Графиканы иштетүүнүн технологиясын окутуу методиксы
Автор: Элиза Мамасаликызы • Март 13, 2023 • Контрольная работа • 1,254 Слов (6 Страниц) • 167 Просмотры
Лекция №3
Тема: Графиканы иштетүүнүн технологиясын окутуу методиксы
- Компьютердик графиканы колдонуу чөйрөсү.
- Компьютердин графикалык системасынын аппараттык компоненттери.
- Сүрөттөлүштөрдү кодго айландыруу.
- Графикалык редакторлор.
- Графикалык редакторлор менен практикалык иштөө.
- Компьютердик графиканы колдонуу чөйрөсү.
Информатика курсунун бул бөлүмү компьютердик информациялык технологиянын дагы бир бөлүмүнө – графикалык информация менен иштөөнүн технологияларына кирет. Компьютердик графика – бул ЭЭМ колдонула баштаган салыштырмалуу жаңы чөйрө экендигин белгилей кетүү керек. Компьютердик графиканын өркүндөп өсүүсү качан гана ЭЭМдин 4- муундагы компьютерлери чыгарыла баштагандан кийин өнүгүүнүн өзүнчө ылдамдыгына ээ болду.
Графиканы программалоо – азыркы программалоодогу эң татаал тармак болуп эсеп-телет. Азыркы кездегиколдонмо графикалык китептердин пайда болушу компьютердин көпчүлүк пайдалануучулары үчүн жакшы шарттарды түздү.
Негизги курстун бул бөлүмүндөгү теориялык мазмунга төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
- Компьютердик графиканын техникалык каражаттарынын составы жана иштеши туурасындагы суроолор;
- Компьютердин эсине сүрөттөлүштөрдү берүү маселелери;
- Компьютердин графикалык системасынын аппараттык компоненттери.
Окуу китебинде компьютердик графиканын техникалык каражаттарынын курамы жана иштөө принциптери берилет. Окуучуларга, биринчи жолу компьютер менен тааныш-канда ПКнын ар бир сырткы түзүлүшүнүн иштөөсүн атайын контролер башкарып турары айтылгандыгын эскертип коюу керек. Графикалык сүрөттөлүштөрдү чыгаруунун негизги түзүлүшү дисплей болуп саналат. Дисплейдин иштөөсүн видеоконтролер башкарат. Бул түзүлүштүн башкача термин менен аталышы да бар – видеоадаптер.
Окуучулар дисплей түзүлүшү жөнүндө кабыл ала турган негизги түшүнүктөр: экран-дын дискреттүү структурасы, пикселдердин тору, электрондук шоола менен растрды ска-нерлөө, сканерлөөнүн жыштыгы, түстүү монитордун пикселдеринин үч түстүү структура-сы. Берилген материал физикалык: электрондук шоола, люминесценция, базалык үч түс-түн аралашуусу түшүнүктөрү менен байланышкан. Бул түшүнүктөр окуучулар тааныша элек электрониканын жана физикалык оптиканын түшүнүктөрүнө кирет. Бул маселелерге токтолуп отуруунун кажети жок. Окуу китебиндеги кыскача түшүндүрмөлөр жетиштүү болот. Кийин жогорку класстарда физика сабагынан бул физикалык кубулуштар туура-сында толугураак билип алышат. Бул бөлүмдүн материалдары видеоконтролердун «ичин карап көрүүгө» мүмкүндүк берет. Тааныштыруу мурдагыдай эле архитектурасын көрсө-түү деңгээлинде жүрөт, б.а. техникалык жактан ишке ашырылуу маселелери көргөзүлбөс-төн, жөн гана функциялык сыпатталышы берилет. Ушул көзкараштан алганда, видео-кон-тролер эки бөлүктөн турат: видео эстен жана дисплей процессорунан. Окуучуларга бул тү-зүлүштөрдүн алуудагы ролун көрсөтүү керек.
ЭЭМдин эсиндеги информациялардын бардыгы экилик эсептөө системасында болот. Ошондуктан экрандагы бардык сүрөттөлүштөр ЭЭМдин эсиндеги информациялардын ча-гылдырылышы – видеоинформациялар болот. Башталышында видеоинформация опера-тивдик эсте түзүлөт (графикалык файлдарды ачууда, графикалык редакторлордо сүрөт тартууда). Экранга чыгаруу видеоинформациянын монитордун контролңруна берилиши менен иш жүзүнө ашырылат: информация видеоэске жазылат жана ошол замат эле мо-нитордун ишин башкаруучу дисплей процессорунун үзгүлтүксүз иштөөсү менен экранга чыгарылат. Ошентип, видеоэс ОЭС (оперативдик эске сактагыч) менен дисплейдин орто-сундагы өзүнчө бир буфер болуп эсептелет. Экранда сүрөттөрдүн алмашуусу видеоэстеги информациялардын алмашуусунун натыйжасы болуп саналат. Экранга чыгарыла турган информациялардын типтерин (текст, графика, анимация ж.б.) экранга чыгаруу системасы айырмалабастан иштетерин окуучуларга түшүндүрүү зарыл.
...