Каармандардын типтери. М.Байжиевдин чыгармаларындагы инсан концепциясы
Автор: Bek47 • Май 14, 2021 • Контрольная работа • 11,561 Слов (47 Страниц) • 2,605 Просмотры
“ Кыргыз тилинин жана адабиятынын практикалык курсу"дисциплинасы боюнча мамлекеттик аттестациялык сынактын суроолору, дарстары
М.Байжиевдин “Ар бир үйдө майрам” драмасы
Драманын интригасы. Драмадагы сюжеттик линиялар. Сюжеттик линияларда көтөрүлгөн нравалык принциптер. Каармандардын типтери. М.Байжиевдин чыгармаларындагы инсан концепциясы.
Дарс боюнча тест
1. “Ар бир үйдө майрам” драмасындагы негизги тема
а) дарт –ден соолук
б) жакшылык – жамандык
в) майрам – күнүмдүк турмуш
2. “Ар бир үйдө майрам” драмасынын каармандары
а) Азат Султанович, Даир Мусаевич, Мадина, Сарман
б) Азат Султанович, Даир Мусаевич, Мадина, Самат
в) Азат Султанович, Мадинанын апасы, Мадина, Самат
3. “Ар бир үйдө майрам” драмасында канча сюжеттик линия бар?
а) 4
б) 3
в) 2
4. М.Байжиевдин чыгармаларындагы каармандардын типтери
а) күжүрмөн каарман, чындыкты издеген каарман, сенектик жылдардын курмандыгы
б) сенектик жылдардын курмандыгы, эмгекчил каарман, романтикалуу каарман
в) күжүрмөн каарман, чындыкты издеген каарман, романтикалуу каарман
5. Драмада каармандар тутунган нравалык принциптер
а) чынчылдык, адилеттүүлүк, өзүм билемдик, калыссыздык
б) чынчылдык, абийирдүүлүк, жакшылык, боорукерлик
в) кошоматчылык, өзүм билемдик, чынчылдык, адилеттүүлүк
7. М.Байжиевдин чыгармаларындагы инсан концепциясы
а) коомдогу жат көрүнүштөргө каршы чыгуу
б) коомдогу жат көрүнүштөргө кайдыгер болуу
в) коомдогу жат көрүнүштөргө шарт түзүү
8. Драмадагы кульминация бул -
а) окуялардын курч бурулушу
б) окуялардын жогорку өрчүшүнүн жеткен жери
в) окуялардын соңу
9. Драмадагы интрига бул -
а) сюжеттерди чаташтыруу
б) курч сюжет
в) сюжеттин табышмактуулугу
10. Драмада кайсы майрам жөнүндө айтылат
а) 8-март
б) 9-май
в) жаңы жыл
М.Байжиевдин “Ар бир үйдө майрам” драмасы боюнча
дарс
Пьесадагы окуя 31-декабрь күнү так жаңы жылдын алдында "Ар бир үйдө майрам” болуп жатканда өтөт. Көп кабаттуу үйлөрдүн бир батиринде болгон окуя. Пьеса туюк мейкинде – бир батирдин ичинде башталат, ошол жерден аяктайт.
Кожоюну Азат Султанович – профессор, анын кызы Мадина – жаш окумуштуу жана анын күйөөсү - Сарман – фотограф. Ал эми үйдүн кожойкеси ооруканада, өлүм алдында жатат. ошентсе да үйдүн кожоюну Азат Султанович абдан маанилүү конок чакырып коет. Московалык профессор Даир Мусаевич, Азат Султановичтин көптөн берки досу. Азат Султановичтин кызы үчүн бул жолугушуу өтө маанилүү, себеби Мадинанын тагдыры чечилүүдө. Ушул жерде драманын интиргасы башталат.
Интрига ( грек intricare – чаташтыруу) – «иш-аракеттердин логикалык ырааттуулугун, жүйөлүүлүгүн бузган, татаал жана курч сюжеттик жолдордун жыйындысы» [151, стлб. 311]. Интрига тышкы (фабулалык жана сөз түзүүчү) жана ички (идеялык-мазмундук) болуп бөлүнөт. Бирок алар өз ара айкалышып, персонаждардын сезимдеринин өзгөрүүсүн айкын чагылдырып турат.
Драмада кеңири колдонулуучу термин Перипетия (грек тилинен күтүүсүз, бурулуш, кыйроо) – дегенди түшүндүрүп, сюжетте күтүлбөгөн окуялар пайда болуп, драманын жүрүшүн татаалдандырат.
"Ар бир үйдө майрам” драмасынын интригасы эки сюжеттик линиядан келип чыгат. Алар параллелдүү жүрүп бирин бири толуктап турат. Биринчи сюжеттик линия – Даир Мусаевичтин конокто болушу - Азат Султановичтин жүрүм-турумун көрсөтүүчү сюжет. Ал интриганын уюштуруучусу катары көрсөтүлөт. Экинчи сюжеттик линия – үйдүн ооруканада жаткан кожойкесинин абалы тууралуу улам телефон чалуулар. Драмада өзүнчө бир чыңалууну, табышмактуу абалды пайда кылган линия. Ушул интриганын өнүгүшү аркылуу драмтург пьесанын образ-характерлеринин же болбосо каармандардын толук ачылышын көрсөтө алган. Азат Султановичтин Даир Мусаевич менен жолугушуусунун максаты – бул Мадына кызынын диссертациялык ишине оңдоп рецензия жаздыруу. Себеби мындан мурун Даир Мусаевич Мадинанын диссертациясына терс пикир жазган. Ал эми Даир Мусаевич досунун бул максатын билбейт. Бирок билгенден кийин, Даир Мусаевич досунун үйүнөн таарынып чыгып кетет.
Экинчи сюжеттик линиядагы интрига – бул үйдүн кожойкесинин абалы. Бирок бул интрига да күтүүсүз аяктайт. Үйдүн кожойкеси бир саат мурун эле каза болуп калганы белгилүү болот.
Ошентип, кульминация учурунда эки сюжеттик линия бир линияга биригип, пьесанын драмалык аягына алып келет.
Драманын каармандары Сарман, Мадина, Даир Мусаевич жана Азат Султанович – төрт эле каарман. Эки эле саатын ичиндеги окуя. Бирок ушул кыска мөөнөттүн ичинде ар бир каармандын жан-дүйнөсү, моралдык түшүнүктөрү, тутунган принциптери ачык-айкын болот.
Ошентип, бул пьесанын драмалык интригасы – курч, бат өнүккөн, кызыктуу. Эки сюжеттик линиядан туруп, сюжеттин чукул бурулуштары анын драматизмин курч берүүгө өбөлгө түзөт.
Биринчи сюжеттик линияда адам кантип жашаш керек деген тиричилик деңгээлиндеги суроо берилсе, экинчисинде – канткенде адам адам боло алат? Деген философиялык суроо каралат.
Мелодраманын дагы бир өзгөчөлүгү – жакшылыкка жамандыкты тике карама-каршы коюу. Ошондуктан Даир Мусаевичтин оозунан төмөндөгү сөздөр чыгат: “Жыл өтөкөн сайын кылчайып артты карап, канча жамандык кылдым, канча жакшылык кылдым деп ойлоном” .
Нравалык эки тарапта – жакшылык жана жамандык тараптарында эки дос , эки профессор, эки чоң адам турат.
Бири - Даир Мусаевич – бул киши нравалык принциптеринен тайбаган, чынчыл, сатылбаган, абийирин таза туткан адам. Өзүнүн жүрүм-туруму менен Сарманга өрнөк берет. Анын “Эмне мындай көрүнүштөр менен күрөшүү керекпи?” деген суроосуна “Ооба, күрөшүш керек!” деп жооп берет.
Экинчиси - Азат Султанович, бул киши тескерисинче “жакшы жашоо” үчүн пара берүүгө, алдамчылык кылууга, кошоматтанууга, өз билемдик кылууга көнгөн, анысы аз келгенсип өз кызын да ошондой жашоо туура деп тарбиялаган адам.
Мадина менен Сарман – ушул үйдө жашагандыктан, бири кызы, бири күйөө баласы болгондуктан, ушул жамандыктарга аралашууга тийиш болгон адамдар.
Мадина – атасынын кызы. Ошондуктан ал атасынын көз карашын туура деп тапкан, туура эмес көз караштагы аял.
Сарман – өз оюн айта алса да, ишке ашыра албаган, эрксиз бир бечара. Сөз менен кыйратып, иш жүзүндө өзүнүн чындыгы үчүн күрөшө албаган байкуш.
М. Байджиев жамадыкты айгинелөө менен пьесанын каармандарына өкүнүүгө укук берет. Өкүнүү – жан-дүйнөнү тазалоо, жакшылыкка умтулуу. Мына ошондуктан Мадина атасына: “Биз апамдын ооруп жатканын билип туруп шампан ичтик, мен бийледим! Кудай алдында, абийирибиз алдында, адамдардын алдында кантебиз, ата?” деген суроону узатат. Ал эми Азат Султанович кудай алдында өкүнүп-өксүйт, буга анын атасы түрткү болот. Ошол учурда үйдөн кетип калган Сарман да кайрылып келет.
Ачык финал – драматург М. Байджиевдин ар дайым колдонуп келген көркөм ыкмасы.
Ошентип, М. Байджиевдин трагикомедияларында негизги драмалык карама-каршылык бул – милдеттүүлүктүн жана керектүүлүктүн ортосундагы келишпестик. Албетте, милдеттүүлүк – трагедиялуу эбегейсиз зор болсо, керектүүлүк – күлкүнү келтиргендей берекесиз.
Трагикомедия – жанрдык татаал түзүлүш. Бул жанрга абдан тажрыйбалуу жазуучулар гана белсенип киришет. М. Байджиев ошондой драматургдардын бири экендиги анын чыгармаларынан таасын байкалып турат.
М. Байджиевдин чыгармаларындагы инсан концепциясы жазуучу жашаган тарыйхый мезгил менен жана анын ой жүгүртүүсү менен тыгыз байланышта. Б.С. Бугровдун айтымында: “Байжиевдин каармандарынын мүнөздөрү замандашыбыздын нравалык (адеп-ахлактык) дараметин ача ала турган шарттарда өнүгөт”. Абийир, ишеним, достукка берилгендик, жамаат алдында жана жеке өзүңдүн алдыңдагы жоопкерчилигиң ж.б. 60-жылдардагы драмалардын негизги темасына айланган . Ошондуктан М. Байджиевдин каармандары жамандыкка каршы күрөшкө чыккан, коомдун туура багытта өнүгүшү үчүн жандалбас кылган инсандар.
Автордун ишениминде адам абдан боорукер. Боорукерлик – адамдын нравалык таразасы. Ал эми жакшылык кылуу – табигый нерсе. Мына ошол себептен М. Байджиевдин каармандарынын тышкы кебетеси эмес, ички сапаттары автор үчүн өтө маанилүү. Мисалы, Сарман («Праздник в каждом доме») өзү абдан боорукер, ошон дуктан балдар да аны жакшы көрүшөт. Даира Мусаевич («Праздник в каждом доме») жаңы жылдын алдында канча жакшылык кылдым? деген суроо берет өзүнө.
Албетте, жамандык бар, бирок ошол жамандыкты кылып жаткандар өздөрү абдан боорукер, жакшы адам экенин билишпеген, бечаралар.
Демек, Байжиевдин терең ишеними боюнча адам жүрүм-турумунда турмуштук жагдайларга карап иш кылбастан, абийиринин үнүн угуп иш жасоого тийиш. М. Байджиев пьесаларында каармандар бири-биринин алдында гана күнөөлү эмес, алар өз абийиринин алдында да күнөөлү болгон жагдайларды түзүп койгон. Ошону менен алар өз абийирлерин өздөрү соттого, өзүн өзү айыптоого мажбур болушат. Эстейличи, Мадина апасы өлүм алдында жатканын билбей өзүнүн кызыкчылыктарын ойлоп, бийлеп, жагалданганын эстеп, өзү өзүнөн кандай уялат!
М. Байджиевдин бардык пьесаларынын максаты – адамдык бийик сапаттары бар адамды чагылдыруу аркылуу адамдын жан-дүйнөсү жөнүндө кам көрүү.
Ошентип, драматургдун адам концепциясы – бул абийири таза, жакшылык үчүн күрөшкөн адам.
М. Байджиевдин каармандарын үч типке бөлүп кароого болот. Биринчиси – күжүрмөн киши же болбосо, турмуш кожоюну, экинчиси – чындыкты издеген киши, үчүнчүсү – сенектик мезгилдин курмандыгы.
Биринчиси – күжүрмөн киши же болбосо, турмуш кожоюну бул пенде. Күжүрмөн кишинин жашоо философиясын “пендечилик философиясы” катары аныктоого болот. Бирок алар муну менен өздөрүнүн жасагандарынан актаныш үчүн, абийирин сооротуш үчүн пайдаланышат. “Бизге айтылды- биз жасадык” деген принциптеги адамдар. Мындай адамдардын болгон күчү жыргал жашоону– материалдык кененчиликти жана жанынын тынчтыгын түзүүгө багытталган. Ал өзүн жашоонун толук кожоюну катары сезет.
Азат Султанович Даира Мусаевичтин аябай камкор, кичипейил, эң сонун досунун ролун ойнойт. Бирок чынында анын максаты – кызынын диссертациясына жакшы пикир жаздырып алуу. Анын пайда көрүүгө аракети абийирин унуттуруп, ач көздүккө алдыртып койгону аз келгенсип, ооруп жаткан өмүрлүк жарына да кайдыгер кылат. Жадагалса Мадинага апасынын өлүм алдында жатканын айтпайт.
Бирок кандай болбосун, жашоо мындай адамдарды жарга такап коерун эске салгандай, аларды автор күтүүсүз жагдайлардын катышуучусу кылып, алар аркылуу жан-дүйнөлөрү түзөлөрүн жана чыныгы адам болоруна ишенерин көрсөтөт.
Унчукпаган карыянын символ-образы өткөндүн, уяттын символу катары берилип, аягында атасына кошулуп Азат Султанович кошо дуба кылганы - Азат Султановичтин өкүнүп, өз күнөөлөрүн түшүнгөндүгү.
Экинчи чындыкты издеген каармандын тиби толугу менен күжүрмөн каарманга карама-каршы. Чындыкты издегендердин турмуштук кредосу – бардык нерсеге жеке жоопкерчилиги. Бул жоопкерчилик жашоодо болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер болбоого, терс көрүнүштөрү менен күрөшүүгө мажбур кылат.
Чындык жана адилеттик үчүн күрөш чындыкты издеген каарман үчүн кадыресе көрүнүш болуп калат. Ал ансыз жашай албайт. Мындай каарман күжүрмөн каармандардай болуп өз жашоосун “кофортко” бөлөй албайт. Ошондуктан ал жашоого тике карап, төшөгүнө жараша бутун созот.
