Кызыл китепке кирген жаныбарлар
Автор: Gulzana Tashtanbekova • Апрель 3, 2025 • Лекция • 961 Слов (4 Страниц) • 152 Просмотры
№13. Тема: Кызыл китепке кирген жаныбарлар
Кызыл китептин чыгарылышы –абдан маанилүү окуя. Бул китепке киргизилген сейрек жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоонун ийгиликтүү стратегиясына өтө муктаж. Мындай стратегия биздин табигый улуу мурасыбызды коргоону гана камсыз кылбастан, биологиялык ресурстарды пайдалануу принциптерин дагы өзгөртөт, ага толугураак мүнөздөмө берет. Анткени биздин азыркы убакта жердин тарыхында адам баласы тарабынан жаратылыш чөйрөсүнүн (дээрлик таптакыр кыйроого чейин) аябай кескин өзгөрүшүнүн убагы экендигин түшүнүү керек. Азыркы учурда адам тукумунун таасиринин натыйжасында планетабызда өсүмдүктөр менен жаныбарлардын миңдеген түрлөрү жок болуп кетиши мүмкүн. Бул процессти токтотуу абзел, себеи биологиялык ар түрдүүлүктүн мындан ары азайышы экосистемалардын туруктуулугунун бузулушуна алып келет. Акыркы он жылдыкта биз сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөр, биологиялык ар түрдүүлүк, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, мониторинг «Кызыл китеп ж.б. ушул сыяктуу түшүнүктөрдү колдоно баштадык». Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо формаларынын бири болуп Кызыл китеп саналат. Бул китептер жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү жана алардын санын турукташтыруу же калыбына келтирүү боюнча практикалык сунуштар жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Кызыл китептин улуттук биринчи чыгарылышынан бери (Кыргыз ССРнин кызыл китеби, 1985) 20 жылдан ашуун убакта өттү. Бул жылдар ичинде көптөгөн жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн саны боюнча байкаларлык өзгөрүүлөр болду КР УИА биология-топурак таануу институтунун окумуштуулары тарабынан акыркы 20 жылда сейректеп жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөргө анализ жүргүзүлүп, алардын таралышын тактоо боюнча Кыргызстандын бүткүл территориясында илимий экспедициялар жүргүзүлдү. Сейректеп жана жоголуп бараткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн тизмеси такталып, Борбордук Азиянын деңгээлинде талкууланган, Россия, Украина, Грузияж.б. мамлекеттрден келген адистер тарабынан такталган жана КР өкмөтү тарабынан бекитилген (№170 28.04.2005)
1985-жылы чыгарылган КР Кызыл китебине салыштырмалуу жаңы китептин көлөмү кеңейтилди. Бирок, бул жаныбарлардын санынын төмөндөшү менен жердеген жерлеринин начарлашынан улам эмес, негизги себеп, өсүмдүктөр менен жаныбарлар азыркы кезде бир топ изилденген.
1974-жылы СССРдин кызыл китеби түзүлгөн. 1978-жылы сүт эмүүчүлөрдүн 62 түрү, канаттуулардын 63 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 8 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 21 түрү, өсүмдүктөрдүн 444 түрү киргизилген СССРдин кызыл китебинин биринчи чыгарылыш жарык көргөн. Алардын ичинде Кыргызстандын территориясында да кездешкен түрлөр болгон.
1981-жылы Кыргыз ССРнин өкмөтү тарабынан улуттук кызыл китепке киргизилүүчү түрлөрдүн тизмеси бекитилген. 1984-жылы кошумча тизме ырасталган. Жалпысынан алганда Кыргыз ССРнин кызыл китебине сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү, канаттуулардын 31 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 3 түрү, балыктардын 1 түрү, курт-кумурскалардын 16 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 65 түрү кирүүгө тийиштүү эле бирок тилекке каршы, 1985-жылы чыккан Кыргыз ССрнин Кызыл китебине биринчи тизмедеги эле түрлөр кирген: сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү, канаттуулардын 20 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 3 түрү, балыктардын 2 түрү, курт-кумурскалардын 5 түрү жана жогорку өсүмдүктөрдүн 65 түрү. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин тизмелер кайра каралган эмес жана кызыл китеп кайра чыгарылган эмес.
2005-жылы май айында КР өкмөтүнүн токтому менен муунак буттуулардын 18 түрү, балыктардын 7 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлордүн 8 түрү, канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү киргизилген жаңы тизме бекитилген.
Балыктар
Кыргызстандын сууларынын Евразия континентинин ичкеи жагынан орун алганына карабастан, ихтиофаунасы ар түрдүү. Анын курамында 17 тукумга кирген 79 түрү бар. Ысык Көлдүн өзүндө эле Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын 9 эндемиги жашайт.
Кызыл китепке кирген түрлөрдүн областар боюнча таралышы
...