Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Куран момундарга шифаа

Автор:   •  Июнь 4, 2018  •  Курсовая работа  •  5,941 Слов (24 Страниц)  •  914 Просмотры

Страница 1 из 24

МАЗМУНУ

Киришүу.......................................................................................................2

1-бөлүм:Курандын тарыхы.

1.1        Куран тууралуу кыскача маалымат………………………............3

1.2        Ардактуу Пйгамбарыбыздын (ага Аллахты салам-салаваттары болсун) дооруда Куранын толук жазылып бүтүшү………….......4

1.3        Азирети Абу Бакрдын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалык мезгилинде Курандын барак абалында топтолушу…………………… 6

1.4        Азирети Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалык мезгилинде Курандын бир диалектика боюнча жазылышы….....8

 2-бөлүм: Куран окуу.

   2.1 Куран окууну адеби……………………………………………….......9

   2.2 Куран аяттарын кыраат кылуунун эң жакшы жана сооптуу учуру.11

   2.3 Куран оуунун пайдалары тууралуу хадистер…………………….....12

3-бөлүм: Куран момундарга шифаа.

   3.1 Даарылардын эң жакшысы…………………………………………...13

   3.2 Дарт жана балээ келгенде…………………………………………….16

   3.3 Умму сыбйан жана паралич(шал) орусу…………………………….18

   3.4 Курани Карим шифаа………………………………………………....19

   3.5 Ооруга жана оорулууга дуба................................................................20

4-бөлүм: Куран жана илим

   4.1 Куандагы ачылыштар тууралуу ыскача мааымат…………………...22.

   4.2 Курандыгы илиймий ачылыштар…………………………………….24

 

                                   Киришүү

Ааламдардын жаратуучусу болгон Алла Таалага мактоолор жана шүгүрлөр болсун! Алланын элчиси жана акыркы пайгамбары Мухаммадга (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун), анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Алланын салам-салаваттары болсун.

Теманын актуалдуулугу: Азыркы кезде Куран окугандардын саны улумдан улам көбөйүү процессинде. Канчалаган куран окуучу каарылар көбөйгөн сайын Куран окуунун адептери нормалдашып, кээде такыр эле сакталбай калып жатат. Мына ушул себептен курстук ишимди Куран окуунун адептери боюнча жактоону чечтим.

Курстук иштин максаты: Курстук иштин максаты Куран окуунун адептер тууралуу маалымат алуу жана аны башкаларга жеткирүү.

Иш түзүмү: Курстук ишим негизинен 4  бөлүмдөн жана 14 темадан турат.

Курстук иштин көлөмү: 29  барак.

         

1.1 Куран тууралуу кыскача маалымат.

Куран – бул Алла Таала тарабынан азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн ыйык Китеп. Жараткан Алла Таала ыйык Курандын алгачкы аяттарын ардактуу элчиси Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)га улуу көчтөн 13 жыл мурун Рамазан айынын 24-күнү кечке жуук Мекке шаарынын кыйырында жайгашкан Нур тоосунун Хира үңкүрүндө түшүрө баштаган. Алла Таала мына ушул күндөн тарта ыйык Куран китебин ар кандай шарттарда тигил же бул окуянын жүрүшүнө жараша аят-сүрө түрүндө 23 жылдын аралыгында түшүргөн. Куран мурунку ыйык китептерден айырмаланып, дароо бир жолу китеп абалында эмес, ар кайсы жагдайларга карата кээде бир аят, кээде беш, кээде он аят, кээде сүрө абалында түшүрүлгөн. Бул жагдай Алла Тааланын «Биз Куранды сен адамдарга шашпай окуп берүүң үчүн аз-аздан бөлүп түшүрдүк» (Исра сүрөсү, 106-аят) деген аятында ачык-айкын түрдө маалымдалган.