чындыкты издеген каармандын образы автордун адамдын аң-сезиминин кайра курулуу идеясын чагылдырган образ. адамдын аң-сезиминин кайра курулуусу - ар кандай жасалмалуулуктан, калптан, эки жүзүдүүлүктөн тазалануу.
Чындыкты издеген каарман калп, эки жүздүүлүк ж.б.у.с. көрүнүштөр менен күрөшүүдө ар кандай жолду тандап алары пьесалардан көрүнүп айкын турат. Ошол күрөшүүдө аны курчап турган чөйрөдөн бөтөнчөлөнүп, бөлүнүп калары, алардын көз карашына кошулбагандыгы алардын ошол жагымсыз чөйрөдөн качуусуна түрткү болору анык. Ошол үчүн чындыкты издегендер ар бир пьесада дайыма жолго чыгууга даяр турушат. Сарман да үйүнөн чыгып кетет эмеспи.
Үчүнчү сенектик жылдардын курмандыктары – бул эки типтин ортосунда орун алган каармандардын тиби. Алар чыныда ортодо чайналган бир арсыз адамдар. Анткени чындык эмне экенин билишпейт, бирок калпы чыкса, уялууну сезишет. Бул типтин өзгөчөлүгү – адеп, абийир, чындык ж.б.у.с. бийик түшүнүктөрсүз жашап, бирок жашоонун сыноолору учурунда алардын абийири ойгонуп, уялуу сезими пайда болот жана мурунку жашоосунан баш тартууга да даяр.
М. Байджиевдин драмасынын көрөкөм проблематикасынын маңызы - ички конфликттин аягы каармандардын келечегин аныктайт. Ал эми келечек – бул автордун ою боюнча – майрам. Чындыктын, тазалыктын, жакшылыктын майрамы.
Ошентип, М. Байджиевдин драмасынын жеке инсандар аралык ички конфликти барып отуруп чоң, идея деңгээлиндеги конфликке айланды. Чыныгы жашоодо пьесанын каармандары коом менен жеке инсандын ортосундагы көз караштар маселелерин чечишет. Бакыт деген мэне? Сүйүү менен эркиндик айкалыша алабы? Башкаларды сактап калуу үчүн өз өмүрүңдү кыюу керекпи? Алдыңа сөзсүз эле бийик максаттарды коюу зарылбы? Адам эмнеге жаралат? Жакшылык деген эмне? жамандык деген эмне? деген суроолор М. Байджиевдин ар бир пьесасынын өзөгүндө.
Токтоболот Абдымомунов “Атабектин кызы” драмасы
АБДУМОМУНОВ ТОКТОБОЛОТ (1922-1989) драматург, жазуучу, коомдук ишмер. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.ТоктоболотАбдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.
Абдымомуновдун ысымы менен кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде” олуттуулук менен баяндаган. Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап” (1946), «Замандаштар” (1948), «Курман” (1950) ж. б. Ал 50-жылдары жазган «Борбаш”, «Тар капчыгай”, «Атабектинкызы”, «Ашырбай” пьесалары автордун орус жана дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап, турмуштук материалды көркөм чагылтуунун улуттук салттарын жаңылоо, жаңы формалар менен ыкмаларды издөө боюнча белгилүү ийгиликке жеткенин көрсөттү. «Абийир кечирбейт” (1962), «Жыгылган ооганга күлөт” (1968). «Жарыктык карыларым” (1980) ж. б. пьесаларында актуалдуу моралдык маселелер көтөрүлгөн. Т. Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен «Эчкимге айтпа”, «Машырбек үйлөнөт”, «Алдар көсөө” ж. б. комедиялар жаралган.Токтоболот Абдымомунов кыргыздын өзүнө чейинки драматургдарынан айырмаланып, алгачкылардан болуп калемгер катары идеологиялык конъюнктурага көз каранды эмес, көңүлүнүн борборун адамдын керт башына, анын ички дүйнөсүнө бурган автор. Анын драматургиясынын коллизиясын биринчи кезекте, моралдык, ыймандык, этикалык маселелер түзөт. Образдарынын чөйрөсү да өз замандаш интеллигенциясы, ошолордун ыймандык, моралдык принциптери, жаңылганы-жазганы.
Атабектин кызы 2 көшөгөлүү, 5 сүрөттүү драма. 11 каарман катышкан.
Драмадагы окуя айылдардын биринде башталып борбор шаарда аяктайт. Драманын башкы каармандары:
Атабек-Атактуу чабан,айылдын кадырлуу адамы.
Жыпаргүл- Атабектин кызы,мектептин бүтүрүүчүсү.
Садыркул-Жыпаргүлдүн жигити жана күйөсү.
Тындым-Жыпаргүлдүн эжеси.
Асыл-Жыпаргүлдүн курбусу.
Асанбек-Жыпаргүлдүн жигити, сүйгөнү, Алымбек, Шады, Айман, Маралбай
Жыпаргүл мектепти аяктап, шаарга окууга барганы жаткан. Бирок ал атасына айтпай шаарга Садыркул менен баш кошкону качып кеткени жаткан болот. Эжесинин, атасынын каршы болгонуна карабай, ички сезимдеринин карама-каршылыгына карабай, Садыркулга баш ийип, качып кетет. Садыркул экөө баш кошуп, балалуу болгондон кийин гана катуу жаңылгандыгын сезип, тагдырына баш ийип кала бербестен, өзүнүн жашоосун андан ары улап кетүүгө күчү жетет.
Атабек- өз эмгегинен баар тапкан, моралдык этикалык жактан туруктуу көз караштагы, эл урматтаган адам. Кызынан баш тартканга чейин барса да, кечиргенге күчү жетти.
Жыпаргүл- жан дүйнөсү ушунчалык таза, назик жан. Ал башкаларды да өзүндөй ойлойт. Ошол үчүн атасынын: "Менин кызым да, уулум да сенсиң. Жакшыны жамандаса, жамандын калпы чыгат, жаманды жакшыласа, жакшынын аты булганат. Садыркулуң жакшы жигит эмес! Балалыктан кечем."-дегенине карабай, Садыркулдун жалган сөздөрүнө ишенип баса берет. Тегерегиндеги жакын адамдардан Садыркул тууралуу жаман кептерди уккан учурда да, Садыркулга жакын жолоткусу келбейт, баласын да Садыркулдун ишине тоскоол болбосун деп таякесине жиберет. Акырында сүйүсү менен ишенимин, тилеги менен үмүтүн Садыркул өз мансабы үчүн колдонгонун билет.
Жыпаргүлгө карама-каршы образ - Садыркулдун образы. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн тазалыкты да, абийрин да төмөн койгон адам. Ал кайнатасынын атын жамынып өз кызыкчылыгына колдонуш үчүн Жыпаргүлгө үйлөнөт. Жыпаргүл менен Асанбектин ортосун да жалган кат менен алыстатат. Жыпаргүл эле эмес башка аялдарды да колдонуп, жийиркеничтүү иштерди кылат. Бирок, ошол учурда эле: “Ал ашкан жароокер аял. Мен андан корком, анын ишениминен...анын тазалыгынан...!”-дейт да, айткан сөздөрүнө кайра тескери жооп издейт.”Адам баласы дайыма бирине-бири дайыма көз каранды. Жашоо үчүн байланыш түзүүгө аргасыз болобуз...”. Моралдык этикалык жактан бузулган,өз кызыкчылыгын алдыга койгон адам.Коомдо мындай адамдар аралашып жүргөнү менен эч качан бийик урматтого жете алышпайт.
Маралбай-Садыркулдун досу, “Досуңдун ким экенин айтсаң,сенин ким экениңди айтып берем”- деген макалды таамай далилдеп турат. Ал үчүн: “Сүйүү өз ирети менен, достук өз ирети менен. Жаштык экинчи кайталанбайт. Жаштыкта жыргап өтүү керек. Айрыкча, бүгүнкү күндө күйөөгө же аялга бекем болом, таза болом деш- бул артта калган көз караш, бул момуроолук,өзүн-өзү кыйноо, өзүн-өзү бирөөгө кул кылуу. Турмуш өзү ушундай ”деген адам.
Калбүбү дагы ушундай көз караштагы адам. “Өлгөнүңдөн кийин, ишенимиң бар беле же жок беле,таза жүрдүң беле же дагы кандай, бул туурасында эч-ким сенден отчёт сурабас”- деген жашоосунун кредосу.
Жыпаргүлдүн тазалыгына, ишенчээктигине бардыгы ашык,алардын ичинен акын Алыкул агайы да: “Адамдын колу бат жетпеген же таптакыр жетпей турган нерсе таза, барктуу,сулуу болорун мен бүгүн гана түшүнгөндөй болдум!.. Сен эчтеке берген жоксуң,бирок ошону менен катар көп нерселерди бердиң.. ”-деп анын тазалыгынын бийиктигин белгилейт. Жыпаргүлдү ички дүйнөсү да Алыкулдун ырлары менен жашайт. Баласы,жолдошу болсо да ички жан дүйнөсү жалгыздыктан өз ордун таппай жүргөндөй. Дүйнөдөгү эң таза адам деп жүргөн Садыркулу дагы,жүрөгүнүн түпкүрүндөгү катып койгон чындыктарын баарын жалганга айлантты.Адам өзүнүн жаңылыштыгынан акыл табат,үйрөнөт. Эжесинин: “Эл эмне дейт,атаң сен үчүн ооруп ,өлгөнү жатат”- дегенине, “Адамдык баркымды тепсетип, атамды айыктырып алгандан көрөкчө, атамдын өлүп калганын артык көрөр элем. Себеби, Атабек менин атам, мен Атабектин кызымын!”- дейт. Ооба турмуштун татаал жолу Жыпаргүлдү Маралбайдын азгырык сөздөрүнө алданта алган жок. Ал өзүнүн чындыгы, тазалыгы, абийри менен бийик бойдон кала берди. Ал эми Садыркул, Маралбай, Калбүбү сыяктуу адамдар жашоодо дайыма бизди коштоп келээрин, Жыпаргүлдөй адамдар алардан өйдө жүрөрүн белгилей кетиш керек.
«Атабектин кызы” драмасында автор жашоодогу жеңил ойлуулукту, өзүмчүлдүктү, алдамчы, бузукулукту – туруктуулук жеңип чыгарын айтат жана автор адамдык бийик сапаттарга ээ жаштар, адашкан учурда да, ар дайым түз жолду таап кетерине бекем ишенет. Ал биринчи орунга моралдык, нравалык, атуулдук жүрүм-турумду коет.
Драмада Атабектей таза адамдын кызы Жыпаргүл азгырылып, башка жолго түшкөнү менен, кайра эле үйдөн алган тарбиясы, өзүнүн моралдык көз караштары үстөмдүк кылып, оңолуу жолуна түшөт. Драманын жүрүшүндө жаш кыздын инсандык моралдык этикалык жактан жетилиши, адеп ахлагынын өркүндөшү, индивидуалдуу калыптанышы сүрөттөлгөн. Драмада тышкы кагылыштар м-н бирге каармандын ички дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстер ишенимдүү берилген (мисалы, башында Садырбектин жаман жактарын такыр байкабай, айтса ишенбей жаткан Жыпар, абар-бара анын ким экенине көзү ачылып, кийин андан түк баштартканга чейин жетилгени).
Т. Абдымомунов художник катары курч моралдык, атуулдук маселелерди көтөрө билгендиги чыгармаларынын тематикасын жана жанрдык чегин кеңейтүүгө, жаңылоого тынымсыз умтулуп жүрүп отурган.
Жыйынтыктап айтканда, драманын негизги темасы – адамдар, алардын ичинде жаштардын моралдык, атуулдук калыптанышы, канлыптанууда үй-бүлөнүн, тарбиянын орду, жеке адамдын тутунган моралдык принциптери.
Албетте, негизги каарманды автор өзү да жактырып жараткандыгы анын мүнөздөлүшүнөн ачык көрүнүп турат эмеспи. Автордун ою боюнча ушундай таза адамдар башкаларды да өзүндөй кири жок кабыл алып, алдангандан кийин жашоодо түйшүктөргө дуушар болушуп, турмуштан сабак алышат. Жана да баары бир тазалык ыплас нерселерге үстөмдүк кыларын баса белгилейт. Ошого автор өзү да терең ишенет. Ошол үчүн автор драманы Садыркул, Маралбай, Калбүбү сыяктуу каармандардын ыплас иштеринин ачыкка чыгышы менен жана Жыпаргүлдүн алардан кол үзүүсү менен аяктайт.
Драмада көтөрүлгөн дагы бир тема – бул ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, байланыш, карама-каршылык. Бул үй-бүлөдө ар дайым орун алып келген маселе. Бул жерде ата-энелердин да баланын алдында үлгүлүү, таза, жоопкерчиликтүү болушу жөнүндө сөз болууда. Эгерде Атабек өзү моралдык жактан үлгүлүү болбосо, балким кызы туура эмес жашап жатканын байкабай коет беле? Же болбосо, тескерисинче күйөөсүнүн жоруктарын туура көрөт беле? Садырбек ушундай жолду тандап алганына, балким, үйдөн алган тарбиясы күнөөлүүдүр? Абийирсиздик ал үй-бүлөдө кадыресе көрүнүштүр?
Демек, жаштардын келечегине улуулар жоопкерчиликтүү экендигин да автор кыйытып айта кеткен.
Ошону менен бирге, автор “бир жолу жашайбыз, баарын көрүшүбүз керек, жыргаш керек” деген принциптин келечеги тайкы экендигин көрсөткүсү келген.
Ошентип, драманын өзөгүндө тышкы - ата-баланын ортосундагы, абийир менен абийирсиздиктин, моралдуулук менен аморалдуулуктун ортосундагы конфликт, ички - бир эле адамдын ички карама-каршылыгы, өзү менен өзүнүн күрөшү жатат.
Негизги идеясы – адамдык бийик сапаттар үй-бүлөдө калыптанышы керек, бала чактан түптөлгөн моралдык принциптер түбөлүктүү. Адамдын калыптанышында ролу чоң.
Атабектин образы – коомдо түркүк болгон, элге үлгү болгон моралдык принципттеги адамдын образы.
Жыпаргүлдүн образы – тандоонун алдында турган, тандоочу сыноону башынан өткөргөн каарман катары, калыптануу процессиндеги инсандын образы. Калыптануу процессте болгондуктан, ал образдын келечеги бар.
Асанбек – таза адамдын үлгүлүү образы. Себеби, ал туруктуу, уяттуу, өз абийирин таза туткан адам.
Садыркул, Маралбай – коомдогу жат көрүнүштөрдү камтыган, терс образдар. Албетте, бул ыплас көрүнүштөр коомдо ар дайым орун алып келген, орун ала берет. Бирок бардык мезгилдерде жийиркеничтүү кабыл алынат. Демек, булар тандаган жол – келечексиз жол.
