Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Эрнис Турсунов Эл душманы: даректүү көркөм баяндар (2010)

Автор:   •  Декабрь 12, 2022  •  Реферат  •  2,102 Слов (9 Страниц)  •  102 Просмотры

Страница 1 из 9

Кунт коюп оку. Текстке карата оюңду айт.

Экология

«Экология» деген сөздү немец биолог окумуштуусу Эрнст Геккель 1866-жылы өзүнүн «Организмдин жалпы морфологиясы» деген эмгегинде колдонгон. Ал грек тилинин «oikos» + «logos» деген сөздөрүнөн алган. Кыргызча «үй», «биз жашаган жер, чөйрө», «ата мекен»+ «илим» деген маанини түшүндүрөт. Немец тилинде «okologie». Ошентип, «экология» термини жаралган. Э. Геккель организмдердин чөйрөсү жана алардын бири-бири менен өз ара байланыштарын изилдөөчү илимди «экология» деп атаган. Демек, тирүү организмдердин өз ара бири-бирине болгон таасирин, жашоо чөйрөсү менен байланышын изилдөөчү илимди экология дейбиз. Бул илим жаратылыштын жандуу жана жансыз заттарынын байланышын, таасирин иликтейт.

«Кыргыз тилинин сөздүгүндө» экология «адам менен курчап турган чөйрөнүн өз ара карым-катыш маселелерин ар тараптан иликтей турган илимдин бир тармагы» экендиги белгиленген.

Мындан 35 жыл мурда америкалык биолог жана эколог Барри Коммонер экологиянын 4 законун аныктаган. Алар:

– бардыгы бири-бирине карым-катнаш;

– бардыгы батышуу керек;

– бардыгы бирдемеге татыйт;

– бардыгын жаратылыш өзү тейлейт.

Буларды ар бир адам билип жана ар дайым эсине сактап жүрүүгө мезгил жетти. Азыр жер шарындагы адамдардын 50 миңден бирөө авиа кырсыгынан, 10 миңден бирөө жол кырсыгынан, 5 миңден бирөө зыяндуу заттардан мерт болууда. Бул жол кырсыгына караганда эки эсе көп. Адам самолётто учпай, машинада жүрбөй, кемеде сүзбөй коюуга болот. Бирок, суу ичпей, тамак жебей, аба жутпай жашоого болбойт. Ошондой эле, атомдун зыянын токтотууга болот, бирок химиянын зыянын, көмүртек газын токтотууга мүмкүндүк жок. Сууларда, дарыяларда, деңиздерде уулуу пестициддердин 128 түрү табылды. Майда жандыктарды айтпаганда да Түндүк мухиттеги көк киттер акваториясынан качып, өзүн өзү өлтүрүп жатканы дал ошол гармониянын бузулушунан, суулардын булганышынан. Кала берсе, нефтехимиянын таасиринен жер шарындагы жылуулук эки пайызга көбөйүп, Арктикадагы муздар эрип, аба ырайы өзгөрүп, суу ташкындары арбыды.

Жаратылышта зыянкечтер жок. Аны өзүбүз жасап алып жатабыз. Мисалы, пестицид – өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык каражаты катары чыгарылган. Бирок, ашкере көп колдонгондуктан, анын ууландыруучу жана бүлүндүрүүчү чабуулун токтотууга чама жетпей баратат. Илим аныктаган статистикалык тактык бар. Гербицид менен 10 жыл иштегендер – жашоого жараксыз майыптар. Эгер теплицада багылган сүйрү бадыраңдан 11ди катары менен жесе, андагы гербицид доозасы оорууга дуушар кылат. Билген кишилер базардан курту бар алманы сатып алышат. Алмада же алмурутта курт болсо, аны жешке болот. Химия, нефть, газ, гербицид, пестицид жана ар түрдүү өнөр жай саркындылары – адам өмүрүн кыя турган кылыч. Ошонун кесепетинен Москвада адам өмүрүнүн орточо мөөнөтү жыл сайын кыскарууда. Мурда жетимиш болсо, азыр алтымыш беш.

Нефтехимиянын жүз эселеп жайылышын, технократтык цивлизациянын интенсивдүү өсүшүн таразалабай, айрым эсепкор жетекчилер жаратылышка эски көз караш боюнча карап жатышат. Ысык-Көлдү булганыч куймалардан арылтып, тегерегин тазалап, Каркыра же Сары-Жаз сууларын бурбай койсо деле калыбында сактап калууга болот деген жалган пикирге кошулууга болбойт. Ысык-Көлгө куюп турган 118 чакан өзөн, дарыя, суулар толук куйбай, тартылып калган. Жөнөкөй эле түшүнүк бар. Көлгө суу куйбаса, акырындап азайып, кемип, акыры соолот. Экологиянын башкы белгиси – суу апааты, жер чумасы. Жерге күч көрсөтүп, анын байлыгын талоонго салып, кулкунду чоң ачып, үстүндөгү гана эмес, астындагы булактарын, кен байлыктарын соолутуп жаткан күнүмдүк плантаторлор менен өнөр жай өндүрүүчүлөрдүн кесепетинен Аралдагы тең салмак жоюлду, аны калыбына келтирүүгө кеч козголгон аракеттер азырынча алсыз. Аралда суунун 40 пайызы калган. Ысык-Көл какшып бараткан Аралдын биринчи стадаиясындагы абалда. Тең салмак жоюлар менен ал тартылат.

...

Скачать:   txt (30.6 Kb)   pdf (124.5 Kb)   docx (18 Kb)  
Продолжить читать еще 8 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club