинин өсүшү, ар бир үй-бүлөнун,ар бир кыргыз жаранынын жашоо шартынын абалы биздин ишкерлердин активдуулугунон,ишмердуулугунон коз каранды болуп эсептелет. Учурда,биздин өлкөдө 12 минден ашуун чакан жана орто ишканалар бар. Чакан жана орто бизнестин кызматкерлеринин жалпы саны 417.3 минди түзөт. (дыйкан / чарбада иштеген адамдарды эске албаганда).Чакан жана орто ишканалар тарабынан өндүрүлгөн өнөр жай азыктарынын көлөмү 1828,8 млн. сомду тузот. Ондүрулгон продукциянын көпчүлүгү экономиканын айыл чарба секторуна келип тушот (республиканын жалпы көлөмүнүн 60,8%).Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында 1991-2013 -ж. аралыгында чакан жана орто ишканалардын санынын өсүшү байкалган (табл. 1).
[pic 4]
[pic 5]
[pic 6]
Кээ бир оң өзгөрүүлөр болгонуна карабастан, чакан жана орто ишкердиктин өсүшүно олуттуу кыйынчылыктар туш келет.Алар: чакан жана орто ишкердиктин мыйзам базасынын туруксуздукту, салык тарабынан кысымдар жана салык системасынын өтө татаалдыгы, баштапкы капиталдын жоктугу, банктардан насыя алуунун татаалдыгын, квалификациялуу кызматкерлер бухгалтер, эксперт-консультанттардын,менеджерлердин жоктугу,мекеме- жайларды алуунун татаалдыгы жана өтө жогорку ижара акысын талап кылуусу, лизинг кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүкторунун чектелгендиги жана башкалар. Чакан ишканалар үчүн өнүктүрүү аракеттери жана материалдык колдоо жетишсиз болуп баратат. Кыргызстандагы чакан жана орто ишкердиктин келечеги жогоруда саналып өткөн көйгөйлөрдүн чечилишинен көз каранды.Бул маселелердин чечилиши менен экономикалык реформага жана социалдык ,экономикалык маселелердин чечилишине таасир тийгизууго болот. Чакан жана орто ишкердиктин онугуу тенденциясына биринчи кезекте олкодогу саясат, кризисти калыбына келтирүү аракеттери жана жаңы кызматташтык мамилелерди түзүү чон таасир этет.
Ишкердиктин активдүүлүгүн күчөтүүгө же басаңдатууга тышкы чөйрөнүн дагы тийгизген таасири кыйла олуттуу. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде ички жана тышкы олуттуу факторлорду, эң алды менен экономика секторлорунун, жеринин өзгөчөлүгүн, географиялык абалын, калкынын улуттук, тарыхый өнүгүү жолунун, калыптанган үрп-адатын, ошондой эле чет өлкөлүк бай тажрыйбаны толук эске алуунун нугунда ишкердиктин мындай түрүн жөнгө салуу зарыл. Кичи ишканалардын өндүрүштүн салыштырма салмагы ички дун продукцияга карата 2000-жылы 70% дан 2015-жылдын башына 86,4%га чейин өстү, анын ичинен кичи жана орто ишкердиктин салыштырма салмагы ИДПга карата 31% дан 43,6%га чейин өстү тийиштүү түрдө. Айыл чарба жана кызмат көрсөтүү экономикасында жекече сектор басымдуулук кылат өндүрүштүн жана кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүнөн 90% дан жогору, ал эми өнөр жайында болсо 20% дан жогору. Кичи субъектилеринин 90% дан көбүрөөгү айыл чарбасында, кызмат көрсөтүүдө, соодада жана жеңил өнөр жайында топтолгон, жумушка жөндөмдүү калктын санынан ашкан жумушчу орундарын жана өздүк иш кылууну камсыз кылат.
...