Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Психологияга киришүү

Автор:   •  Сентябрь 18, 2022  •  Лекция  •  2,027 Слов (9 Страниц)  •  802 Просмотры

Страница 1 из 9

 Лекция 1. Психологияга киришүү

План:

  1. Психология түшүнүгү.
  2. Психологиянын тармактары.
  3. Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы.
  4. Психика түшүнүгү.

1. Психология түшүнүгү.

Психология - (гр. «психе»-«жан», «логос»-«илим») – адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим. 

Психология деген грек тилинен которгондо “жан жөнүндө окуу” дегенди тушундурот. Демек психика бул жан. Жанды эч кимибиз көзүбүз менен көрүп, колубузга кармай албайбыз, муну баарыбыз эле түшүнүп турсак керек, бирок ошол эле учурда жансыз биздин денебиздин эч мааниси жок экени да түшүнктүү. Ошондуктан адамдын бир эле учурда эки дүйнөсү бар: көрүнбөгөн, ички, жан дүйнө жана сырткы, биз туюп сезе алган дүйнө. Бул эки дүйнө бири-бири менен тыгыз байланышта. Биринин абалы экинчисине түздөн-түз таасир этет.

Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.

Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин закондорун, маңызын жана табиятын ачуу. Бул закондорду билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.

Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), онтогенездик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт.

2. Психологиянын тармактары.

 Психология илими өз өнүгүү багыттарына ээ болгон, өз изилдөө обьектилери бар бир нече тармактардан турат. Азыркы учурда психология илиминин системалары активдүүт өнүгүүдө. Психология илими изилдөөнүн практикалык мүнөзүнө карай фундаменттик жана колдонмо (прикладдык) психология болуп бөлүнөт. Ал эми изилдөө обьектисинин масштабына жараша жалпы жана атайын психология деген эки чоң группага ажырайт. Жалпы психлогиянын өзү таануу процесстеринин психологиясынан жана личносттук психологиядан турат. Таануу процесстерине сезүү, кабыл алуу, көңүл буруу, эс, элестетүү, ойлоо жана кеп процесстери кирет. Бул процесстердин жардамы менен адам жаратылыштан маалыматтарды алат жана аларды кайтадан иштеп чыгат.

Личносттук психология адамдын жүрүм-турумун, ишин аныктоону касиеттерди, эмоция, жөндөмдүүлүк, диспозиция, установка, мотивация, темперамент, мүнөз жана эрк сыяктуу түшүнүктөрдү иликтейт.

Психология – эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот.

Азыркы убакта психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга бɵлүнɵт:

  • зоологиялык психология – жаныбарлардын психикасын изилдейт;
  •  медициналык психология -(адамдардын психикалык процесстеринин бузулушунун түрдүү спектрлерин жана аларды эскертүүнү, коррекциялоону иликтейт);
  • генетикалык психология - (психиканын жана журумтурумдун, тукум куучулук механизмин, генотиптик негизин үйрөтɵт);
  • балдар психологиясы – баланын тɵрɵлгɵндɵн баштап бой жеткен куракка чейинки жашында психикасынын ɵзгɵчɵлүктɵрүн караган бөлүгү;
  • педагогикалык психология- (окуу жана тарбияга тиешелүү маалыматтарды чогултуп үйрөтɵт);
  • курак психологиясы (адамдардын тар түрдүү жаш курактарын талдайт); дифференциалдык психология (адамдын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн айырмачылыктарын изилдейт);
  • эмгек психологиясы -психологиянын, адамдын эмгектик иш-аракеттеринин психологиялык өзгөчөлүктөрүн, эмгектик көнүгүүлөрүнүн өсүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн караган бөлүгү; 
  • социалдык психология- (адамдардын журум-турумун, иш-аркеттерин социлдык негизде талдайт);
  • юридикалык психология (адамдардын жүрүш-туруш эрежесин, нормасын юридикалык жактан изилдейт)
  • психотерапия, психодиагностика (адамдардын психикасынын өнүгүү деңгээлдерин жана психикалык бузулууларды жана аларды оңдоп түзɵɵ жɵнүндɵ үйрөтɵт);
  • этнопсихология – социалдык психологиянын жана этнологиянын бир тармагы. Улуттар, расалар жана башка этностук биримдиктердин салттуу психикалык өзгөчөлүктөрүн жана азыркы мезгилдеги айырмачылыктарын изилдейт.
  • Мындан тышкары спорт психологиясы, аскер психологиясы, инженердик психология, деген ж.б. бөлүктөргө бөлүнөт.

Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Б. Г. Ананьев жана башкалар), ал эми австриялык врач З. Фрейд психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон.

3. Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы

«Психология» деген сөз 16-кылымда эле немец жана француз тексттеринде пайда болгон. Бул сөздy байыркы грекчеден которгондо (psyche) –жан, жана (logia)- түшүнүү, билүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы күндө психология түптүү тамыр алган илимдердин бири экенин тануу мүмкүн эмес. Анын кылган кызматы коомдо чоң мааниге ээ. Теориялык жагынан алганда илимде, практикалык жагынан алганда күнүмдүк турмушубузда психологиянын ойногон ролу чоң. Мисалы, кичинекей бөбөктөрдүн эле жашоосунда, тарбиясында анын кылган кызматын алалычы. Дүйнөнү тааный элек жаш баланын сезим-туюмун ойготуу, кабыл алуу жөндөмүн чоң кишиден кандай гана эркти, сезимталдыкты, мееримдүүлүктү талап кылбайт.Ал эми мындай чоң ишке ушундай даярдык менен барууга психология гана жардам бере алат деп ойлойм. Анткени психолог болуу менен гана жаш баланын ички дүйнөсүн көрө билүү, анын каалоолорун түшүнүү, жана ага ошого жараша мамиле кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. өзүнүн ички дүйнөсү көңдөй адам эч качан психолог да боло албайт, андай болгон соң эч кимди түшүнө да албасы дайын.

...

Скачать:   txt (30.2 Kb)   pdf (196.3 Kb)   docx (20.7 Kb)  
Продолжить читать еще 8 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club