Төмөндөгү суроолорго жооп беребиз:
1) Т. Абдымомунов драмасында биринчи орунга кандай жүрүм-турумду коет?
2) Драмада кандай темалар каралган?
3) Автор кандай образдардын типтерин чагылдырган?
4) Автордун ою боюнча жаштардын инсан катары калыптануусунда кимдин ролу маанилүү?
5) Драманын жүрүшүндө Жыпаргүл кандай коллизияга туш болду?
6) Драмада кандай конфликттер сүрөттөлгөн?
7) Эмне үчүн автор драманын аягын ушундайча бүтүргөн?
8) Драманын темасы жана анда көтөрүлгөн көйгөйдүн негизинде жыйынтык чыгарыңыз.
1) Атабектин кызы драмасы канча көшөгөдөн,канча сүрөттөн турат?
А) 2көшөгө 2сүрөт
Б) 2көшөгө 3сүрөт
В) 2көшөгө 5сүрөт
Г) 2көшөгө 4сүрөт
2) Т. Абдымомунов драмасында биринчи орунга кандай жүрүм-турумду алат.
А) моралдык,нравалык, атуулдук
Б) жеңил ойлуулук,өзүмчүлдүк,алдамчылык
В) өзүмчүлдүк,алдамчы,бузукулук
Г) атуулдук,жеңил ойлуулук,өзүмчүлдүк
3) Драмада канча каарман катышат?
А) 10
Б) 11
В) 12
Г) 13
Омор Султанов Чарчоонун жүзүнчү ыры.
Далай китептер текчеме батпай ыргытылды. Же бирөөлөргө берилди. Бирок, Омордун "Чарчоонун жүзүнчү ыры" деген жыйнагын мурда окугандыктан нечен жолу ыргытып жиберейин деп ыргыткан жокмун. Ыргыта албай койдум. Анткени, андагы "Кусалык" деген биринчи эле ыр алгачкы жолу окуганда эле жанымды сыздаткан. Ырда согуш маалында энеси көкүрөк оорулуу болуп, тоодогу жылкычынын боз үйүн каралап алачык тигип, кымыз ичсем дарттан айыгар бекем деп жан айласы кылып жаткан энесине болгон кусалык айтылат. Бала жакада экинчи, же үчүнчү класста окуйт. Каникулдун эртеси эле энесине жөнөйт.
Алыстан
Же бийиктен караганда
Жердин бити сыяктуу
Болсом керек.
Колумда таягым бар
Өзүмдөн чоң.
Жол билбейм
Бирок барам тоо аралап,
Апамды издейм.
Жердин битиндей баланын арымы кайсы дейсиң. Андан калса, тоо жолунун өйдө-ылдыйы, таш-машы, шар суунун кечмеликтери ар бир тоо баласына белгилүү го. Бала эрбелеңдеп көз байланып калган кезде, алачыкка кирип барып бир гана "баа-а" деп канат жа йып жыгылат.
Бар эле анда
Коркунуч да,
Кубаныч да,
Кусалык да
Бир өмүргө созулган ошол "баа-а" да.
Балада энесинин өмүрү тууралуу "туюк" коркунуч да, энесин көргөнү үчүн кубаныч да бар эле. Бирок анын кусалыгы - тек гана жөнөкөй кусалык эмес, энесинен түбөлүк ажырап калуу трагедиясы бар, наристе баланын адамга түшүндүрө алгыс азаптуу кусалыгы эле.
Мени оорулуу көкүрөккө кысып алып,
Апам дагы ыйлап жатты,
Кусалыктын бугун жарып.
Ошондо чарчаптырмын ушунчалык -
Эстей калсам азыр да
Бардык жолду басып өткөн
Таманымдын алдында
Зуу-зуу этип жер зуулдайт
Башка эч нерсе угулбайт.
Ушул саптарды окуганда ырдын күүсүн сезе билген окурмандын да таманынын алдында "зуу-зуу этип жер зуулдайт". "Угузуу" деген экинчи ырында Төлөмүш аттуу өспүрүм баланын согушта курман болгон агасын угузат.
Төлөмүштүн согушта өлгөн агасын угузушту.
О, Кудай пенде?!
Андай үндү угузбасын
Пендем десе!
Энеси жок, атасы өлгөн
Төлөмүш он төрт жашка жаңы келген
Күнүгө таң кулан өөк
Эртең менен
Э-эң тереңден
Озондогон үн чыгарып турчу белем:
"Эми кайдан көрөйүн, байкем!" деген.
Мындай турмушту согуштун муундары баарыбыз көргөнбүз. Өкүрүп жаткан Төлөмүш сыяктуу курбуларыбызга, карыя аксакалдарды туурапбы, же чын эле жан дүйнөбүздөнбү, аны ачык ажырата албайм, "боору бүтүн, башы эсен жан жок" дейт. "Бу тукумуң курган согуш, ажалсыз болбойт тура!" - деп кайрат айткан болуп колтуктан жөлөп өкүрүгүн токтотобуз.
Ошол күндөн ушул күн
Турат бүгүн
Ошол үн:
"Эми кайдан көрөйүн, байкем!" - деген.
Каныма сойлоп кеткен ийне болду -
Кулагымдан суура албай
Чарчай берем,
Чарчай берем
Чарчап калат бүт денем.
Ырда айтылып жаткан лирикалык каар мандын денеси миң ирет чарчап, миң ирет кайратына келген касиеттүү дене, касиеттүү турпат.
Омор бүгүнкү Ысык-Көлдүн тагдыры тууралуу да чыйрыга ойлонот. Кыясы, көлдүн таза күтүлбөй, кор боло баштаганына, ар кимдердин көз артканына кайгырат окшойт.
Ушул менин
Жаны калбай толкуп жаткан,
Тоолор менен алкакталган,
Ушул менин
Көк жашыл жүрөгүмдү
Кайда алпарам?!
Күмөн менен коркунучтан
Жаман экен
Жүрөк калган.
Бул чындап сезген кишиге денени дүркүрөткөн, титиреткен толгоосу катуу сезим.Күмөн менен коркунуч адамды акырын гана алсыратып жүрүп жеп таштайт... Ошондуктан, ушундай сезимдерге бийлетип жедеп жетиккен адам, өзүнөн-өзү боз куурайдай сынат, же ак кылычтын албарс мизиндей ташты да жара чабат. Ооба, ошондой!.. Ошондой!..
Кандайдыр
Эмнегедир
Эптеп эле чарчай берсе
Адаммын
Акылым бар
деп мактанып кереги эмне?
Акындын айтуусунда чарчоонун чоң себептери бар. Чындыгында чарчайм деп эле чарчай берсе, бул анткорлук болор эле. Лирикалык каармандын чарчоосу азаптуу, машакаттуу күрөштүн чарчоосу. Омордун чарчоосу - чарчатпастын чарчоосу.
"Чарчоонун жүзүнчү ыры" аттуу ырлардын циклин окуганда кандайдыр бир "роман" окугандай канааттанам. Бул - өзүнчө ыргак менен жазылган, өтө кылдат окууну талап кылган айрыкча оригиналдуу, өзгөчө чыгарма. Омордун чыгармачылык өмүрүндөгү адам суктана турган катаал да, касиеттүү да көрү нүш.
Акын болуу кандай кыйын?!
Оңой болуу -
Президент.
Акын угат чөптүн да ыйын
укпайт аны президент.
Акын болуу кандай оор!
Жеңил болуу -
Президент.
Акын жүгү -
Бүтүн бир доор.
Төрт жыл иштейт Президент.
Омор Султанов - азыркы кыргыз акындарынын бири. ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы (2007-2009) болуп да иштеген. "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири (2009). Бир нече ырлар жыйнагын жарыялаган.
Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жа-рык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан эк-рандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.
Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган.
О. Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
• Тоо күндөрү: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 92 б.
• Жылдыздуу түндөр: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 115 б.
• Ак жол, көк асман: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 224 б.
• Отузунчу станция: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 87 б.
• Аэропанорама: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 103 б.
• Улуу дайра: Очерк, аңгеме, повесттер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 295 б.
Акбар Рыскуловдун «Атакенин Акболот» көркөм-тарыхый үчилтик романы боюнча дарс
XVIII кылымдардагы Борбор Азиядагы оор тарыхый кырдаал; кыргыз элинин калмак-казак баскынчылары менен күрөшү; Атаке бийдин дипломатиялык ишмердүүлүгү; кыргыз баатырларынын жана тарыхый көрүнүктүү инсандардын бейнелери; романдагы уламыштар; романдын поэтикасы.
Дарс боюнча тест
1. Романда кыргыздын кайсы сынчысы жөнүндө сөз болот?
а) Толубай сынчы
б) Санчы сынчы
в) Жээренчи сынчы
2. Тынай кимдин уулу?
а) Тайлак баатырдын
б) Түлкү баатырдын
в) Эр Солтонойдун
3. Романда “Жүрөк кантип жарылды” бул –
а) жомок
б) романдын бөлүгүнүн аталышы
в) уламыш
4.Романдагы кыргыз элчилери –
а) Абдырахман Кучаков жана Шергазы
б) Абдырахман Кучаков жана Нургазы
в) Шергазы жана Нургазы
5. Романдагы казак ханынын аттары –
а) Абылмансур, Сабалак, Абылай
б) Абылмансур, Эр Солтоной, Абылай
в) Абылмансур, Эр Солтоной, Сабалак
6. Романдагы окуялар кайсы жылдарды камтыган?
а) 1723- 1791жж.
б) 1785 -1787жж.
в) 1789-1987жж.
7. Кыргыз элинин Екатерина II кайрылуу себеби.
а) Казак, калмак менен согуштар
б) Кыргыз элинин түндүк-түштүккө бөлүнүшү
в) Кокон хандыгынын эзүүсү
8. Романдын негизги темасы
а) Кыргыз элин тышкы душмандардан коргоо
б) Кыргыз элинин түндүк-түштүккө бөлүнүшү
в) Кокон хандыгынын эзүүсү
9. Абдырахман Кучаков менен Атаке баатыр
а) Эки бир тууган
б) Кыйышпас дос
в) Куда-сөөк
10. Романда кандай тарыхый окуялар чагылдырылган?
а) Казак, калмак менен кыргындар
б) Кокон хандыгынын эзүүсү
в) Россия падышачылыгы менен уруштар
Акын-жазуучу Акбар Рыскуловдун «Атакенин Акболот» көркөм-тарыхый үчилтик романы 2012-жылы жарык көргөн. Роман «Алтын Арча» сыйлыгына ээ болгон.
«Атакенин Акболот» романы - XVIII кылымдардагы Борбор Азиядагы оор тарыхый кырдаалды таасын обүективдүү сүрөттөгөн алгачкы чыгарма. Чыгармада кыргыздардын жунгар (калмак) хандыгынын жана башка элдердин баскынчылыгына каршы күрөшү жөнүндө баяндалат. Кыргыз элинин тарыхындагы кыйын-кысталаң мезгилдердин бирине арналган. Атап айтканда, үчилтикте калмактардын жапырыгынан качып кыргыздар Ысар, Гөлөпкө, алды Индустанга чейин кирип барган ала сапырык замандын – XVIII кылымдын коомдук коогалаңдары, саясый капсалаңдары сүрөттөлөт.
Романдын негизги каарманы Атаке бий. Окуялардын баары талашсыз таржымалы, кыргызга кылган реалдуу иши менен көңкү журтка белгилүү болгон көрүнүктүү ысымга – Атаке баатырга байланып, биздин элдин тарыхый тагдыры чукул бурулушка жууктап калган маалдагы кырдаал сүрөттөлөт.
Атаке бий өз элинин лидери катары дипломатиялык өкүлдөрүн Бейжинге жана Санкт-Петербургга жөнөткөнү туурасында архивдик материалдарга таянып баяндалган.
Роман документалдуу факттарга негизделип, анын баш каармандарынын баары чынында эле тарыхта орун алган инсандар. Үчилтиктеги негизги каармандардын баары – Санчы сынчы, Үчүкө, Түлкү менен Жаңыл мырза, Тынай, Эр Солтоной, Бердике, Кошой, Жайыл баатыр, эр Садыр, Эсенгул, Төлө бийдин төөсүн баккан Сабалак кул Абылай, калмак коңтаажылары, алардын ойротто жок сулуу кызы Олоңбайыр-Гүлгаакы (Лома Байор), орус империясынын борборуна биринчи элчиликке барган Абдыракман Кучак, анын шериги Шергазы жана башкалар – бу жарыкчылык турмушта жашап өткөн пенделер.
Экинчиси. «Атакенин Акболот» романында тарыхый маалыматтарга, Унковский, Андреев өңдүү падышалык армиянын офицерлерине, Чокан Валихановго, кала берсе Кышкы сарайдагы үлпөт китебине, башка да документтерге түздөн-түз шилтемелер жасалат, алардан үзүндүлөр келтирилет.
Көркөм адабияттын мындай түрүн «нон фикшн» (non fiction) – орусча «не выдуманное произведение» – ойдон чыгарылбаган чыгарма деп аташат. Нон фикшн – тарыхый фактыларга таянган, аларды көркөм образдар аркылуу тереңдетип, өткөн мезгилге ой калчаган чыгарма, ал негизинен документализм менен көркөм ойдун жуурундусунан турат. Нон фикшн жанрында жазуучунун фантазиясынан, кыялынан жаралган окуялар, эпизоддор деле – андайлар болбой койбойт – документтер эстетикасынын аңытында тарыхый чындык өңдөнүп кабылданат.
«Атакенин Акболот» романында нон фикшн жанрынын толук элементтери бар.
Айрым фактыларды атасак,маселен, Атаке баатыр жөнөткөн кыргыз элчилерин Екатерина II Кышкы сарайда 1786-жылы 15-мартта, жекшемби күнү кабыл алган. Үлпөт китебинде Атаке «Кыргыз башчысы» делинип жазылган. Муну жаңы такталган факты десек болот. Омбулук тарыхчы И.Андреевдин күндөлүктөрүндө XVIII кылымда кыргыздарга бир жагынан коңшу-колоңдор, экинчи жагынан кытайлар кол салып турганы айтылат.
Дагы бир жеринде кыргыздардын Атакей деген бир князы же бийи бар экенин, аны бүткүл ордодо кадырлаша турганын белгилейт. Ошол эле кылымдагы дагы бир тарыхчы П.Рычковдо кыргыздар жунгарлар менен такай чарпышып-чабышып турганы, бирок калмактарга таптакыр табын болбогону кабарланат. Ал эми Н.Бичурин ал кездеги «кыргыздарды жакыр, бирок жоодо жанын аябаган баатыр эл» деп баалап, жадесе күр болуп, күчкө толуп турган маалында жунгарлар да аларды багынта албаганын тастыктайт. Буга кошумча окурман романдан кадимки Абылай хан учурунда «турумтайдай уул экенин, үйсүндөрдүн Төлө бийинде төө баккан кул болгонун» биле алат.
