Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Тест по "Истории Кыргызстана"

Автор:   •  Ноябрь 10, 2021  •  Тест  •  2,385 Слов (10 Страниц)  •  480 Просмотры

Страница 1 из 10

Акыл Ордо

1-тур

1-суроо: Кыргызстандагы эң узун дарыяны атагыла?

Ж: Нарын дарыясы

2-суроо: Кыргыз элинде бүркүт таптаган адамды кантип атайт?

Ж: мүнүшкөр

3-суроо: Азыркы кыргыз алиппесинин(алфавитинин) авторлору кимдер?  

      Ж: Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев

4-суроо: Кыргызстандагы эң чоң район кайсы?

      Ж: Ат-Башы

5-суроо: Чыңгыз Айтматовдун “ Бугу-Эне” чыгармасындагы жезкемпирдин аты?

Ж: Майрык-Чаар-Жезкемпир.

6-суроо: Кыргыз акча валютасындагы 1 сомдо сүрөтү түшүрүлгөн белгилүү композитор ким?

      Ж: Абдылас Малдыбаев

7-суроо: Талас облусунун гимни саналган “Таласым” аттуу  ырдын авторун атагыла ?

      Ж: Шекербек Шеркулов

8-суроо: XII кылымдын аягында XIII кылымдын башында Эне-Сайдагы Кыргыз мамлекетин башкарып, жана ал ошол мезгилде борбор Азияга үстөмдүк кылууга умтулган. Бирок тилекке каршы Ал 711-жылы Суңга токоюнда курман болду.  Бул тарыхый инсан ким ?

        Ж: Барсбек каган

9-суроо: Кыргыз эл баатыры, атактуу хирург, академик, профессор. Жакында эле анын ысымы гиннес рекорддор китебинен орун алды. Азыркы күндө 90 жаштан өтүп калса да операция жасоону улантып келет.Кайсыл белгилүү кыргыздын дарыгери жөнүндө сөз болду?

       Ж: Мамбет Мамакеев

10-суроо: Казактын белгилүү ханы Кененсары хан 1847-жылы түндүк кыргыз урууларына капыстан кол салып кыргынга учуратат. Бул учурда түндүк кыргыздарын башкарган Ормон хан казактын ханы Кененсарыны сазга тыгып өлтүрөт. Бул согушта кыргыздын ханы Ормон өзүнүн согуштук тактикасын колдонуп душмандарды жок кылды. Ал согуштук тактика тарыхта кандай аталып жүрөт ?

        Ж: Ормон Опуза

11-суроо: Аргентина мамлекетинин борбор шаарын көрсөткүлө?

        Ж: Буэнос-Айрес

12-суроо: Экинчи дүйнөлүк согуш кайсыл жылы башталган

         Ж: 1939-жылы

13-суроо: Бул мамлекет 1991-жылы СССРдин курамынан бөлүнүп чыкты. Азыркы учурга чейин 6-президентин шайлаганга жетишти. Коңшулаш мамлекеттеринен айрымаланып эң биринчи айым  президент дал ушул өлкөдө шайланган. Бул кайсыл өлкө?

          Ж: Кыргызстан

14-суроо: Дүйнө жүзүндөгү аянты боюнча 61 орунда турган мамлекет кайсы?  

           Ж:

15-суроо: Австралия мамлекетинин символу болгон жаныбарды атагыла?

           Ж: кенгуру

16-суроо: Эки адам 5 партиядан шашки ойнойт. Ар бири 5 жолудан утту. Бул мүмкүнбү? Мүмкүн болсо кандай?

            Ж: Ооба мүмкүн. Анткени ар бири ар башка адам менен ойнойт.

17-суроо: Адмадар менен унаалар басып өтүүчү жаныбар кандай аталат?

             Ж: зебра

18- Канадада жалбырак, Тажикистанда таажы, Жапонияда күн, ал эми Түркияда эмне болушу мүмкүн?

             Ж: Ай. Анткени бул жерде өлкөлөрдүн желектери жөнүндө сөз болууда.

19-суроо Азербайжандын борбор шаары эмне деп аталат?

              Ж: Баку

20-суроо: Жер өз огунда айланып күн менен түндү пайда кылаарын кайсыл окумуштуу далилдеген?

              Ж: Польшалык Николай Коперник

21-суроо Барселона футболдук клубу кайсы автономиялуу мамлекеттин атынан чыгып келет?

              Ж: Каталония

22-суроо: Көрүстөндөгү таштын бетине жазылган байыркы жазууларды изилдөөчү илим эмне деп аталат?

              Ж: эпитафия

23-суроо: Монголиянын валютасы кандай аталат?

              Ж: тугрик

24-суроо Манастын чоң атасы ким болгон?

              Ж: Орозду

25-суроо: Коңурбайдын атасы ким болгон?

              Ж: Алооке

26-суроо: Вотсап месенджернин негиздөөчүсү ким?

            Ж: Ян Борисович Кум.

27-суроо: Чеп-Таш тарыхый жайы Талас өрөөнүнүн кайсыл айылында орун алган ?

            Ж: Кара-Суу айылдык аймагында

28-суроо: Эгерде 15 курулушчу үйдү 4 айда куруп бүтсө, анда ушундай эле 20 курулушчу ал үйдү канча айда бүтүрөт?

            Ж: 3 айда

29-суроо: Такси кызмат акысы: кардар отурганы үчүн 40 сом жана ар бир километрге 12 сом төлөсө, анда 9 км жол жүргөн болсо канча сом төлөйт?

           Ж: 148 сом

30-суроо: Ч .Айтматовдун “ Кылым карытаар бир күн” романы кайсыл жылы басылып чыккан?

...

Скачать:   txt (16.3 Kb)   pdf (74.2 Kb)   docx (16 Kb)  
Продолжить читать еще 9 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club