Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Енисей Кыргыздары ХVII кылымда

Автор:   •  Октябрь 21, 2023  •  Реферат  •  1,155 Слов (5 Страниц)  •  85 Просмотры

Страница 1 из 5

ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ ХVII КЫЛЫМДА

Сибирди, анын ичинде Енисей кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу. Профессор Котвичтин «XVII жана XVIII кылымдарда ойроттор менен карым-катыштар боюнча орустун архив документтери» деген жакындагы (1921-жылдагы) изилдөөсүнөн көрүнгөндөй бул маселеге тийиштүү материалдар али толук белгилүү боло элек. Сибирди каратып алуунун тарыхы боюнча эң илгерки жана баалуу изилдөөлөрдүн бири Герард Фридрих Миллердин «Сибирь падышалыгынын жана анда болгон бардык иштердин сүрөттөмөсү» (1750) деген китеби болуп саналат. Эң соңку тарыхый изилдөөлөрдүн арасында Енисей кыргыздары жөнүндө профессор Н. Н. Козьминдин «Хакастар» деген атайын эмгеги (1925) бар144.

Енисей кыргыздары ал убакта бир бүтүн мамлекет түзгөн эмес. Н. Козьминдин изилдөөлөрүнүн маалыматтарына караганда, кыргыздардын төрт башкы хандыгы болгон: Туба хандыгы (Туба дарыясы боюнча, Красноярск уездинде жана Енисейдин сол жээги боюнча Абаканга чейин), Езер хандыгы (Енисейдин сол жээги боюнча түндүктү карай Батенёво токол тоосуна чейин), Алтыр хандыгы (Езерскиден батышты жана түштүк-батышты карай) жана Алтысар хандыгы (Езерскиден түндүк жана түндүк-чыгышты карай)145. Иван Петлиндин 1618-жылдагы элчилик жөнүндөгү баянына караганда Томскиден кыргыз жергесине чейин «кадимкидей катуу жүрүш менен он күндүк жол», кыргыз жеринен Абаканга чейин алты күндүк, Абакандан Кемчикке чейин тогуз күндүк жол, Кемчиктен чоң көлгө чейин, башкача айтканда Убсыга чейин үч күндүк жол. Петлинге чейин 1616-ж. кыргыз жерлери аркылуу Василий Тюменец жана Иван Петров өткөн. Кыргыз жеринин акими катары Немек төрө (Петлинде Немей деп аталат) эсептелген, ал бийликти атасынан алган; Немектин кол алдында Номча жана Кора (Кара) деген эки мыкты төрө бар. Кыргыз жергесинен ары карай «Табындардын жери» болгон; Тюменецтин сөзүнө караганда бул— «ошол эле кыргыздардын жери, болгону оолак жашашат, салыкты кыргыз жерине жана Алтын падышага төлөшөт»; Батыш Моңголиянын ошол убактагы акими түмөт Алтан-хан жөнүндө сөз болуп жатат. Иван Петлин кыргыз жеринен, башкача айтканда Немектин ордосунан Алтан-хандын жергесинин чек арасына чейин «жарым күн» гана жүргөн.

Жогоруда айтылгандардан Козьминдин китебинде сөз болгон төрт хандыктын ичинен Туба хандыгы башка үчөөнөн бөлөк каралган жана ал обочо турмушта жашаган деген корутунду чыгарууга болот. Тюменецтин сөздөрүнөн маданият жагынан тубалыктар башка кыргыздардан төмөн тургандыгы көрүнүп турат. Аларда уй да, кой да болгон эмес, «жылкы менен бугу гана болгон». Бүткүл кыргыз жеринин улуу төрөсү катары орустар Алтыр ханын эсептешкен. Биз өзүбүз көрүп тургандай, башкаларга караганда орустар менен мурдараак алака түзгөн Номча Алтысардын ханы, демек, кара-езердин да ханы болгон. Бүтүндөй алганда кыргыз элинин маданий деңгээли ал убакта анчалык жогору эмес, XIII кылымдагыга караганда бир кыйла төмөн болгон. Кыргыздар «балык жешет, айбанаттарды атып алышат, ач эми кыргыздардын куралы жаа, жылкылары менен уйлары коп, бирок эгин эгишпейт» деп айтылган. Маданияттын төмөндөп кетиши моңгол империясынын доорунда гүлдөгөн кербендик сооданын сээлдеп калышы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Енисейск (1618-ж.) жана Красноярск (1627-ж.) негизделгенге чейин эле кыргыздар орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн 1604-ж. негизделген Томскиге келип турушкан. Бир маалымат боюнча 1606-ж., башка маалымат боюнча 1608-ж. Томскиге кыргыз хандары Номча менен Кочебай өзүлөрүнүн нөкөрлөрү менен келишкен; алардан ант алып, Номчанын аялы

...

Скачать:   txt (16.3 Kb)   pdf (58.9 Kb)   docx (11.6 Kb)  
Продолжить читать еще 4 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club