Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Телонун салмагы. Салмаксыздык

Автор:   •  Апрель 5, 2023  •  Лекция  •  1,961 Слов (8 Страниц)  •  131 Просмотры

Страница 1 из 8

Лекция №____ Телонун салмагы. Салмаксыздык

  1. Жерге салыштырмалуу тынч турган эсептөө системасындагы телолордун салмагы.
  2. Жерге салыштырмалуу ылдамдануу менен төмөн тушуп келе жаткан эсептөө системасындагы телолордун салмагы. Салмаксыздык.
  3. Жерге салыштырмалуу ылдамдануу менен жогору көтөрулуп бараткан телолордун салмагы.  Ашыкча жук.

Жерге салыштырмалуу тынч турган эсептөө системасындагы телолордун салмагы.

Ар кандай телого оордук күчү аракет этет. Анын натыйжасында башка телого таянбай, же асылбай турган телолор Жерди көздөй g ылдамдануусу менен эркин түшүшөт. Ал эми башка телого таянып, же асылып турган телолор, ошол таянычка, же асмага белгилүү бир күч менен аракет этишет. Ушул күчтү физикада телолордун салмагы деп атайт.

Оордук күчү - бул телого Жер тарабынан аракет эткен тартуу күчү. Телонун салмагы - бул  ошол  телонун өзү таянган таянычка, же асылган асмага аракет эткен күчү. Демек, оордук күчү берилген телого аракет этет. Ал эми салмак ошол берилген тело тарабынан таянычка, же асмага аракет этет.

Тело менен анын таянычынын, же асмасынын кандай эсептөө системасында турганына жараша, ошол телонун салмагы, ага аракет эткен оордук күчунө барабар болушу, ошондой эле андан кичине же чоң болун калышы мүмкүн. Ушундай учурлардын ар бирин өзүнчо карайбыз. Мейли, бизге лифт менен байланышкан К1 эсептөө системасы берилсин (7.40.1-сүрөт). Ал Жер менен байланышкан К эсептөө системасына салыштырмалуу тынч турушу, ылдамдануу менен төмөн түшүшү, же жогору көторүлүшү мүмкүн. [pic 1][pic 2]

К1 эсептөө системасындагы, башкача
айтканда лифтеги
В кутучасынын үстүнө массасы т болгон А телосу жайгаштырылган. Бул тело,өзүнө аракет эткен оордук күчүнүн натыйжасында В таянычына аракет этет. Ушул А телонун В таянычына аракет эткен күчү, анын салмагы болуп саналат. Аны Pс тамгасы менен белгилейли.

А телосу жана анын таянычы жайгашкан К1 эсептөө системасы тынч турсун. Бул учурдагы телонун салмагы Pс болсун. Анда бул тело таянычка Pс  күчү менен аракет эткен болот (7.40.1-сүрөт). Биз ушул Pс күчүн аныктайлы Ньютондун үчүнчү законуна ылайык, В  таянычы А телосуна N серпилүү күчү менен каршы аракет этет. Бул күчтун модулу А телонун салмагынын чондугуна барабар болот, багыты салмак аракет эткен багытка карама-каршы келет (7.40.2а- сүрөт, жонөкойлүк үчүн бул сүрөттө А телосу жана анын В таянычы болуп көрсөтүлдү).

Ошондуктан бул барабардык орун алат:

[pic 3]

Мындагы Pс күчү, башкача айтканда салмак В таянычына, N күчү А телосуна аракет этет.

Биз жогорудагы  А телосунун салмагын, Pс ны аныктоону максат кылып койдук. Ал үчүн ошол А телосунун кыймылын карап, ошол телого аракет эткен күчтордү гана эсепке алуу менен Ньютондун экинчи законун төмөнкүчө жазабыз:

Мында т - А телосунун массасы; а - анын кыймылсыз К эсептөо системасына салыштырмалуу ылдамдануусу; Р - бул телого аракет эткен оордук күчү, N - ага аракет эткен серпилүү күчү (7.40.2 - сүрөт).[pic 4]

(7.40.2) ден көрүнүп тургандай, ага телонун салмагы, башкача айтканда Рс күчү кирбейт. Бирок, биз ушул Р күчүн аныкташыбыз керек эле. Кантебиз?

[pic 5][pic 6]Мындай абалдан чыгуу үчүн (7.40.1) формуласы туюнткан фактыга кайрылабыз: «-» белгиси менен алынган телонун салмагы, башкача айтканда -Рс, ошол телого таяныч тарабынан аракет эткен N серпилүү күчүнө барабар болот. Бул N күчү болсо, (7.40.2) теңдемесине кирет. Демек, ушул теңдемеден N күчүн таап, аны (7.40.1) формуласына коюу менен, телонун Pс салмагын аныктаса болот.

...

Скачать:   txt (27.4 Kb)   pdf (355.5 Kb)   docx (234.2 Kb)  
Продолжить читать еще 7 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club