1.2 Ардактуу Пайгамбарыбыздын учурунда Курандын толук жазылып бүтүшү

Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз аяттар түшүрүлгөн кезде аларды жанындагы сахабаларына окуп, андан соң атайын аяттарды жазууга дайындалган сахабаларына жаздыра турган. Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) түшүрүлгөн аяттарды кайсыл сүрөөгө таандык болгондугун өзү айтып берген.1 Аяттарды жазууга милдеттүү сахабалар түшүрүлгөн аяттарды курма дарагынын бутактарына, жалпак таштарга, терилерге жана ошондой эле тактайларга жазышкан. Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз жаңы түшүрүлгөн аяттарды сахабаларына окуп берээри менен алар ошол замат жаттап, дароо бири-бирине кайталап окуп бышыкташаар эле. Ислам аалымдарынан Хаким «Мустадрак» аттуу китебинде аяттарды жазууга милдеттендирилген Зайд бин Сабиттин (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегенин маалымдаган: «Алланын Элчиси өзүнө түшүрүлгөн аяттарды мага жаздыраар эле. Жазып бүткөн соң мага жазганымды окушумду буйура турган. Мен акыркы Пайгамбардын буйругун аткарып, жазганымды окуп берээр элем. Эгер жазганымда ката болсо, аны дароо оңдоор эле». Ал эми Бухарийдин айтымы боюнча, ал-Бараа мындай деген: «Жихадга катышпай үйүндө оорубастан (себепсиз) отургандар менен Алланын жолунда өзүнүн мал-жаны менен күрөшүп жүргөндөр тең эмес...» (Ниса сүрөсү, 95-аят) деген аят түшкөндө Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына Зайдды чакыртып, аятты жазганга тери-тактайын, калемин алып келишин буйурду. Зайд бин Сабит келип, Алланын Элчиси окуп берген береги аятты жазып алды». Бул жерден дагы Куран аяттары түшүрүлөөрү менен жоон топ сахабалар тарабынан дароо жатталып, атайын дайындалган сахабалар тарабынан жазууга түшүрүлгөнүн даана байкайбыз. Ырас, агезде кутман сахабалардын бир даары түшүрүлгөн ар бир аятты жаттаса, бир даары кээ бир сүрө-аяттарды жатташкан. Ал эми ардактуу Пайгамбарыбыз каза болгонго чейин Ыйык Куран кутман сахабалар тарабынан толугу менен жатталып, жазылгандыгы талашсыз чындык. Бухарий Анас бин Маликтин мындай дегенин маалымдаган: «Азирети Пайгамбарыбыздын учурунда Куранды Мединалык мусулмандардан төрт киши топтоп жүргөн. Булар Убай бин Кааб, Муаз бин Жабал, Зайд бин Сабит жана Абу Зайд аттуу сахабалар болушкан». Албетте, Меккелик мусулмандардан Куран аяттарын толук топтогондор да көп болгон. Маселен, булардын катарында азирети Осмон, азирети Али, Абдуллах бин Масуд, Хузайфанын кулу Салим, Абдуллах бин Амр бин Аас сыяктуу сахабаларды эскерүүгө болот. Ибн Сирин ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз каза болгондо азирети Алинин жума намазына жана Куран аяттарын гана топтоого сыртка чыгаарына карата касам ичип, Куран топтогондугун маалымдаган. Бул окуя жөнүндө Икрима дагы сөз козгоп, аны азирети Абу Бакир кош колдоп колдоорун билдирген. Азирети Умардын мусулман болушуна себепкер болгон окуя дагы Куран аяттары сахабалар тарабынан жатталып-жазылгандыгына, алар аяттарды өз ара бири-бирине окушуп бышыктагандыгына өзүнчө далил боло алат. Куран аяттары ардактуу Пайгамбарыбыздын учурунда жазууга жараган ар кандай каражаттарга жазылса, азирети Абу Бакирдин учурунда барак бетине түшүрүлүп, китеп абалына келтирилген.

...

Скачать:   txt (75.7 Kb)   pdf (257.1 Kb)   docx (973.1 Kb)  
Продолжить читать еще 23 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club