Мындай мисалдар оголе көп. Иши кылып, романда Атаке бийге, анын дооруна байланыштуу буга чейин үзүл-кесил кездешкен тарыхый маалыматтар орус, кытай архивдеринен алынган, жаңы табылган документтер менен толукталат, кыргыз менен казактарда айтылып калган уламыштар кеңири баяндалат.
Алмагайып заман
Атаке бийдин доору, автордун таамай аныктамасы менен айтканда, анык «алмагайып» заман болгон. Маселен, Сарткул-Сабалакты алалы. Анын өз аты Абылмансур, кийин Абылай аталып, Орто жүздүн, андан соң бүткүл казактын ханы болот. Сабалак эки ирет – адегенде кыргыздарга, кийин калмактарга колго түшкөн. Атаке аны 1726-жылы казак-кыргыз чогулуп, калмакка каршы орток кол курап, аны башкарууну Кичи жүздүн улугу Абылкайыр ханга табыштаган чоң жыйында көрөт. Андан соң казак-кыргыз биригип, калмактардын катыгын берген айтылуу Аңыракай айкашында Сабалак менен таанышып, баатырлык каадага ылайык камчы алмашат.
Алмагайып тагдырды карабайсызбы: көп жыл өтүп, Атакенин тун уулу Карабек дал ошол Абылайдын чапкынында мерт болот. Бийдин башына Абылай миң жылкы саят. Бирок ал жел кайыптан бетер кармалбай, уруштун качырткы усулуна салып, капыл-тапыл жерден катылып тийип, Абылайдын улам бир капталын таарып, омурткасын омкоруп турат. Ушул урушта, андан мурда калмактарга каршы казаттарда Атаке бийдин кол башчылык таланты таасын көрүнөт.
Романдагы дагы бир тарыхый каармандын – атактуу Жайыл баатырдын тагдыры да ошол доордун мүрөл мүнөзүн туюнтат.
Калмактар Улуу жүздүн элин басып, Жаугаш баш болгон жоон топ жигитин туткундап, коңтаажыга тартууга айдап баратканда Меркенин тушунан Жайыл баатыр капыстан кол салып, аларды душман чеңгелинен бошотуп алат. Сабалак да ошондо Жайыл баатырдын колунда баш корголоп жүргөн экен. Кийин казак менен кыргыздын чоң чабышында Жайыл бий үч баласы менен Абылайга колго түшөт.
Жайыл баатырдын башына Жаугаш жансоога сурап алганда макул болбой, кичи баласын гана азат кылууну талап кылат. Мунун баары автор ойлоп тапкан окуялар эмес. Баары тарыхта болгон реалдуу иштер, аларды өзүбүздүн Белек Солтоноевден жана башка авторлордон окуса болот. Абылайдын кыргызга жасаган жортуулун анын жүз жашка чыккан акылчысы Бухар жырау, атактуу казак акындары менен домбурачылары катуу айыпташкан. Атүгүл карачечекей чөбүрөсү Чокан Валиханов бир кылым өткөндөн кийин чоң атасын кадимкидей сынга алып, Сары-Белдеги салгылашты «Жайыл кыргыны» деп атаган…
Абылай кетип, кокон ханы Нарботону өз ордосунда мыш кылып кайткан соң Атаке бийге сырттан эмес, ичтен жоо табылат. Бир атты – Керкулунду талашып, сарбагыш ичинен ырк кетет. Айрыкча өзүнүн эле иниси Эсенгул баатыр катуу эрегишип, агасынын күлүгү Ноктокерди тартып алганы кол курап кирет. Атаке бий эсирген инисин таш менен эмес, аш менен каршы алмак болуп, эч кимге шегин билгизбей Таанаке байбичени алдырат. Таанакени Болот бийге –Эсенгулдун атасына кадимки Санчы сынчы тандап берип, андан башкойкоң төрөлөрүн, наркы урпактары да мыкты чыкмалардан болорун болжоп айткан. Ошол башкойкоң беш жүздөй кол алып, тууганынан тулпар аяган Атаке бийдин түндүгүн түшүрө чапканы кылычын жалаңдатып кирип келсе, төрдө өз апасы отурганын көрүп, жарылып кете жаздап, күйбөгөн жери күл болуп кайтат. Бирок күлүк талаштын күйүтү ошону менен бүтпөйт. Акыры Атаке бий жакын тууганды жат кылып, ага менен инини араздаштырган тулпарын жаамы сарбагыштын, жалпы эле кыргыздын ынтымагы үчүн садага чабат.
Таң эрте Иледен чыгып, Чүй боюн сыдырып, эл орунга отурган маалда Чолпон-Атадагы үйүнө жетет да, узак жол басып келген (Белек Солтоноевдин эсебинде 350–400 чакырым) Керкулундун терин суутпай, коё берет. Каны каткан жаныбар Ноктокер түз эле камыш аралап барып, сууга тумшугун салат. Ошону менен опот болот. Айтылуу аргымакты Эсенгул баатыр өзү келип, жерге көмөт. Керкулундун башын кучактап, чоң шашкеге чейин озоңдоп отурат…
Булардын баары романда баяндалган Атаке бийдин дооруна мүнөздүү белгилердин айрым гана үзүндүлөрү. Бул үчүн, арийне, жаалы катуу Жаңыл кызга үйлөнөм деп барып, анын жаасынан жайран кеткен Үчүкө менен Түлкүнүн урпактары, ошо кездеги жалпы сарбагыш журту, алатай кыргыз күнөөлүү эмес. Санчы бабабыз айткандай, бөрү биригип миң болбогон, кой чачырап бир болбогон алмагайып замандын жол-жосуну, айныбас заң-закүнү ушундай болгон. Аларга азыркы күндүн көзү менен карап, акылдуусынганга биздин акыбыз да, укугубуз да жок.
Олоңбайыр баяны
Чет элдик (П.Паллас,Ж.-П. Абель-Ремюза) жана россиялык (Н. Бичурин, А.Позднеев,И. Златкин) тарыхчыларга ишенсек, калмак хандыгында Цэван Рабдан өлгөн соң бийлик уулу Галдан Цэрэнге калат, ал казактар менен кыргыздарды кайра каратат, Фергана өрөөнүнө бүлүк салат. Галдан көзү жумуларда калмак токолунан туулган ортончу уулу Цэван Дорджиге хандыгын мурастап берет. Тарыхчылар дал ошондон тартып, ойрот хандыгынан оомат кеткенин белгилешкен.
Ушул окуялар да романда кенен-кесир жана таасирдүү сүрөттөлөт. Калдаң Сереңдин олжолоп алган кыпчак аялынан төрөлгөн уулу Лама Доржи менен кызы Лома Байор тексиз ургаачыдан туулган тукум аталып, ургадан (ордодон) оолактатылат. Жаш коңтаажы Сыбан Доржи казак менен кыргызга Ажаан аталат, кудайын тааныбай кутуруп кетет. Акыры урга билермандары эси жок коңтаажыны биттей кезинен колунан жетелеп, жонуна көтөрүп чоңойткон эжеси Лома Байорду ордого жакын алып келип, Ажаан хандын бир айласын тапмакчы болушат. Аңгыча ал жең ичинен перс шахы Надырга элчилерин аттантып, ага «айдай сулуу эжесин» бергенге камынып калат.
Мал сыяктуу соодага түшкөнүнө арданган акылы тирик зээндүү кыз ошондо карачечекей инисине каршы ургада чатак чыгарат. Бутунун учу менен жыла басып, жылмая сүйлөп, койнуна жылан каткан кутумдардын көкүтмөсү менен инисине уу берип, тындым кылууну чечет. Бирок анысы билинип калат, күнөөкөрлөрдүн таманына мык, тырмагына ийне кагылат, таанымал тайчылар менен жайсаңдардын башы кыя чабылат, он бештен ашууну дарга асылат.
Калмак хандарынан калган салт боюнча коңтаажы өз эжесинин эки көзүн чукутуп салмакчы болот. «Өз колум менен көтөрүп чоңойттум эле, эгер көзүмдү ойсо, Ажаан хан өз колу менен ойсун!» – деп айтат Лома Байор. Каланган карапайым калың калмактын каарын сезген Ажаан хан акыры эжесине ырайым берет, бирок абакка салдырып таштайт.
«Он сан жаткан калмакты Олоңбайыр кыз бузду» деген макал казак менен кыргызда ошондон калган дешет. Ойроттон табылгыстай сулуу чыккан Лома Байор, азыркыча айтканда, Атаке баатырдын көз ачып көргөн биринчи ынтыгы («Манастагы» аталыш) – ашыгы болгон. Өспүрүм кезинде калмактарга туткунга түшүп, алардын колунда жүргөндө Атаке аны менен ынак болуп, ышкы оту жанат. Экөө калмакча эмес, кыргызча сүйлөшүп, Атаке аны Олоңбайыр атка кондурат. Калмак хандыгынын түбүн копшоп, анын орун казган ошол кыз кийин кыргыз уламыштарында Олоңбайыр-Гүлгаакы аталып калган экен. Кайсы бир кабарларда Олоңбайыр калмактардан качып барып, Абылай ханга тийгени да айтылат (Б.Солтоноев).
Романдын тилин «прозадагы поэзия» деп атоого болот. Романдын тили өзүнчө кеп кылууга, кенен-чонон иликтөөгө арзыйт. Үчилтиктин мисалында месел кептердин, экмет сөздөрдүн чакан бир энциклопедиясын түзсө болот. Буга бир-эки мисал: «Билгилерден кем болбо, билбестерге тең болбо», «Ийини тийбеген эшик жок, эрини тийбеген кашык жок», «Беш манжа бирикпесе, бир муштум болобу», «Жаман жоруктун, терс жосундун түсүнөн түңүл», «Келечеги кең болсо, кеменгерге тең болор», «Кайнене калтайбаса, келини келтейбес», «Күйөөлөп келип, күнөөкөр болбо», «Ырым бузулса, ырк кетет», «Белек алар киши берерин да билет» ж. б. у. с. Мындан тышкары романда азыркы кездеги бир катар терминдердин ордуна колдонсо боло турган айтымдар да арбын. Маселен, байымтал – толерантность, оккагар –телохранитель, боорумал – гуманный ж. б.
КЫРГЫЗ АЯЛДАР ПОЭЗИЯСЫ
Кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятынын маанилүү жана бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүш тарыхында кайсы бир ийгиликтерге, бийиктиктерге жетишкен деп эсептесек, анда ал ийгиликтерге кошкон аял затынын өзүнчө салымы болгондугу талашсыз. Албетте, кеп мында адабиятка гендерлик көз караштан мамиле кылып, “эркектер жараткан адабият” же “аялдар жараткан адабият” деп ажырым коюуда эмес. Болгону заман шартынан тышкары этникалык менталитет менен адеп-ахлактын таасири өтө күчтүү фактор болгон кыргыз коомунда алсыз жыныстын өкүлдөрү өздөрүндөгү чыгармачылык башталышты кандайча ишке ашырып, андан аркы процессте ал башталыш кандайча улантылып кеткендигин ачып берүү зарылдыгы бар.
Аял затынан чыккан калемгерлердин адабият майданына кошулушу – бул өзүнчө тарых. Кыргыз адабиятынын алгачкы учурунда, 50-жылдарга чейин акын аял затынын ичинен окурмандарга бир гана Н.Жетикашкаеванын ысымы жакшы белгилүү болгон. Кийинчерээк, 50-жылдардын ортосунан тартып, совет доорунун 60-80-жылдары, андан кийин убакыттын өтүшү менен алардын саны арбып жүрүп отурган. 2008-жылы жарык көргөн “Кыргыз жазуучуларынын справочнигине» алфавит тартибинде көз чаптырсак, Ф.Абдалова (1960), С.Абдыкадырова (1935), С.Абдыкеримова (1919-1988), М.Абылкасымова (1936), Т.Адышева (1920-1984), С.Акматбекова (1949), М.Буларкиева (1937), А.Дегенбаева (1941), Д.Жамансартова (1939), Н.Жетикашкаева (1918-1952), Н.Жүндүбаева (1917-2003), Т.Закирова (1948), Р.Карагулова (1946), Ш.Келдибекова (1949), М.Мамазаирова (1943), Ү.Маматова (1951), Ш.Мамбетаипова (1936-1995), Г.Момунова (1937), А.Момунтаева (1951), Р.Мукашева (1949), М.Осмонкулова (1955), К.Сариева (1051), З.Сооронбаева (1924), А.Темирова (1060), А.Тыналиева (1946), Ж.Тынымсеитова (1929-1975), А.Узакова (1951), Ч.Унурова (1949), А.Чойбекова (1947), Б.Чотурова (1955), Г.Шакирова (1955) деген 31 акын киргизилген. Ырас, бул катарда Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү болгон акындар, котормочулар С.Луговая (1941) менен С.Суслова (С.Токомбаева) (1949) дагы бар.
Албетте, аялдар поэзиясынын эң бышып жеткен, өз алдынча көркөм кубулушка айланган жылдары 60-70-жылдар болду. Бул – ал жылдары күчтүү өнүккөн кыргыз аялдар поэзиясы. 50-жылдарга чейинки кыргыз поэзиясынын айдыңында жалгыз Н.Жетикашкаевадан башка кыргыз аялдарынан чыккан көрүнүктүү акын жок эле. 50-жылдардын экинчи жарымынан тарта кыргыз поэзиясынын картасы кескин өзгөрө баштады. Аялдардан чыккан акындарыбыз атайы күн мурун акылдашып, макулдашып алгансышып, 60-жылдардын башынан тарта поэтикалык изденүү чөйрөсүнө өзүнчө бир чоң топ түрүндө келип киришти…” (2.271-272-бб.), – деп мүнөздөйт. Ошого эле үндөш ойду адабиятчы, кыргыз поэзиясын тереңдетип изилдеген О.Ибраимов да айтат: “Кыргыз поэзиясы жетимишинчи жылдарда да бир өзгөчөлүк менен көзгө түшөт, ал – кыздар поэзиясы” (4.9-10-бб.).
