Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Геометриялык фигуралар

Автор:   •  Январь 15, 2019  •  Реферат  •  1,731 Слов (7 Страниц)  •  7,195 Просмотры

Страница 1 из 7

Геометриялык фигуралар

 

Макала башталгыч класстардын математикасынын маанилүү бөлүмдөрүнүн бири болгон геометриянын пропедевти- калык курсун окутуунун интерактивдүү ыкмаларын иштеп чыгууга арналган.

Окуу-методикалык адабияттарда [2, 3, 4] жана программада көрсөтүлгөн- дөй,        башталгыч        класстардын

математикасында        геометриянын

элементтерин окутуу бир катар маанилүү дидактикалык жана өсүп өнүктүрүүчүлүк максаттарды көздөйт. Баарыдан мурда, чекит, түз сызык, кесинди, бурч, көп бурчтук, үч бурчтук, тик бурчтук, квадрат, айлана ж.б.у.с. геометриялык фигуралар жөнүндө так даана элестөөлөрдү калыптандыруу максаты коюлат. Ушуну менен бирге эле, чийме куралдарын колдонуу менен (кийинчерээк ал инструменттерди колдонбой эле) геометриялык фигураларды түзүү боюнча практикалык билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу жана окуучулардын мейкиндиктик элестөөлөрүн өстүрүү милдеттери да коюлган.

Фигуралар жана алардын элементтеринин негизги касиеттерин окуп үйрөнүү, окуучулардын билим деңгээлин, алардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана окуу материалдарынын мазмундук- методикалык багыттарындагы өзгөчө- лүктөрүн эске алуу менен класстар боюнча бөлүштүрүлүп, окутуунун негизги объектиси болгон натуралдык сандар жөнүндөгү окуу менен тыгыз байланышта берилген. Маселен, кесиндинин узундугун ченөөнүн чени километр менен окуучулар 3-класста, миңдиктердин классын оозеки жана жазуу жүзүндө номерлөөнү окуп үйрөнүү учурунда таанышышса, жөнөкөй фигураларды (үч бурчтук, квадрат ж.б.) таанып билүүнү камсыз кылуу 1-класста иш жүзүнө ашырылат. Ал эми параллелепипед, пирамида, шар сыяктуу мейкиндиктик телолор менен тааныштыруу окуучулар математика предмети боюнча, салыштармалуу түрдө, бир топ жогорку деңгээлдеги даярдыкка ээ болуп калган 4-класстын математика курсунда ишке ашырылат.

Геометриялык фигуралардын жана алардын элементтеринин образдарын, ошондой эле фигуралардын арасындагы катыштарды өз ичине камтыган геометриялык элестөөлөрдү калыптан- дыруу төмөнкүдөй удаалаштыкта иш жүзүнө ашырылат [3, 12-13]. Фигуралардын касиеттерин эксперимент - тажрыйба жасоо аркылуу индуктивдик түрдө табышып, ошол эле учурда зарыл болгон терминология жана көндүмдөр өздөштүрүлөт; окутуу процессинде башкы көңүл окуучулар тарабынан практикалык иштерди аткартууга, байкоо жүргүзүүгө, салыштырууга жана геометриялык объектилер менен иш алып барууга бурулат. Геометриялык элестөөлөрдү калыптандыруунун негизи катарында окутуу процессине ишмердүүлүк катарында мамиле кылуу теориясын кабыл алуу максатка ылайык [2, 21-22]. Геометриялык мазмунду өздөштүрүү, иш-аракеттерден жана ой жүгүртүүнүн операцияларынан (анализ, синтез, салыштыруу, жалпылоо, классификациялоо (ж.б.) турган жалпы структуралык элементтерди өз ичине камтыган тышкы (практикалык) жана ички (акыл-сезиминде) ишмердүүлүктөр аркылуу жүргүзүлөт. Ар кандай эле окуу ишмердүүлүгү        сыяктуу        эле,

геометриялык        фигуралардын

касиеттерин өздөштүрүү иши өзгөчө психологиялык - физиологиялык процесс катарында, баарыдан мурда, кабыл алуу, ой жүгүртүү жана эске тутуу сыяктуу процесстерди камтыйт. Адам баласынын чындыкты таанып билүүсүнүн негизги формасы жана бир баскычы катарында каралуучу, ошол эле учурда сезүү органдары менен шартталган кабыл алуунун образдары, адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында калыптанат: Бул айтылгандардан        геометриялык

образдарды материалдаштыруу ыкмасын башталгыч класстардын математика сабагында колдонуу максатка ылайыктуу экендиги келип чыгат. Маселен, түз сызык жөнүндө образдуу элестетүүнү талап кылынгандай деңгээлде пайда кылуу үчүн аны сызгычтын жардамы менен сызууну гана жүргүзбөстөн, ал жөнүндө элестетүүнү сызгычтын чети-кыры, ошондой эле дептердин барагынын бүктөө сызыгы, керилген жип, эки тегиздиктин кесилишүү сызыгы бере турганын да эске алуу пайдалуу болорун мугалим көңүлүнөн чыгарбашы абзел.

...

Скачать:   txt (25.2 Kb)   pdf (426.6 Kb)   docx (1 Mb)  
Продолжить читать еще 6 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club