Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Европа

Автор:   •  Декабрь 20, 2020  •  Контрольная работа  •  2,055 Слов (9 Страниц)  •  391 Просмотры

Страница 1 из 9

Европа

1. Европанын этностук тарыхы. Азыркы этностук курамы.

2. Чарбанын жана материалдык маданияттын өзгөчөлүктөрү.

3. Үй-бүлө-нике мамилелеринин өзгөчөлүктөрү. Руханий маданияты. Адабияттар:

  1. Народы зарубежной Европы//Народы мира. Этнографические очерки. – М., 1964. – Т. 1. – М., 1965. –Т.2.
  2. Народы и религии мира: энциклопедия / гл.ред. В.А. Тишков. – М., 1998.
  3. Основы этнологии: учебное пособие / под ред. В.В. Пименова. – М., 2007.
  4. Стельмах В.Г., Тишков В.А., Чешко С.В. Тропою слез и надежд: (Книга о современных индейцах США и Канады). – М., 1990.
  5. Этнология: учебник/под ред. Г.Е. Маркова, В.В. Пименова. – М., 1994.
  6.  Этнография. Учебник. – М., 1986.

Европа (семит тилинен «ереб» - батыш дегенди түшүндүрөт) - Евразия материгинин батыш жагын камтыйт.

Азыркы учурда Европа менен Азиянын бөлүнүүсү: Ямал аралы, Урал тоосу, Урал суусу, Каспий деңизи, Кума –Маныч дарыялары (ойдуңу), Кавказ тоосу, Кара Дениз, Суец каналы

(Түндүгүнөн- Түндүк муз океаны, Түштүгүнөн – Жер Ортолук, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери, Батышынан-Атлантика, Чыгышынан Урал тоолорунан Дондун куймасына чейинки аралыкты камтыйт

Европанны жалпы аянты – 10 млн кв. км. Европа Батыш, Чыгыш, Түштүк, Түндүк Европага бөлүнот.

1. Европанын этностук тарыхы. Азыркы этностук курамы.

Европада, Франциянын түштүгүндө (Кро-Маньон үңкүрүндө) кеч палеолиттеги (35-40 миң жыл мурда) азыркы типтеги адамдын сөөгү табылган.

Байыркы доордогу Европанын эгейской цивилизациясында: Апеннин жарым аралында этрускилер, лигурлар; Иберия жарым аралында – иберлер, лузитандар, васкондор; на Британ аралдарында - пиктилер. Бул этностордун ичинен васкондор (баскилер) сакталып калган. Баскилердин тили изоляцияланган тилге кирет. Окумуштуулардын божомолунда ошол мезгилде эле Европага индоевропалык тилдерге сүйлогөн этностор (прародинасы Европа менен Индиянын ортосунда) да кире баштаган. Балкан жарым аралында пеласгий, андан кийин грек уруулары, Аппенин жарым аралында италия уруулары тарала баштаган. Прибалтикада герман уруулары, түштүк-чыгышында славяндар, чыгышында летто-литвалыктар жашаган. Борбордук жана Батыш Европада кельт уруулары: азыркы Францияда, Бельгияда – галлдар, Иберия жарым аралында - иберокельттер, Британия аралдарында – биттер, скоттор, галлдар жайгашкан.

Б.з.ч. II-I миң жылдыктарда гректердин эллиндик шаар цивилизациясы тараган. Элладанын батыш Жер ортолук деңизинин батышына таасири б.з.ч. III к. чейин рим цивилизациясынын таасирине караганда алсыз болгон. Рим империясынын таасири роман тилдүүэл дердин калыптануусуна шарт түзгөн.

Рим империясы кулагандан кийин (б.з.ч.V к.) Европада миграциялык чон процесстер болуп, герман тилдүү этностор Батыш Европанын Борбордук, Түндүк территорияларында роман тилдүү галлдарды сүрүп чыгышкан, кээ бир жерлерде аларга сиңип кеткен (мисалы Франциянын франктары). Герман тилдүү агл, сакстар Британ аралдарынан келип жергиликтүү кельт урууларын сүрүп, өзүнө сиңирип башташкан. Бриттер кайра материкке Бретаньга кайтышкан. Герман тилдүүлөр чыгышка, түштүк -чыгышка славяндардын жерине жылышкан, славяндар Борбордук, Чыгыш Европага жана түштүккө Балканга чейин жылышкан.

Европага чыгыштан келген элдер европалыктар тарабынан токтотулган (аварлар, булгарлар). IX к. мадьярлар (венгрлер) гана Түштүк Уралдан Дунайдын ортоңку агымына чейинки аралыктарды ээлешип, батыш жана түштүк славяндардын чектерин бөлүп турушкан. VIII к. Пиреней жарым аралы арабдар тарабынан каратылган. Арабдар бир нече кылымдардан кийин бул аймактан кетишкен. Алардын калтырган таасирин Мальта аралынын жашоочуларынан көрсөк болот, алар араб тилинин диалектинде сүйлөшөт.

Түштүк-чыгыш Европанын этностук тарыхына XIV-XVкк.(кээ бир жерлерде XX к. чейин таасир эткен) Балкан жарым аралын толук караткан түрктөр чоң таасир этишкен. Христианство I к. Римской империясынан Европанын башка аймактарына тараган.

...

Скачать:   txt (30.1 Kb)   pdf (159.6 Kb)   docx (18.1 Kb)  
Продолжить читать еще 8 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club