Суроолор туулат: кырк-элүү жыл ичинде мынчалык көп сандаган, ондогон жоон топ акын кыздарды адабий аренага алып чыккан кайсы тарыхый жана маданий-социалдык өбөлгөлөр болду? Дегеле аялдар поэзиясы деген эмне? Анын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүн болгон типологиялык, стилдик-тематикалык өзгөчөлүктөрү кайсы? Адабиятка алар кандайча жана кандай профессионалдык даярдык жана чыгармачылык дымак менен келишти? Эмнени үйрөнүп, эмнени беришти? Алардын ыр дүйнөсүндөгү орду жана добушу эмнеси менен айырмаланат? Кимди туурап, кимден үйрөнүштү? Кайсы адабий багытты тутунушту? Көркөмдүк табити, деңгээлдери кандай болду? Кимисинин сапары узак болду, кимисинин добушу кандай чыкты? Алардын чыгармачылыгында кандай идеялык, стилдик өзгөчөлүктөр байкалды? Дегеле кыргыз аялдар поэзиясынын профессионалдык адабият катары тарыхый өнүгүшү, баскан жолу, берген реалдуу чыгармачылык түшүмү кандай? Кыргыз аялдар поэзиясынын генезиси кайда барып такалат? Аялдар поэзиясын эркектердикинен айырмалап турган өзгөчөлүктөр кайсы? Бул өңдөнгөн ондогон суроолорго жооп табуу, акын кыздардын чыгармачылыгын системалуу иликтөөгө алуу эбак бышып жетилген маанилүү маселе. Муну биз “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү” деп аталган докторлук диссертациябызда ишке ашырдык деп эсептейбиз
Кыргыз аялдар поэзиясынын башаты, элдик оозеки чыгармачылыктагы орду тууралуу учкай сөз айтуу зарылдыгы бар. Мифтериндеги Умай эне менен Бугу эне түшүнүктөрү, эпостору менен элдик поэмаларындагы Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Ак Мөөр өңдөнгөн ондогон кейипкерлердин орун алышы буга шарт түзөт. Элдин ишениминдеги аял заты ыйык деген мааниге жакындашуусу, айталы, «Манастагы» аба-ырайын каалагандай өзгөртүүгө жөндөмдүү Көкмончок, кыйын кырдаалда Кошойго көмөкчү жар болгон Арууке, Алмамбеттин жары – Арууке, Семетейдин жубайы – Айчүрөк (керек учурда ак куу кебин кийип учкан), анан барып акырындык менен адамдаша баштаган (очеловечение) аял өкүлдөрү – баатыр Сайкал менен Куялы, Эр Манастын жары Каныкей, баатыр кыз Жаңыл Мырза ж.б. көрүнөт. Бул тизмектен көрүнүп тургандай, элдин өзү ыйык туткан аялдары системалуу түрдө адамдаштырылып, символдоштурулуп, ошол эле учурда жөнөкөйлөштүрүлүп, реалдаштырылып жүрүп олтурат. Анан келип ошол баяндардын башкы кейипкери болгон аял өзү жаратман болуп (биологиялык жаратмандыгын – тукум улоочулугун эске албаганда), өз көкүрөгүнөн сызылып чыккан ой-туюмдар аркылуу аялдык көз караш менен өз дүйнө таанымын жараткан.
Кыргыз адабияты Октябрь революциясынан кийин эле пайда боло калган эмес, анын тамыры тереңде, байыркы замандарда. Кыргыз аялдарынын чыгармачылыгынын башатында бешик ыры, кошок, каргыш, алкыш жанрлары өзгөчө орунду ээлеген, анын тарыхый башаты эски доорлорго барып такалат. Акбермет Карагул кызы, Ак Шербет, Бурулча, Курманжан датка сыяктуу инсандардын ырлары ар түрдүүчө жолдор менен бизге жеткен.
Ырас, ХХ кылымдын 10-20-жылдарында башталган биздин төл адабиятыбызда кыздар дээрлик жок, көбүнесе жигиттер.
Акын кыздардын ар биринин адабиятка кирүү жолу, андагы изденүүлөрү, акындык тагдырлары ар түрдүү. Алардын бардыгында тең негизинен коомдук темалар орун алса да, окурманга байкалып-байкалбаган ар биринин арман-өксүгү же ченебеген бактысы бар экендиги байкалбай койбойт. Н.Жетикашкаева совет доорунун жыргалчылыгын жан эбиле ырдай берип, жадагалса ааламдагы Ай менен Күндү, теребелдеги бак-дарактарды, жаратылышты унутуп койгон. Бул бир жагынан акындын чындап эле дүйнөнү эргип кабылдаган бактысы болсо, бирок ошол картинанын арткы жагындагы айныгыс чындыктын – акындын баласыздык арманы менен эрте өлөөрүн сезип, тынчсызданган ырларынын бизге жетпей калгандыгы соцреализм деген түшүнүктүн биз азыр түшүнүп жаткан залакасы болушу толук мүмкүн. Мунун өзү кыздар поэзиясынын көмүскөдө калган “актай барагы” катары көрүнөт.
60-жылдары кыргыз адабияты профессионалдык жактан кадимкидей жетилип, өзүнүн Ч.Айтматов сыяктуу өкүлү союздук аренада ат салышып, бир топ такшалып калды.
70-жылдары акын кыздардын ыр китептеринде буга чейинки тандап алган темалары тереңдетилип, байытылып, түгөлдөнүп жүрүп отурду. Алар эми өзүн адабияттын кишиси катары, ырларын анын бөлүнгүс бир бөлүгү катары эсептеп, ишенимдүү чыгармачылык кылып, изденишти. Бул мезгил тилкесин өзгөчөлөгөн көрүнүш С.Акматбекованын “Жамгыр” (1970) аттуу алгачкы китебине байланыштуу болду. С.Акматбекованы кечээги акындардан эмнеси айырмалайт? Бул кечээ да, бүгүн да кызыгууну туудурган суроо. Көрсө дал ошол “Жамгырдан” кийин кыргыз адабиятында интимдүү лирика, сыр жашырбастык орун ала баштаган экен. С.Акматбекова тууралуу убагында көп сөздөр айтылган. Акындын интеллектуалдык даярдыгын, эстетикалык дүйнө кабылдоосун жогору баалаган А.Эркебаевдин, “Сезимди сергиткен жамгыр” деп жылуу пикир айткан К.Эшимбековдун, акындын ырларын астейдил талдоого алган И.Жумабаев менен Б.Усубалиевдин жана, албетте, акынды аёосуз сынга алган О.Ибраимовдун жазгандарын окурмандар жакшы билет. Эгерде Акматбековага чейин бүткүл акын аял затынын чыгармачылыгына “аялдардын поэзиясы”, орусча айтканда, “поэзия женщин” катары мамиле болгон болсо, С.Акматбековадан тартып кийинки акындарга адабиятта “аялдык поэзия” (“женская поэзия”) деген өңүттөн мамиле жасоо болгондугун байкоого болот. Акматбековага чейинки акындарга коом, турмуш, эмгек, жаратылыш, бала темасы тааныш болсо, Акматбековадан кийин адабиятка кадам койгон акындарда аял жана эркек темасы башкача өңүттөн карала баштагандай. Жыйынтыгында дүйнөнүн биз санап өткөн көрүнүштөрү дагы аялдык көз менен каралып баштайт. Акындын таасириндегилер күйөөсүнө болгон таарынычын, жетпей калган сүйүүлөрүн, таштап кеткен кымбат адамдарын эстешти.
70-жылдары «Делбе өңдөнүп келет чуркагым, Достук, сүйүү өткөн жол менен» (5.44-б.), – деп кыргыз поэзиясына дагы бир кызыктуу акын Р.Карагулова баш бакты. Адабиятта өзүнчө багыт катары калыптана албаса дагы, символизм менен натурализм чыгармаларына сиңишип жолуккан импрессионизмдин элементтери С.Акматбекова менен Р.Карагуловадан байкалды. Кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн биз буга чейин агым, багыттарга ажырымдап карабагандан кийин, бул маселе талаштуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок С.Акматбекова менен Р.Карагулованын поэзиясын төл поэзиядан айырмалап турган көрүнүш – импрессионист сүрөтчүлөрдүкү сыяктуу алардын жазгандарында эч кандай кескин контурлардын жоктугу, палитраларынын ачыктыгы, турмуштук кадимки эле көрүнүштөр чагылдырылгандыгына байланыштуу, б.а., алардын ырларын окуп жаткан окурман баланча ыр жаратылыш, же сүйүү, же өмүр жөнүндө деп бөлүп карай албайт. Ырларында ойлор өтмө катар жуурулушкан, “таза байкоого” артыкчылык берилип, алар искусстводогу идея, жалпылоолордон, бүткөн жыйынтыктуу көрүнүштөрдөн баш тартышат. Ага караганда ар бир көз ирмемдик абалдарын, көз ирмемдик тышкы көрүнүштөрдү ырга салышат. Бул бир жагынан алардын дүйнө кабылдоодогу өзгөчө сезимталдыгына, экинчи жагынан дүйнөлүк адабияттан алган таасирлерине байланыштуу.
80-жылдарды адабиятта кризис алдындагы доор катары мүнөздөөгө болот. Бул жылдардын поэзиясындагы новаторлук (жаңычылдык) тенденциялар ириде кыргыз аялдар поэзиясында интимдүүлүктүн тереңдеши, өтө жарк эткен глобалдуу темалар эмес, адам дүйнөсүнүн көп тараптуу жактарынын чагылдырылышы менен түшүндүрүлөт. Аталган мезгил тилкеси кыргыз адабиятынын тарыхында кала турган өз ысымдарын жаратты. “Жылт” эткен жаңылык болсо, ал ойлор дал интимдүү маселелерге байланыштуу айтылды. Сезим гаммасы акырындап өтө жылаңачтыкка баш бура баштады. Коом эмес, адам сөзгө алынышы керектиги жөнүндөгү ойлор өз жактоочуларын тапты. Акын аял затынын жаратмандыгы кыргыз адабият таануусу менен сынында атайын сөзгө алынып, ал тургай С.Акматбекова менен Р.Карагулованын чыгармачылыгына байланыштуу айтылган кескин ойлуу изилдөөлөр (О.Ибраимов) окурман журтчулугунун көңүлүн буруп, жалпы эле ырды кабылдоонун, талдоонун жаңы, “ырайымсыз” үлгүсүн көрсөткөндөй болду. Ал сындардан кийин аял акындардын бардыгы боюн түзөп, алды-артын карап, ал эми катуу сын уккан эки акын чыныгы изденүүгө бел байлашты. Анын жыйынтыгы алардын кийинки ыр китептеринен байкалды. Аялдар поэзиясы активдеше баштады.
Советтер Союзунун жоюлушу Кыргызстан үчүн коомдук-саясий, маданий жактан опурталдуу болду. Бир кездеги окурмандардын сүйүктүү гезит-журналына айланган “Кыргызстан маданияты” менен “Ала-Тоонун” чыгышы сээлдеп, бара-бара токтоп, 1990-жылдардагы коомдук турмуш, андагы оорчулук элди бир топ абдыратып койду. Он жылдап бир сап бирдеме жазбаган акындар болду. Мисалы, М.Абылкасымованын “Ата-Журт дайым көңүлдө” (1987) жана “Үшүк” (2001) китептеринин ортосундагы он төрт жыл эмнени айтат?
“Үшүк” китебинин алгачкы бетинде “1990-2001-жыл арасы” деген эскертүү берилгенине караганда, чакан китепке кирген чыгармалар аталган мезгил аралыгындагы акындык эргүүнүн болгон жемиши. Акын менен маектешкенибизде Союз таркагандан соң жүрөгүн боштук ээлеп, эч нерсеге ишенбей калганын айтат. Албетте, бүткүл өмүр-тагдырын, жашоосун, келечегин, бактысын бир партия менен камыр-жумур бирдикте көргөн, советтик коомдун жакшылыгын, өз Ата Журтунун ийгиликтерин ырга салып жашоосун көрктөгөн, калемдештеринин сүйүүсүнө да, арзуусуна да татыган баркы бийик Эл акыны үчүн ошол бийиктигин жоготуп алуу оңойбу? Албетте, Союз тарагандан кийин М.Абылкасымованын кадыры төмөндөй түшкөн жок, ошентсе да бул жаңылыкты Союздун кучагынан жаңы чыккан акын чаар ичегилик кылып кубаттап жибере албайт эле. Көп жылдык боштук жана көңүл дартын акын “Атаке баатыр” пьесасын жазуу менен айыктырган. Дегеле постсоветтик адабиятта кеңири орун алган тарыхый темаларга кайрылуу, өтүп кеткен эл, уруу баатырларын даңазалоо тенденциясы акындын чыгармачылыгынан дагы байкалат. “Үшүк” китебинде орун алган “Атаке баатыр жөнүндө баян”, “Аталар жана Ата Журт”, “Түлкү баатыр”, “Тоголок Молдо чоң атам”, “Курманжан датканын арманы” аттуу поэмага тете мазмундагы ырлары муну тастыктайт.
Бул мезгилдин поэзиясына “Аян” темасы дагы мүнөздүү. Сыягы, терең социалдык кризис, өткөөл доордун оош-кыйыштары акын кыздарды пессимисттик маанайга түртүп, табияттын тереңинде жаткан сыйкырдуу күчтөргө, ирреалдуу шек-шоораттарга кайрылууга түрттү сыяктанат. Ошол эле М.Абылкасымованын Атаке баатырга арнаган ырында ушул түшүнүк орун алса, Ө.Бегалиеванын “Теңир, аалам жана мен” (1996) китеби бүтүндөй аян катары келген ырлардан турат.
Жыйынтыктап келгенде, кыргыз адабиятынын алкагында “кыргыз аялдар поэзиясы” деген түшүнүктүн орун алышы орундуу. Тамыры элдик оозеки чыгармачылыктан өнүм алган аялдар поэзиясынын өкүлдөрү ыр жазуудан поэма жазуу, тышкы дүйнө көрүнүштөрүн сүрөттөөдөн адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөө деңгээлдерине өсүп жетишти. Аялдар поэзиясынын алгачкы өкүлдөрүнүн чыгармачылыгындагы көркөмдүк-эстетикалык, философиялык мотивдер, идеялык-стилдик көрүнүштөр кийинки поэзиядан өз өнүгүүсүн тапты.
Колдонулган адабияттар:
Абдыкеримова, С. Талант толкуну. – Ф.: Кыргызстан. 1988. – 104 б.
Артыкбаев, К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. – Б., 2004.
Байгазиев, М., Касымалиева С. Үнсүз кыйкырык. – Б., 1996.
Ибраимов, О. Көз караш. – Ф.: Кыргызстан. 1985.
Карагулова, Р. Капчыгай. – Б.: Адабият. 1991.
Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 1-том. – Ф.: Илим. 1987. – 821 б.
Эркебаев, А. Малоизученные страницы истории киргизской литературы.– Б.: ЖЭКА ЛТД, 1999.
http://gumilevica.kulichki.net/EAB/eab02.htm
Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы, саясий ырлыры
Кыйынчылыкта өткөн балалык. Акын Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында 1950-жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келген. Үч жашында атасынан айрылып, апасы аны чоң энесинин колуна калтырып кетет. 13 жашка чыкканда жалгыз таянар тоосу болгон чоң энеси көз жуумп, эже-жездесиникинде чоңойгон. Жаш талант үйүнөн алты чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке жөө барып келип окуган.
