Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Тест по "Химии"

Автор:   •  Май 30, 2022  •  Тест  •  1,376 Слов (6 Страниц)  •  251 Просмотры

Страница 1 из 6

Орг.химия 2-модуль жалпы суроолор.

1. С3H7I жана  C4H9Cl молекулардын  бардык изомерлеринин структуралык формулаларын жазгыла. Аларды  IUPAC ижана по         радикалдык—функционалдык номенклатуралар менен атагыла. .

2. Төмөнкү галогентуундууларды IUPAC номенклатура менен атагыла жана кайсынысы 1-лик, 2-лик, 3-лүк алкилгалогениддерге кире тургандыгын көрсөткулө

[pic 1]

3. 1–Бутенден 1-бромбутанды, 2-бромбутанды жана 1,2-дибромбутанды синтездөө схемаларын келтиргиле:

4.        2-бромбутанга  туура келүүчү  спиртти, алкенди, алканды, алкинди синтездегиле.

5. Хлордуу изобутилди 3 жол менен алгыла, анын төмөнкү реагенттер менен реакцияларын жазгыла: NaCN; NH2CH3; NaOH (H2O); Mg (абс. эфир), ацетон; NaOH (спирт). гидролиз реакциясынын механизмин келтиргиле.

6.         Төмөнкү айланууларды ырааттуулукта жүргүзгүлө: пропанол + SOCl2  A + Mg (абс. эфир) Б + вода  В

7. Алкилгалогениддердин реакциялык жөндөмдүүлүктөрүнө галогендин жаратылышы кандай таасир тийгизет. Тефлон деген эмне?  Анын колдонулушу түзүлүшү  кандай ?  

8. Кайсы алкилгалогениддерден 2-метилбутен-2, пентен-1, дивинил алынат? Реакциялардын теңдемелерин жазгыла:

9. дихлорметандын , хлороформдун, 4хлордуу көмүртектин йодоформдун, хлоропрендин өндүрүштө алуу реакцияларын жазгыла. Бул заттар кайда колдонулат.

10. Кайсы сапаттык реакциялар менен төмөнкү заттарды айырмалоого болот:

1) хлордуу бензил жана хлордуу  аллил; 2) бромбензол жана бензилбромид; 3) 1-хлоргексан жана  н-гексан?

11. Төмөнкү айланууларды ишке ашыргыла:

[pic 2]

13.  С6Н11ОН. спиртинин бардык изомерлерин жазып, атагыла.  

14. Этанол, трибромэтанол, фенол, 2,4 дихлорфенол. бул катардагы бирикмелерди кычкылдуулук касиетинин өсүшүнө жараша жайгаштыргыла.

15. 3 хлорбутен- 1 ден  бутен- 2 -ол- 1 пайда болушун жазып түшүндүргүлө.

16. Пропенден ацетонду жана изо-бутилспиртин синтездегиле.  

17. Айланууну ишке ашыргыла:

а) СН3СН2ОН → СН2=СН−СН=СН2;

б) СаСО3 → карбид кальций → С2Н2 → С2Н5ОН → С2Н5Cl → этен.

18. Эсептеп чыгаргыла: 100 г глюкозанын эритмеси ачыганда: углерод (IV) оксиди бөлүнүп чыгат, аны кальций. гидроксиди аркылуу өткөзгөндө массасы 10 г кальций карбонаты пайда болгон. Глюкозанын эритмедеги массалык үлүшүн эсептегиле.

19. 1000 м3 этиленди (н.ш.) алуу үчун массалык үлүшү 0,96, же  96%, (тыгыздыгы 0,80 г/см3) болгон  этанолдун эритмесинен канча литр керек.

20.  Пропанолдун: а) натрий; б) кальций  в) PCl5; г) НВr.  менен реакцияларын жазгыла. Алынган заттарды атагыла.

21. Пропантриол-1,2,3:төмөнкү бирикмелер менен болгон реакцияларын жазгыла:  а) Сu(ОН)2; б) HNO3. в) С17Н35СООН.Алынган заттарды атагыла.  

22.  2 метилбутанол-2. спиртинин ички молекулалык дегидратация реакциясыын схемасын жазгыла.

23. Төмөнкү айланууларды ишке ашыргыла, алынган заттарды атагыла:

[pic 3]

24. Кальций  оксидинен жана башка органик эмес реагенттерден этанол кантип синтезделет?. Реакцияларын жазгыла.

25.  Кучеровдун жана  Вюрцтун реакцияларын колдонуп метандан 2-пентанолду синтездегиле .

26. Төмөнку айланууну ишке ашыргыла, алынган заттарды атагыла:

[pic 4]

  1. IUPAC жана рационалдык номенклатуралар менен томонку заттарды атагыла:

[pic 5]

