Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Исламская революция 1978-1979 гг. в Иране и последствия

Автор:   •  Июль 3, 2022  •  Курсовая работа  •  5,725 Слов (23 Страниц)  •  172 Просмотры

Страница 1 из 23

НОУ УНПК «МЕЖДУНАРОДНЫЙ УНИВЕРСИТЕТ КЫРГЫЗСТАНА»

Факультет «Лингвистики и регионоведения»

Кафедра «Регионоведение»

КУРСОВАЯ РАБОТА

По дисциплине «История стран Азии и Африки»

 на тему:«Исламская революция 1978-1979 гг. в Иране и последствия»

Проверила: к.п.н., и.о. доц. Джаныбекова З.А.

Выполнил(а): Кубанычбекова Аниса,

группа Араб-1-18

Бишкек 2020

Мазмуну

Киришүү        3

Бөлүм 1.Ислам революциясына чейинки мезгил        5

1.1.Революцияга чейинки кырдаал жана Мохаммед Реза Пехлеви        5

1.2. Аятолла Хомейни,шахка каршы иш аркеттер        9

Бөлүм 2.Ислам революциясынын негизги этаптары        14

2.1Революциянын  себептери,жүрүшү жана жыйынтыгы        14

2.2.Иран Ислам Ресбуликасы деп жарыяланышы, исламдаштыруу        20

Корутунду        26

Колдонулган адабият тизмеги:        29


Киришүү

Кылымдарды карыткан Перс падышачылыгынын тарыхына чекит койгон 1978-1979-жылдардагы Иран революциясы күтүлбөгөн окуя болду.

Ислам революциясы  Иранда 1978-жылдын январынан 1979-жылдын февралына чейинки  окуя, анын натыйжасында Шах Мухаммед Реза Пехлеви жана Монархия  кулатылып, аятолла Хомейни башында турган жаңы администрация түзүлгөн.1978-жылдын аралыгында Ирандын ар кайсы шаарларында ислам дин башкармалыгынын өкүлдөрү демонстрацияларды уюштуруп, аларды Шахтын сакчылары таркатып турган.  Жыл аягында революционерлер  иш таштоол тактикасына өтүшүп, бул экономиканы толугу менен алсыздаткан .  Бийликти мындан ары өз колунда кармай албай калгандыктан, шах бийликти орточо оппозициянын арасынан премьер-министрге өткөрүп берип, өлкөдөн чыгып кеткен.

 Иран шахынын  өлкөдөн качууга аргасыз кылган окуядан бир аз мурун байкоочулар анын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлүп жаткан реформалардын ийгиликтүү болорун алдын-ала айтышкан, динамикалуу өнүгүп жаткан экономика жана социалдык туруктуулук жөнүндө сөз кылып өлкөнүн укмуштуудай өнүгүүсү күтүлүп жаткан эле. Жана дагы 1960-70-жылдары Иран Батыш дүйнөсүндөгү мусулман чөлкөмүндөгү эң прогрессивдүү жана светтик өлкөлөрдүн бири деп эсептелген.  Мамлекет Америка Кошмо Штаттары менен Израилдин маанилүү тышкы саясий союздашы болгон. Ошентип календардагы бир эле дата өлкөнүн тагдырын кескин өзгөрткөн.1979-жылдагы төңкөрүштөн кийин Иран Ислам Республикасы болуп калган.

 Ушул тема боюнча талаш-тартыштар бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Жакынкы Чыгыштагы татаал жана карама-каршылыктуу саясий жана экономикалык кырдаалды талдоо менен эксперттер Иранды ар дайым бийликтин негизги регионалдык борборлорунун бири деп эсептешкен.

Азыркы убакта деле саясий чөйрөдө Иран Америка Кошмо Штаты менен болгон бир катар чыр чатак маселелери бүтө элек. Акыркы жылдары Ислам Республикасы эл аралык дипломаттардын, саясатчылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун көңүл чордонуна айланган, бул өзүнүн компромисссиз жана көзкарандысыз саясатынан улам, биринчи кезекте Батыш өлкөлөрүнө (АКШ, ЕС, Израиль) байланыштуу.Мисалга алсак  2018-жылы май айында АКШ эл аралык мамилелердин бүткүл тутумуна дагы бир ирет кескин таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгышта коопсуздук коркунучтарын жараткан Иран менен “өзөктүк келишимди” токтотконун жарыялады.Ушул сыяктуу  кырдаал 1979-жылы Иран мамлекетиндеги революцияга алып келген эле.Революция гана эмес  Иран Ислам Республикасынын монархиясы кулагандан кийин түзүлгөн саясат жана бийлик шиит теологдорунун колуна  өткөндүгү да  бир топ кызуугууну арттырган.Бул кызыгуунун жаралуусунун бирден бир себеби  биринчи кезекте, Ислам режиминин иш-аракеттери жана баягы революциядагы ураандардын ортосундагы карама каршылыктардын жыл сайын  күчөп келиши саналат.

...

Скачать:   txt (81.5 Kb)   pdf (206.3 Kb)   docx (35.3 Kb)  
Продолжить читать еще 22 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club