Эмгек, эмгек… Окууну бүтөөрү менен аскерге кызмат өтөгөнү кетип, кичи мекенине келгенде куруучу, райондук гезитте кабарчы болуп иштей баштайт. Өз киндигин өзү кескен акын Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1980-жылдан тарта "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадиокомитетинде редактор, Фрунзедеги филармонияда адабий бөлүмдү жетектеп иштеген. Өлкө эгемендүүлүк алган соң "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" басылмаларында эмгектенип, курч макалаларын жарыялаган.
Шайлообек Дүйшеевд-совет доорунун, компартиянын кемчиликтерин, алардын жүргүзгөн саясатынын негизинде элдин аңсезиминин өзгөрүлүп, улуттук уңгудан ажырап бараткандыгын өзүнүн ырларында абдан эпчилдик, поэтикалык окумдуу формаларда сындаган, чындыкты бетке чаба айткан акындардын бири. К.Артыкбаев өзүнүн “XX Кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу эмгегинде Ш.Дүйшеевдин чыгармачылык ишмердүүлүгүнө адабиятчы, анан калса, ошол биз кеп кылып жаткан өткөөл мезгилге өз көзү менен күбө болгон адам катары анын ачык айтып, бетке чаба сындаган чыграмачылыгын төмөнкүдөй жазат: “Жаш акын Шайлообек Дүйшеев кайра куруу, ачык айтуу учурунда өзүнүн акындык талантын чыйралтып, машыктырып, турмуш чындыгынын актуалдуу маселелерин күн тартибине курчу койгон бир катар ырларында кемчиликтерди келиштире бетке айтууга батынды. Анын 1992-жылы жарыкка чыккан “Кайдыгерлик” аттуу чакан ыр китебине киргизилген ырлардын көбү такай радиодон ырдалып да жүрдү. Чынын айтканда, коомубузда, турмушубузда орун алган кемчиликтерди Ш. Дүйшеевчилеп поэзиянын тили менен так, конкреттүү,курч айткан акындарыбыз өтө сейрек болуп жатты” [Артыкбаев, 2015: 573
Шайлообек Дүйшеевдин саясий ырларын эки бөлүмгө бөлүп карасак туура болчудай.
1. Анткени биринчи бөлүмдө кайра куруу жана эгемендиктин алгачкы жылдарындагы кыргыз элинин коомдук саясий, социалдык-экономикалык абалын, баалуулуктарын, турмушка болгон көз карашын, демократиянын, сөз эркиндигин алгачкы белгилерин, социалистик көз караштын, компартиянын коомдун өнүгүшү үчүн жараксыз, жөндөмсүз, булганган, формалдуулугу күчөгөн абалга келгендигин чагылдырган ырлар түзөт. Күчтүү саптар, чукугандай табылган сөздөр, өзүнөн мурунку акындардын баяндоо ыкмасынан таптакыр айрымаланып турган стили, уйкаштыктарынын, муун ыргагынын ар түрдүүлүгү эркиндик, улут кызыкчылыгы үчүн кайдыгер карабай, улуттук дөөлөттөргө кыянаттык мамиле жасабай, элди ойгонууга чакырууда абдан натыйжалуу метод болгондугун дароо байкоого болот.
“Кайдыгерлик”, “Партия менен сүйлөшүү”, “Эне тилин унуткандар”, “Эштек”, “Кыянаттык” ырларында совет бийлигин айрым кемчиликтери, партиянын ошол учурдагы абалы, кыргыз совет адамынын типтүү образдары, эне тил маселеси, улут тагдыры абдан таамай, жаап-жашырылбастан, жымсымалданбастан ачык айтылган. Анткен менен ар бир аталган ырдын өзүнчө көтөргөн жүгү бар. Бир эле темада жазылса да, сүрөттөө объектиси ар бөлөк. Мисалы, “Кайдыгерлик” деген ырында совет мезгилинлеги формалдуу, курулай ураандар менен жүргүзүлүп, эстетикалык, абийрдүүлүк сапаттарына анча көңүл бурулбай калгандыгын сүрөттөөгө алат. Адамдар жакшы жашаганы менен ар ким өз жашоосу менен гана алек болуп, “сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм”, “көзүм көрбөсө куйругумду бөрү жесин” өңдүү түшүнүктөргө багынып жашап жаткандыктарын баяндайт. Мисалдап алсак, Токтогул Сатылгановдун отуруп турган эстелигин “от жерге коюн жайып, отурган чабанга” окшоштурса (бул тууралуу өз кезегинде Байдылда Сарногоев да ыр жазган эле[8]), тарых музейинин архитектурасына, өң-түс дизайнына ичи толбогондой оюн мындайча айтат:
Ш.Дүйшеев, 2010: 120-бет
Бозоргон бетондордун арасында,
Ыйлап турам,
- Кыргыздар,
Тарых музейине там бергиле? – деп,
- Кыргыздар,
Тарыхыңарга кан бергиле? – деп.
Ырдан көрүнүп тургандай, Мамлекеттик тарых музейинин өңүн кан-сөлү качкан адамга окшотуп, “кан бергиле” деп тургандай элестете алган. Андан сырткары малдын санын көбөйтөбүз деп жайыттарды ыксыз пайдаланунун натыйжасында Соң-Көл, Аксай, Арпа, Чаткал, Алай өңдүү өрөөндөрдүн куну качып бараткандыгына; Ысык-Көлдүн үстү менен химиялык зыяндуу заттарды ташып жаткандарга кайдыгер караган элдин аң-сезимин ойготууга аракет жасаган.
“Ысык-Көлдү сакта дейсиң” ырында:
Төгүлүп турган менен көлдүн пейли,
Көрүнгөн оонай берип,
Көмүлүп барат күндө элдин пейли.
Көлдүн өзүн сакта дейсиң элден мурда,
Көлдүн өзүн,
Көлдүн өзүн.
Элдин өзүн кимдер сактайт
Көлдөн мурда?
Ырда айтылгандай көлдүн өзүн эмес,алгач элдин өзүн сакташ керек, антпесе стакандап болсо да сатып жиберип, жерибизди жок кылып албасак экен деген чакырык.
Кокустан сен аларга,
Ысык-Көлдү жегин десең,
Азыр эле устукандап,
Кокустан сен аларга-
Ысык-Көлдү саткын десең,
Чемичке саткан өңдүү
Азыр эле сатып кирмек
Стакандап!
Адамдарда пейилдин, ыймандын кетип бараткандыгын айтат.
Кашеги турган менен терезеси,
Каалгасы турган менен эшиги жок,
Кан-бектен башкаларга тешиги жок,
Келаткан жаштарына керегеси,
Келечек урпагына
Калтырар бешиги жок,
Кандай калк болуп бүттүк кешиги жок?!
Биз ушинтип колдогу болгон байлыгыбыздын баарын сатып,жерибизди курут кылсак анда, келечектеги урпактарга эмнебизди мурас кылып калтырабыз. “Ыйлагандын-көзү жаман,айткандын оозу жаман,”-демекчи, акын чарпылып далбастаса да,адам кургур аны тыңдагысы жок.
Эне тилин унуткандар
Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!
Тил жоголбойт,
жоголсо, жоголот дил,
уулуң дагы,
кызың да
жоголот, бил!
Тил жоголбойт,
жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Сен дагы күнөөлүүсүң.
Чоңсуңбу,
Кичүүсүңбү,
Баласыңбы?
Ыр саптары өзү эле айтып тургандай,тарыхыбызды тактап биле албай кыргызбыз деп жүрөбүз,бирок, кыргызча сүйлөбөйбүз,кыргыз деп күйбөйбүз,мына биз ушундай кыргыз экенбиз. Буга баарыбыз күнөөлүбүз. Тилибизди сактап калалык,тилибиз бар тарыхыбыз бар,тарыхыбыз бар кыргыз улуту бар деген түшүнүк.
Кыянаттык деген ырында:
Тарых менен тамырды кезсең болот,
Тарых менен ташты да эзсең болот.
Тарыхсыз калк таптакыр тамырсыз калк,
Тарыхсыз калк жер менен жексен болот!-деп дагы бир жолу тастыктап жатпайбы. Эчне кылым тарыхы бар кыргыз бүгүн тилин унутуп:
"Ө" деген тамгабыз да "долой" болду,
Өмөр деген аты барлар ойкуштап "Омор" болду,-деп аттарыбыздын тыбыштары өзгөрүп,сөздөрүбүз унутулуп баратканын айтат.
Кыргыз жерим
Кызың жокпу?
Кыйналып турганыңда кырчооңдо апалаган,
Кыргыз жерим
Балаң жокпу,
Башыңа иш түшкөндө аталаган?
Кыргыз жерим,
Атың жокпу,
Атың кана,
Ата-бабаң калтырган, ата-бабаң?!
Ата-баба мурасын бурмалап жок кылып,келечекке бурмаланган кыргыз болуп барабызбы? Жаштар ойгонгула,бүгүн көзүбүздү ачпасак эртең кеч болуп калаары анык.
Жаман эмне,
Жакшы эмне ылгабадык,
Жалган ишке чыркырап ыйлабадык.
Жарма жасап ичкенге корстон болуп,
Жан оорутуп мээбизди кыйнабадык.
Мансап үчүн эл-жерге кайыл болуп,
Майдасын да, чоңун да бурмаладык!-чындыгында бардыгына кайыл болуп бараткандыгыбыз,акындын жан дүйнөсүн жети аңтарат.
2. Шарттуу түрдө бөлүнгөн бул бөлүмдө Кыргызстан саясий жактан толук түрдө көз карандысыздык алып, эгемен болуп жашай баштаган жылдардагы абалын чагылдырган ырлар орун алган. Мында акындын баяндоо стили, көбүнесе фольклордук ыкма менен ишке ашат. Уйкаштыктын аттама, аксак, оромо шыдыр түрлөрү; редифтер колдонулган. Поэтикалык каармандардан энөө, анча-мынчаны элес ала бербеген адамдын образын берүүдө “Эштек”, “Дардаң мырза”, бардык кылгылыктуу иштерди кылып, мамлекеттик жетекчилердин артындагы бейрасмий башкаруучулары болгон аялдардын типтүү образын ачыктоодо “Апийай” деген каармандар колдонулган. Мындагы ырларды мазмун жагынан алып караганда, “Эгемендүү эштек”, “Дардаң мырза” аттуу ырларда элдин жашоосу, советтик түзүмдөн жаңыча – базар экономикасына ыктаган жашоого өтө баштаган абалы, кыштан камылгалуу чыгуу жана аракечтик, үй-бүлө сыяктуу маселелер кабыргасынан коюлган [Ш.Дүйшеев, 2010: 167-225]. Мисалы, “Эгемендүү эштекте” метафоралык өтмө маани колдонулуп, Эштек адам кейпиндеги Кыргызстан катары берилген. Муну төмөнкү саптардан даана байкай алабыз:
Ш.Дүйшеев, 2010: 167-бет
Ии, Эштек байке,
Ошентип өткөндү да,
Кеткенди да эстеп болдуң,
ЭСЕНги ичиндеги
Эгемен Эштек болдуң...
Мында СССР тарагандан кийин түзүлгөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин[9] (КМШ же СНГ) орусча аталышынын баш тамгаларынын кыргызча айтылышы, кыргыз тилиндеги “эсенгирөө”, “эсенги” сөздөрү менен салыштырып жазган. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө эсенгирөөнүн мааниси алдан-күчтөн таюу, эс-учун жоготуп коюу, алсырап дармансыз боло түшүү деп берилет [КТС, 2010: 1438]. Демек, “эсенги” деген сөз алдан күчтөн тайыган деген заттык маанини билдирет. Мындай салыштыруу акындын жаңы табылгалырынын бири десек жаңылышпайбыз. Себеби СНГ уюму айла жоктон, СССРдин өзүн сактай албай калса да, элесин эстеп жүрүү максатында түзүлгөн уюм болгондугун анын уюушулгандан берки тарыхында жарытылуу иш жасай албагандыгынан байкоого болот. Акындын “Дардаң мырзасында” базар экономикасына көнүшүп жашагыла, дунгандардай болуп эшик алдыңа, там аркаңа бир нерсе айдап үй-бүлөңөрдү баккыла, өкмөттөн жардам күтпөгүлө, алар мамлекеттик мүлктү талап-тоноодон колу бошой албай жатат деген нускоосун айтат [Ш.Дүйшеев, 2010: 171-76]. Ал эми “Кыргыз келинин ыйында” эркектердин аракечтиктин айынан үй-бүлөө каралбай, катын-бала багылбай калгандыктан, бул көйгөйдү чечүү максатында кыргыз аялдарынын соодага киришип, үй-бүлөсүн багып жаткан типтүү образы берилген [аталган китеп, 180-86].
ТАПШЫРМА:Суроолорго жооп жазабыз,кыскача.
1.Эмне себептен Ш.Дүйшеевдин саясий ырларын эки бөлүмгө бөлүп кароого болот?
2.Биринчи бөлүмдүн ырларынын тематикасы менен 2-бөлүмдөгү ырлардын тематикасында кандай айырмачылыктар бар?
3.Ырларында кандай темаларга көп кайрылган?
4.Ырларындагы каармандардын образын кандай ачып бере алган?
5.Ырларынын каармандарынын аталыштары кандай?
6.Эмне себептен каармандарына ушундай аттарды берген?
7. Ырларынан өзүңүрдү көрө алдыңарбы?
Т.Касымбековдун “Келкел” романы
“Келкел “романы – көп каармандуу ,көп пландуу чыгарма. Бул чыгарма 1860- жылдан тартып Октябрь революциясынын жеңишине чейинки узак убакытты ичине камтыйт . Көрүнүп тургандай ,роман кыргыз элинин тарыхый тагдырындагы эң бир маанилүү ,эң бир орчундуу этаптык окуяларды көркөм чагылдырат. Ошондуктан сүрөттөлгөн турмуштук окуялар да мүнөзү жагынан ар түрдүү,ар кыл. Турмуш- тиричилик ,этнографиялык сценалардан тартып,тарыхый- революциялык эпизоддорго чейин баяндалат. Романдын көп пландуу сюжеттик курулушунда Фрунзе, Токтогул,Курманжан датка ,Мадамин бек ,Аман палван сыяктуу тарыхый адамдар менен бирге ,толуп жаткан ар түрдүү тагдырлар көрсөтүлөт. Кыргыз элинин эң кыйын ,эң татаал тарыхый доорун даана ,так сүрөттөөдө ,мезгилдин эң бир түйүндүү маселелерин көркөм чечмелөөдө автор өзүнүн негизги чыгармачылык максатын жүзөгө ашыра алган.