  1. Төмөнкү заттарды кислоталык касиетинин жогорулашы боюнча жайгаштыргыла: метанол, фенол, уксус кислота, көмүр кислота, о-нитрофенол, пикрин кислота, анизол.
  2. Фенолдун кислоталык касиетинин алифаттык спирттерге салыштырмалуу жогору болушу эмнеге негизделген?
  3. Фенолдун кумолдук ыкма менен алынышы эмнеге негизделген. Бул процесстин схемасын бензол → фенол аркылуу чагылдыргыла. Фенолун алынышынын дагы кайсы ыкмаларын билесинер?.
  4. Анизолдун азот кислотасы (10%), бром суусу, ацетилхлорид (AlCl3),  күкүрт кислотасы менен болгон реакцияларынын тендемелерин жазгыла.
  5. Кайсы сапаттык реакциялар менен айырмалоого болот: этанол жана  этандиол; фенол  жана бензил спирт; аллил спирт жана пропанол?
  6. Эгерде таасир этүүчү заттар ашыкча болсо кайсы заттар алынат: а) бромду  фенолго; б) азот кислотасын пара-крезолго. Реакциялардын тендемелерин жзып тушундургуло.
  7.  Фенолдордун томонку заттардан алуу реакцияларынын тендемелерин жазгыла: а) бромбензолдон; б) орто хлортолуолдон; в) мета нитрохлорбензолдон;  г) α хлорнафталинден.  Алынган заттарды атагыла.
  8. Төмөнкү заттар аракеттенишкенде кайсы бирикмелер алынат, реакциялардын тендемелерин жазгыла: а) натрий феноляты туз кислотасы жана СН3I менен; б) суюлтулган H2SO4 орто крезолят натрий менен ; в) көмүр кислотасы калий β нафтоляты менен.
  9.  Вюрц – Фиттиг реакциясын колдонуп көмүртектен бензол аркылуу бензолдун гомологдорун андан ары фенолдун гомологдорун синтездегиле.
  10. Фенолдордун темир (III) хлориди менен болгон реакциялары (фенолдук Он тобуна сапаттык реакция )
  11. Фенолду сульфирлөөдө температуранын таасири кандай? Реакциялардын теңдемелерин жазып тастыктагыла.
  12. Фенолдон салицил кислотасын алуунун реакциясын жазгыла.
  13. Фенолформальдегид чайырынын түзсызыктуу жана торчо формаларынын алынышын көрсөткүлө
  14.         Курамы С4Н8О болгон альдегид жана  кетондордун изомерлеринин структуралык формулаларын жазып, аларда  IUPAC номенклатурасы менен атагыла.
  15.         Төмөнкү бирикмелерди IUPAC номенклатурасы боюнча атагыла:

[pic 6]

  1.         Толуолдон   бензальдегидди алуу реакцияларын жазгыла. .
  2.         Курамы С4Н9ОН болгон спирттин  4 изомерин кайсы альдегид жана кетондорду калыбына келтирүүдөн алууга болот. Кайсы спиртти алууга болбойт.
  3.         п-толуил альдегидинин гидроксиламин, натрий бисульфити, фенилгидразин, синиль кислотасы, күмүштүн оксидинин аммиактагы эритмеси, жана темирдин катышуусунда бром менен болгон реакцияларынын тендемелерин жазгыла.
  4.         Ацетондун  PCl5, гидразин, метанол (Н+), PBr3, 1 мол Br2, аммиак менен аракеттенишүү реакцияларын жазгыла.
  5.         Эки  молекула пропион альдегиди аракеттенишкенде алдоль-кротондук конденсация реакциясы жүрөт. Реакциянын схемасын жазгыла.  Ацетон жана 2,2-диметилпропаналь аралашмасынын кротон конденсациясынан кайсы заттар алынат?
  6.         С3Н6O курамындагы затты каталиттик гидрлөөдө суутекти кошуп алат, ал эми  жездин(II)  гидроксиди менен ысытканда кирпич кызыл түстөгү чөкмө пайда болот. Алгачкы заттын структурасын аныктагыла.
  7.  Ацетонду, пропион альдегидин, метилацетиленди бири-биринен айырмалоочу реакциялардын тендемелерин жазгыла. Эмне үчүн  C=O тобун кармаган кетондор альдегидден айырмаланып күмүш күзгү реакциясын бербейт?
  8.         Акролеин альдегиди НBr кошуп алууда Марковниковдун эрежесине каршы жүрөт, аны кантип түшүндүрөсүнөр? Реакциянын тендемесин жазып механизмин көрсөткүлө.
  9.         Ацетон өнөр жайда кайсы ыкма менен алынат, жана кайда колдонулат?  Ацетонду метилацетиленден, пропандан, уксус альдегидинен алуу реакцияларынын тендемелерин жазгыла.
  10.         Гриньярдын реактиви деген эмне? Алар кантип синтезделет? Метилмагнийиодид менен формальдегиддин, метилэтилкетондун, бензальдегиддин реакцияларынын тендемелерин жазгыла. Алынган заттарды атагыла.
  11.  Төмөнкү айланууларды ишке ашырып, алынган заттарды атагыла:

[pic 7]

53. Аталышы боюнча структуралык формуларын жазгыла:

    а) диметилэтилуксус  кислота;     б) 3-метил-4-этил-бутан  кислота;

    в) этанкарбон кислота; г) винилпропилуксус  кислота.

54.   Эмне үчүн карбон кислоталардын арасында газ абалындагылар болбойт. Жообун негиздегиле. 

55. Кумурска жана козу кулак кислоталарынын башка органик кислоталарынан айырмасын, реакцияларын жазып тастыктагыла.

56.  СН4 (метандан) →СН3-СН2-СООН (пропан  кислотасын) бир нече ыкмаларды колдонуп алгыла. Бул учурда Вюрцтун , Кучеровдун жана башка реакцияларды колдонгула.

...

Скачать:   txt (16.5 Kb)   pdf (207.4 Kb)   docx (133.3 Kb)  
Продолжить читать еще 5 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club