Чыгарма Курманжан датканын чоң жайлоодон күздөөгө көчүп келе жаткан жай турмушун сүрөттөө менен башталат. Курманжандын жашоосунда дайыма “кара көлөкөдөй “ээрчиген өз баргысы Карасакалдын чыккынчылыгынын айынан эч күнөөсүз Камчыбектин дарга асылышы ,Алымбек датканын башын Чотон аттуу баш кесердин кыя чабышы ,Алымбек датканын көзү өткөндөн кийин “Алай ханышасы “ аталып кыргыз элинин тарыхында биринчи аял башкаруучу ошондой эле элди ошол тарыхый шартка жараша башын кошуп башкара билген жана бөөдө кырылуудан сактап калган кыраакы аял катары образы ар тараптан өтө таасирдүү , кызыктуу сүрөттөлгөн.Өзгөчө кичи улуу Камчыбек дарга асылып жатканда айрылуу, татыктуу тарбиясына сыймыктануу, элдин тынччылыгы үчүн ошол чечимдин туура болгонун баарын бирдей көтөрө алган акылман аялдын элеси бир туруп ыйлагыңды келтирсе,бир туруп сыймактануу сезими уялайт. Амир Музафар байбичени “датка” көтөрүү туурасындагы жарлык аркылуу улуу даражаны ыйгарган .”Датка” деген даража эң оболу бир вилаяттын диний көсөмү , андан соң кеби эки болбой турган эл бегиси, аскербашысы да болуп саналган.Жарлык окулганда “..Мен болгону датканын жесиримин....бул элдин арасында билеги күчкө толо,башы акылга жетик азаматтары коп “.-дейт .Бирок отургандардын ар бири болгусу келсе да ,Музафардын чытылган кабагын көрүп,Жаркымбай баарынын атынан ыраазылыгын билдирет. Ошентип ,өзүнө-өзү эге,тыяктан орус менен да, быяктан амир менен да өз алдынча Кокон ордосунун башынан ашырып алака кыла кыла бере турган элеттинөзүнчө бир каникеси сыяктуу саясий абалга жетинген.Курманжан замандын ошол кыйын кезеңинде бөөдө каржалбай ,бир колду ачып бирдемени берип,бир колду жуумп- бир демени сактап калуу абзел ,кан ордодон өлө жадаган эл эч кимди ортого салбай өзүлөрү оруска өтүп кетишсе ,ким тосот ?Кармаш –бөөдө кан –төгүш,а күлө багыш-заман көчүнүн катуу багыт кыйын бурулушунда элдин амандыгын,уюткусун сактап калыш , -деп чечкен .Ал гана эмес ал эне катары мыкты тарбиячы экендигин Камчыбектен калган Кадыр менен Азиздин кулагына ар түрдүү таалимдерди куюп ,ойноп жаткандарында да :”Ушул бала күнүндө оюн тартибин сактабаган кийин эрезеге жеткенде адилеттик дегенди сезбей,ээн баш өсүп калат , а кычамдык карөзгөй кылат,-“деп тарбиялаган саптардан окуйбуз.
Чыгармада улуу акын Токтогул менен Курманжан жолугушат .Кийин Керимбай болуш каралап камалып калганда сексен ашып калганына карабай ,узак жол жүрүп , өз кадырын салып Ташкенге Токтогулдун азаттыгын сурап барат. Бул жолу орустардан өтө капа болуп кайтат,себеби алар анын өтүнүчүн аткарышпайт.
Өлгөндөн калган Маамытбеги ,Асанбеги, андан башка небере –чөбөрөлөрү баш-аягы эки жүздөн ашкан кезде ,карылыгы жетип ,токсон алты жашында дүйнөдөн кайтат.
Аман палван Карасакалдын каралы болуп ,кара курсагынан башка оюнда эч нерсе жок жүргөндө байбиченин сөзүнө кирип,жаш токол Шарапатты кызганып , көзүн тазалоону ойлойт .Кирип турган дайрага “эл үчүн” жокко санап тирүүлөй бастырып коюшмакчы болушат. Карандай күчтүн ээси Аман өлүмдөн кутулуп , жини келгенинен Карасакалды кирип турган сууга уруп жиберет,эч ким даай албай турганда кайра өзү чыгарып коет.Көр Шермат менен кумар ойногон “шотолун”бүт алып ,экөө урушуп, өчөштүрүп алат.Үй-бүлө, тууганы ,малы , тамы жок тентиреп жүргөн Аманды Карасакал , көр Шерматтар моюнуна чалма салып ,атка сүйрөтүп ,былк этпей калганда ,” өлдү” дешип ,таш менен корумдап кетишет.
Анда өлбөй тирүү калып ,кийин Ажымат куран китепти колуна берип, жаман жолдон кайтам ,-дедиртип ,алдына ат мингизип ,колуна курал берип, ушундай оош-кыйыш заманда курал кармоо сендей азаматтын иши деп ынандырып , кол баштатат. Ал кара күчүнөн башка эч нерсеси жок аңкоо ар кимдин тилине кирип,корбашыга айланат.Ага чейин жини кармап , Карасакалды уктап жаткан жерине кирип барып өлтүрмөкчү болот,Шарапаттын кагуусу менен өлтүрбөй кетет.Кийин өзү шерик болуп турган Шарапатты ээрчитип чыгып кетет. Курсагы ачканда колго түшөрүнө карабай,бейпил жаткан айылга кол салат,талайт.Башкаларга ишенбей, уктаганда Шарапат кайтарат. Ажымат эшен атайы алдына келип ,ээрчитип жүргөндөрдү кое берүү керектигин,орус эли элди тең кылганын , ар ким жайынча оокат кылуу мезгили келгенин айтуу үчүн алдына келип турганын билдирет. Келгенде жүзү жаркып ,этегинен өөп тооп кылып, тосуп алган “азирети эшенге” карата жини келип, жек көрөт .Аман акылынан ажырап бараткандай,өз жинине өзү уугуп:”Эмне ?!”Каракчы?!”Арам?!”-деп кээкерлеп сүйлөтпөй :”Ыя?!Мага бата берген ким эле?!. Пендеден эч качан көтөрүңкү үн укпаган Ажымат таң калып:”Ие,углум ,мен сени “эл тала”.эр өлтүр “ дедим беле ,углум?”-деди мындайды андан күтпөй,ага күйүп ,башка жакка жер оодарып кет деп келген максаты ишке ашпай.Жиндеп,бууркандап, каны ичине тартып жигиттерине башын алып салуу үчүн буйрук берет ,ким даай алат? Акыры ач кыйкырыкты салып,кылычы менен тартып жибергенде тогуз ором селде кыркылып,чубалып түшөт ,эшен тирүү калат.Сөгүнүп ,өз уусуна өзү уугуп ,бир нече жолу атып жиберет.Тигилер өлүктү көтөрүп кеткенден кийин Аман палван аңгырап талаада калды. Кызыл аскерлер менен басмачылардын ортосундагы атышууда колго түшпөй ,кирип турган дайрага бой уруп жиберип ,дагы өлбөй калат.Канча жолу жардам берген Жакыптын үйүнө келип ,ал эч кимге көрсөтпөй дагы дарылап, багып,адам кылат,бешиктеги баласы менен Шарапаттын дайынын сурайт .Жакып Амандын дагы деле жакшылык оюнда жок,жамандыктан кайтпасына көзү жетет. Акыры Наманген базарында колго түшүрүп алып келген жеринде эл экинчи жолу корумдап өлтүрөт.
Чыгарманы окуп жатып Токтулдун кер мурут жаш кези,алгачкы бирок армандуу махабатына күбө болосуң,оозго алынып кыз оюндардын көркүн чыгарып жүргөн күндөрдө Алымканга жолугат.Суван бий кызын кудалап койгон болот. Жеңижок акын Суван бийге кадырлуу адам болгон. Бул жагдайды уккандан кийин улуу акын кыздын атасына келип, кызынын колун Токтогул үчүн сурайт.Токтогулдун атын уккан бий ал сунушту такыр четке кагат ,капа болуп, Көксулуусун ээрчитип шарт туруп кетет.
Ушул окуядан кийин Ниязаалы комузчунун үйүнө жалгыз келип ,бул жолу Төрөсү жок, элге шыбырт билгизбейли деп кеңешишет. Каяктан укканы же бир кошоматчысы жеткиргени белгисиз Осмонбек болуш келип ар кайсы күнөөгө жыгып,Ниязаалы ордуна башка ат берейин деп жалынса болбой, айыбына экөөнүн аттарын сойдуруп салат. Таң атканча билген күүлөрүн черттирип ,эч кое бербей коет.Таң атканда эч нерсе калбай айла жок Ныязаалы комузчу “Кара теке бой-бойду “ чертип калат,не бир залкар күүлөр ,армандар ,дастандар жакпай жаткан болушка жан кирип:”Ии, мына ,күү деген,”-деп астейдил кубанат.Ошентип кое бербей,Суван бийдин “кыз узатуу”тоюна ырчы-чоорчу болуп барасыңар деп алып барат.Түнү менен жеңесин болжогон жерге жөнөтүп ,айласы кетип апасына “көңүлүндө башка адамы “ бар экендигин айтып ,алардын баарынан жыйынтык жок,атасын сөзгө калтырбай ,той кийимин кийип,тагдырына баш ийип отурган болот.Ошондо ичиндеги арманын төгүп,атын айтпай ,ырдап кирет.Алымкан күйөөгө кетип, кадимкидей сары ооруу болуп,Жеңижок менен Ниязаалы ар нерсени айтып жооткотуп узатышат. Алардын бөлүнөөрү менен жерге көмкөрөсүнөн түшүп, көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлаган делет.Кыш бою оору эмес ,соо эмес, жетпеген ашыктыктын азабын тартып жатат. Муну жан жолдошу Төрө ,анан энеси Бурма гана чындап түшүнүп, кейишет. Жазында Төрө келип, эл аралап кетишет.Эл акынды ,Токтогул элди сагынып,барган жеринде ичи толгон арманын ,деги эле ,жашоо ,дүйнө тууралуу ырларды куюлтуп бир топ каныгып, катылып калгандай угуучунун жүрөгүнө жеткирип,элине сүймөнчүгү артат. Бурма үйүнө айылдап келген алыскы туугандарынын кызын алып калалы дегенде ,энесинин көңүлү үчүн үйлөнүүгө макул болот.Элге сөз болбосун ,тоюн тойлотуп колдон келген шаан-шөкөт менен эле алам деген оюн айтат.Жыйынтыгында той берип, ырчы-чоорчулар менен байлардын кызындай болбосо да ,колдон келген каадасы менен Тотуяга үйлөнөт.
Дыйканбай “баш өргөөгө” чакыртат.Кирип барганда эч ким орун бошшотпойт,ырчылыктын салты менен эл наркын,жер көркүн сыпаттап,айкөл Манастан бери эл жакшыларынын кылган иштерине даңаза айтып ырдайт. Баары алкап,көтөрүп макташшат,бул дуу-дуу Арзыматтын көңүлүн тебеледи.Байбатчадай жасанган Арзымат түз эле “сен кимсиң” деп жакалашчудай баштап,өзүн мактап,”сенин жайыңды”билем дегендей жерге чаап мыскылдайт .Мунун баарын Дыйканбай көкүтүп,эсине келтирип коймок үчүн уюштурган,акырында калыс киши көрүнүп,Токтогулга кымкап жаптырат.Шайлоого карата алдын-ала кылып жаткан Дыйканбайдын амалы болчу.Бул нерсени түшүнгөндөн кийин акын барбай коет.
“Анжиян көтөрүлүшүнө” катышты деген жалган жалаа менен Сибирге 12 жылга айдалат.Ал жактан орус тилектештеринин жардамы менен качып келет.Экинчи жолу айдалганда Сибирге алып барышпайт.Ал жактан качкандыгы тууралуу билдиришкенде, Керимбай кайра дагы кармап бергенге дааган эмес.Баягы атын сойдурган Осмонаалы болуштун баласы Жумааналы уездной төрөгө жерден чукуп болсо да табаарын тилмеч аркылуу айттырып , энесинен кабар алуу үчүн келген акынды кармап берет.
“Кайран киши кор болуп кетеби ? Бул жолу түрмө азабын көтөрө алар бекен ? “-деп алдын баары кейишет.Ныязаалы,Жеңижок,Коргоол,Калык эл аралап ырдап Юсуф дегенаркылуу тилмеч аркылуу Токтогулду бошотуп алуу үчүн ак куржун толо пул менен төрөнүн идарасына киргизишет .Ошол иштен кабар алуу үчүн баратканда жол боюндагы камыштын арасынан кыргоол уча качып,жалындай созолоно капчыгайдын оозу жакка имерилип кетет.Мына ушул жерден шыкактап ,жиреп отурушуп ,кыргоол жөнүндө айтып беришин Жеңакеңден сурашат .Ошондо жаактуудан теңи жок ,Жеңижок Наменгенге чейин кыргоолдун көгала моюн болгонго чейинкисин сүрөттөгөндө жетип барышкан экен. Байсымак боз жоргосун түрмөдөн бошонгон Токтогулдун алдына тартат.
Канча мезгил өткөн соң,”уулу улан,кызы жубан болуп”күйөөсү өлүп ,өзүн- өзү билген байбиче болгон чагында Токтогулду конокко чакырып,сый-урматын көрсөтүп:”Токо,көз майымды түгөтүп,тырмагымды жүдөтүп,саймасын кылдап сайгам...Жүрөгүмдүн канына боеп,кыйылып калган жаштыгымдын кызыл-жашыл гүлүн жайгам...Бул дүйнөдө эмнени көрбөй калсам,эмнени айта албасам,көңүлүмдөн алып чыгып,ошонун баарын мына ушул көк жибектин бетине салгам..Кирпигими ийне кылып,өтүнүнүчүмү,күйүтүмүбирден –бирден кайыгам”-деп “белбакты”өзү курчайт Алымкан.
Балалык чагы,жаштык күндөрү өткөн Кыргызстанда өткөн Фрунзе Түрк Фронтунун командачысы болуп келип,жаңы заманды орнотууда жүргүзгөн саясий иштери,басмачылар менен болгон күрөштөрдө ,элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө согуш ишине машыккан ,элдин тилин , салтын ,көз карашын мыкты билген жетекчи экендигине баа бересиң. Токтогул акын менен тааныштырышканда адам катар,.акын катары аны өтө жогору баалаган . Үгүт иштерине элдин сүймөнчүгү ,булбулу болгон акындын орду өзгөчө экендигин баса белгилеген. Саясий күрөштө дайыма алдыңкы катарда алып жүргөн. Англиядан келген тыңчы Энвер пашаны кас душманы Фрунзенин кыргыз тилин суудай билгени, элдин салтын, ат оюндарын мыкты билип,ал эмес өзү мыкты улак тартыша алганы ,”элдин түшүн жоруй” билгени ичин күйгүзгөн. “ Улак тартыш “ оюнун кызыга карап турганда жыгылган адамды эч качан ат тебелебесин, конокко барганда колго суу куйган баланы элдин салтына ылайык алкаганы кошулуп жүргөн орус жолдошторун таң калтырган. Мадамин бек менен сүйлөшүүнү ылайык көрүп, эл үчүн ,эл эркиндиги үчүн күрөшүүгө жыйырма миң аскери менен өздөрүнө өтүүгө чакырат.Ажымат да ким дос ,ким кас экендигин ,кайсы жол туура экендигин айтып,акыл-кеңешин берет. Ак тилегинин белгиси кылып ,Мадамин Фрунзеге жорго мингизет. Мадамин Маргалаң атчан полкунун командирлигине дайындалат. Акунжан, Калкожо, көр Шерматтар менен сүйлөшүүгө барган кезде “саткын”дешип колго түшүрүп өлтүрүшөт.
Курманжан датканын Камчыбегинен калган Кадырбек Фергана кыргыздарынан куралган ыктыярдуу кызыл аскерге башчылык кылуунну М.В.Фрунзе сунуш кылып,командир болуп дайындалат. Чектен ашкан, элдин кыз-келинин зордуктап,талап-тоногон Мойдунду Энвер паша Кадырбек менен жолугушууга жиберет.Алардын ою боюнча манаптын тукумуна деле жаңы заман жакпайт,бизге өтөт деген үмүт бар эле.Жолугушууга келип, алыстан эки тараптын тең колу кайтарып турат.Мойдундар үчөө,Кадырбектер эки адам болуп,боз үйдө дасторкон үстүндө отурушат.Мойдундун сүйлөшкүсү жок,алдыртан сөзгө тартып,сылык сүйлөп,амал менен Камчыбек колго түшүрүп алат.
Романда ыңкылаптын жеңишин белгилеген чоң жыйында Токтогул акындын кылымдар бою эзилген элдин эңсегени орундалып, “КЕЛКЕЛ” келгенин ,бул жакшылыкты эл эч качан колдон чыгарбашын төгүп ырдаганы баяндалат.
Чыгарманын аягында А.В.Затаевге жолуктуруп бардык күүлөрүн нотага түшүрткөн,бирок,дастандарын ал өзү эмес фольклорчу кагазга түшүрсө боло тургандыгын айтат.Акынды Затаев сүрөткө тартып алат. Ошентип акын бир убакта ыраазы,бир убакта нааразылык көңүлүндө орун алып элге кайтты. Ыраазылыгы-калыс музыкачынын шарапатынан бир аз болсо да күүлөрүнүн кагазга түшүрүлгөнү,өкүнүчү-өзүмчүл “башчынын”кесепетинен ыры ,дастандары өз оозунан жазылып алынбай калганы жөнүндө баяндалат.
Кыргыз сатирасынын бийик чокуларынын бири-Мидин Алыбаев
Кыргыз элине таанымал акын Мидин Алыбаев адабият дүйнөсүнө отузунчу жылдары келген . Анын чыгармачылыгы педтехникумда окуп жүргөндө башталган ,ал жыйырма жашында алгачкы “Бактылуу жаштык “ аттуу ырлар жыйнагын 1937- жылы жарыкка чыгарган .Ушул жыйнакка “Бактылуу жаштардын жаш акыны”деп кириш сөз жазган К.Маликов Мидинди келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш акын катары баалаган. Ошого удаа эле Мидиндин “Ырлар жыйнагы”(1938 ,”Жомокчу мерген “(1939) аттуу китептери жарык көргөн.
Улуу Ата Мекендик согуш башталган мезгилинде бүткүл совет эли сыяктуу эле акындын да патриоттук сезими ого бетер курчуп , туулган жерди ,Ата мекенди коргоо ,душманды жек көрүү,аны талкалоо кечиктирилгис милдет болуп тургандыгын ал өзүнүн ырларында ачык жана таамай айта алды . “Ант” деген ырындагы лирикалык каарман мекен –эненин берген сүтүн актоочу мезгил келгендигин билдирип ,кашык каны калганча күрөшүп,аны коргоого ант берет .Бирок согушта кыйроо ,бүлүнүү, чексиз кан төгүүлөр,кырчын өмүрлөр кыйылаары көп болоорун эскертет. “Ыйлабачы “ деген ырын көңүл айтуу ,сооротуу , кайрат берүү мазмунунда жазып, керектүү сөздөрдү таап айта алган.
Ыйлабачы !
Кайгыны ичке батыргын .
Сабыр кылчы ,
Айтканын ук акындын :
Коркок бирөө
Коюнунда жатканча
Аты жакшы
Жесири бол баатырдын!
М.Алыбаев эл ,жер ,мекен тууралуу ырларды жазганда жөнөкөй ,бирок терең маанилүү сөздөр менен окурмандын жүрөгүнө жетет.Мына ушундай жөнөкөй жана мазмундуулугу менен акындын ырлары жагымдуу.
Акындын сүйүү лирикалары кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлейт.Анын махабат лирикаларына обончулар обон жаратып карапайым адамдардан тарта белгилүү артисттер аткарып жүрүшөт, бул –адамдардын жан дүйнөсүн терең түшүнө алуу,махабат сезиминин ыйыктыгын . сүйүүнүн тазадыгын ,назиктигин кадырлоо, сыйлоо.
Сатира жанрында 1957-жылы жарык көргөн “Ак чүч”
аттуу сатиралык ,лирикалык ырлар жыйнагы акындын атын чыгарды.Акындын талантында тубаса сатиралык ,юмордук касиеттердин болгондугу жөнүндө замандаштары эскеришет.
М.Алыбаевдин канында кайнап турган сатиралык көрөңгө “Чалкан “журналында иштеп турган мезгилинде аябай өөрчүгөн. “Осмонаалы лөкүй”,”Дүжүр бука” өңдүү фельетондору ,”Ак чүч”, “Бюрократ “ атуу сатиралык ырлары турмуш тиричиликте колдонулуучу тамаша сөздөргө айланып кетти .
4. Райкан Шүкүрбеков таланттуу драматург,акын-сатирик жана котормочу катары өз орду бар жазуучулардын бири болуп эсептелет .Ал 1913 –жылы азыркы Талас областынын Кара –Буура районуна караштуу Ак- Чий айылында туулган. 1923-26- жылдары казак тилинде билим алган .Окуунун казак тилинде болушу Абайдын котормосундагы Пушкиндин,Крыловдун чыгармалары менен эртерээк таанышууга жана чыгармачылык шыгынын ойгонушуна өбөлгө түзгөн.
1929-жылы Фрунзе шаарындагы , ал учурдагы бирден –бир маданий – агартуу иштерине кадрларды даярдоочу педагогикалык техникумга келип кирип ,1933- жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыккан. Бул техникум К.Жантөшев ,К.Маликов ,М.Элебаев ,М .Токобаев ,Ж,Бөкөнбаев сыяктуу кыргыз профессионал жазма адабиятынын улуу муундары сыяктуу эле Райкан Шүкүрбековдун да көркөм шыгын ойготкон адабий бешиги болгон.Ал чыгармачылык ишин ушул техникумда окуп жүргөн жылдарында баштаган . 1929-жылы “Жаркынай “деген аңгемеси “Жаңы маданият жолунда “ журналына жарыялануу менен алгачкы чыгармачылык тушоосу кесилген.
Р.Шүкүрбеков кыргыз профессионал жазма адабиятынын тарыхында сатира жанрынын алгачкы кирпичтерин коюшкан авторлордон.Ал адабиятыбыздын тарыхында сатирик катарында көрүнүктүү орунда турат .
Райкандын сатираларында жашоо-тиричилик маселеси басымдуу орунду ээлейт.Коомго ,элге ак дили , ниети менен кызмат кылууну унуткан , коомдук менчикти өз кызыкчылыгы үчүн алдым-жутумдук менен пайдаланган,дүйнөкор ,бюрократ,паракор жетекчилер ,өткөн замандын терс жактарын али өз айдасы үчүн пайдаланган эскичилдер,”иттен көлөкө талашкан “ жалкоо, бекерпоздор ,халтурщик жазуучулар , кыскасы ,коомго ак ниет кызматы , адал эмгеги менен салымын кошуп ,түз сүйлөп , ар ишке туура мамиле жасап,өзүнүн бакыт- ырыскысын күжүрмөн эмгектен адамдарыбыздын максатына кедерги болгондор Райкандын сатираларында куйкум сөздүн өртүнө чалдыгышып ,ар тараптуу мыскылга алынат.”Ала-Тоону алты араба кылып жазган”,анысына насвайчылар насвайын ороп саткан,гүлдү түрдөп терип ,”карындаштардын кашын ырдап жүрүп, каармандарын унутуп калган””чыгармачыл” адамдар “халтурщик досуна “сатирасында катуу сынга алынат.”Жададым кооз үндөн “,”Кой коз деле жакшы”,”Жиндинин сөзү”,”Сен эмеспи”,”Өзүбүздүн Мишка”,”Тим койсо экен жайына “,”Ырдабай турбайт”Лирика”,”Буттун шору”,”Талбас моюн “жана башка сатираларында жасакерлик ,көшөкөрчүлүк ,кошоматчылык күйдүргү,курч сөздөрдүн күчү менен катуу сынга алынып ,нукура сулуулук,кооздук ,жупунулук,кичи ейил карапайымдык даңазаланат.Өзүнүн көмөчүнө күл тарткан ушакчылардын мүнөзү”Буттун шору” сатирасында жасалмалуулук, Коенкөзов ,Конокбаевдердин сатиралык портреттери аркылуу даана тартылып ,мыскылга алынган.
Адабиятчы –окумуштуу К .Артыкбаев сатирик жөнүндө төмөнкүдөй пикирди айтат:”...Райкандын сатиралары башкалардан күйдүргүлүү,мыскылдуу , күлкүлүү, куйкум сөздөргө жык толгону менен кескин айырмаланып турат. Юмор сатиранын өңүн ачкан ,ага күлкүлүү сөздүн жардамы менен курч мүнөз берген эң башкы көркөм каражат эсептелет . Акындын тамсилдерин, какшыктарын, пародиялары, учкул сөздөрүн,термелерин, интермедияларын, пьесаларын окуган, уккан же көргөн адам аргасыз мыйыгынан жылмаюуга, кээде көзүнөн жаш чыкканча күлүүгө мажбур болот. Райкандын куйкум сөздөрү жылт этип кайра өчүп калуучу кандайдыр бир жеңил күлкү эмес, алар биздин коомго жат ,терс көрүнүштөрдүн сай-сөөгүн сыздатып, чучугуна жеткен курч сатира .( “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы”,Фрунзе,”Мектеп” ,1982 ,393-394-беттер ).
Райкан Шүкүрбековдун коомго ,этика-моралга бөгөт болуучу жогоркудай сатиралык чыгармалары бүгүнкү күндө да өзүнүн курч маанисин сактоодо.
5. Байдылда Сарногоев
Акындын мектепте окуп жүргөн мезгилде жазган ырлары орто мектептин чегинде гана кала бербестен,кыргыз жазма профессионал поэзиясын түптөшкөн акындардын көзүнө чалдыгып,алардын колдоосуна ээ болуп, эл арасына таркайт.
Акындын биринчи ырлар жыйнагы жыйырма жаш курагында “Шумкар”деген ат менен жарык көрдү.
1961-жылы жарык көргөн “Ак калпак”ырлар жана поэмалар жыйнагында саясий-социалдык лирикалар менен катар таланттуу жазылган граждандык,пейзаждык,сүйүү ырлары басымдуу орунду ээлейт.Сатиралык мүнөздү ичине алган,бирок жумшак юмор менен сүрөттөлгөн,ачуу чындыкты жумшак күлкү менен ажарын ачкан ырлары да кеңири.
Акындын сатирага мындай мамиле кылышы окурман журтчулукту кайдигер калтырбагандыктан,ушундай мүнөздөгү айрым ырларына (“Селки,бозой ырдашат”,”Таң калам”)обон чыгарылып,тамашалуу ыр катарында эл арасында ырдалып жүрөт.Б.Сарногоевдин чыгармачылыгында маанилүү орунду ээлеген достук азилдер да “Ак калпак”ырлар жыйнагынан бери карай кандайдыр бир жаңы түскө ээ болуп,өзгөчө кайталангыс касиетке ээ.Акындын тандаган темасы боюнча кандайдыр бир окумандын жүрөгүнөн түнөк тапкыдай жандуулукту камтып,айрым учурда жумшак юморду жетекчиликке алып,сезимтал кыялга аралаш “бырс”күлүүгө шарт түзөт.
Акындын “Ашуудан берген отчетум” ыр жыйнагы “Ар кыл ырлар”,”Арноо жана каалоо ырлары”,”Махабат ырлары”,”Юмор жана сатира ырлары”,”Поэмалар жана термелер”,”Жаңы ырлар жана ода”деген бөлүмдөрдөн турат.
М.Алыбаев,Р.Шүкүрбековдор менен мамилелеш болду.Алардын сүйлөгөн сөзүн ,турмуштук терс көрүнүшкө карата мамилесин жакын үйрөнүп,коомго карата акынга таандык ачык-айрымдыкты дал ошолордон алды,өздөштүрдү.Б.Сарногоевдин сатира жана юмор ырларындагы негизги өзгөчөлүк андай ырлардын ар биринде акындын өзүнүн терс көрүнүштөргө карата мамилесин,ал гана эмес жакпаган нерсеге карата кыял-жоругун да чагылдырып жибергени бар.Акын коомдогу терс көрүнүштү сыноодо кандай кечиримсиз болсо,өзүнө карата да ошондой.Анын натыйжасында башкалардын кыял-жоругун,жүрүш-турушун кандай күйдүргү сөздөр менен шылдыңдаса,өзүн,жеке турмушун,кетирген кемчиликтерин да андан кем эмес сынга алат.”Сенди унутуп коюптур”ырында кошоматчылыкты сынга алып,бүгүнгкү турмушта ал жөнөкөй эле терс көрүнүш гана болбостон,адат катары калыптанып баратканына токтолуп:
Адабияттар:
1.Егиналиев .С. Райкан Шүкүрбеков Ф.Мектеп 1971
2.Шүкүрбеков .Р.Мидин Ф.Кыргызмамбас ,1961
3.Карымшаков С.Көркөм сөз күчү. Ф.Мектеп 1978.
4Артыкбаев .К.Кыргыз совет адабиятынын тарыхы Ф. Мектеп 1982
5 Алыбаев .М. Чыгармалар жыйнагы
6.Сарногоев .Б чыгармалар жыйнагы .
...