Асан Кайгы
Автор: Bekuu • Сентябрь 24, 2023 • Реферат • 3,403 Слов (14 Страниц) • 330 Просмотры
[pic 1]
АСАН КАЙГЫ
«Көчмөндөрдүн философ-акыны» (Ч. Ч. Валиханов) Асан кайгы мурдагы (XIII—XIV кылымдардагы) Алтын Ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногойлорго) өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармаларын калтырып кеткен. Бир чети ушул асыл мурасты 6—7 кылым бою ашырса ашырып, акыры бир жерин да кемитпестен, кагазга атайы жазылып калтырылгандай оозеки сактап келген элдин эсине таң бересиң. Эл Асан кайгынын чыгармаларын кадимки өз калыбында сактап келгенин кыргыз, казак элдериндеги тексттеринин бипбирдей, эч айырмасыздыгынан байкаса болот. Айталы: «Ай, кан, мен айтпасам билбейсиң», «Бул заманда не карып», «Эдил бол да, Жайык бол», «Көлдө жүргөн коңур каз» ж. б. ырлардын мазмунуна, стилине караганда Асан кайгыга таандык экенине эч күмөндүрбөйт. Бул ырлардын эки элдеги тексти сапма-сап окшош келип, акындын өз оозунан угулуп жаттатылып, кийинкиге сакталып калганында шек жок. Эгерде ортодо алымча-кошумча болсо эки элдеги текстте айырмачылыктар болмок. Мындагы бир кызык нерсе ал чыгармаларды кыргыз кыргызчалап, казак казакчалап өз тилдерине которуп айтып келишкен.
Мисалы, «Көлдө жүргөн коңур каз» деген кыска ырынын текстин алып көрөлү:
Казакча:
«Көлдө жүргөн коңыр каз,
Кыр кадирин не билсин!
Кырда жүргөн дуадак
Су кадирин не билсин!
Ауылдагы жамандар
Ел кадирин не билсин!
Көшип-конып көрмеген
Жер кадирин не билсин!
Көшсө кона билмеген,
Консо көше билмеген,
Журт кадирин не билсин!»
Кыргызча:
«Көлдө жүргөн коңур каз
Кыр кадырын не билсин.
Кырда жүргөн тоодактар
Суу кадырын не билсин.
Айылдагы жамандар
Эл кадырын не билсин.
Көчүп-конуп жүрбөгөн
Жер кадырын не билсин.
Көчсө коно билбеген,
Консо көчө билбеген,
Акылыңа көнбөгөн
Журт кадырын не билсин».
Көрүп турганыбыздай эки тексте эки элдин тилине жараша фонетикалык айырмачылык болбосо, башка айырмачылык жок. Качанкы тексттин бүгүнкү күнгө чейинмындай так сакталышын, биринчиден, Асан кайгы өзүнүн терең философиялык мазмунга ээ ырларын бир уккан адамдын да көңүлүнө түбөлүк уюп калгандай жогорку көркөмдүктө бериши болсо, экинчиден, кыргыз, казак «сөз өнөрүн дүйнөдөгү искусствонун эң бийиги» деп карап (В. В. Радлов), аны ар дайым аздектеп көздүн карегиндей сактап келиши деп билүү керек.
Мурда көчмөн болуп келген көпчүлүк элдерде өткөндөгү тарыхын, белгилүү инсандарынын өмүр жолун изилдөөгө жол ачуучу жазма эстеликтер сакталбаган (болгон эмес десе да болот). Ошондуктан бирден бир сүйөнөөр булак элдик санжыра, аңыз сөздөр, фольклордук көркөм чыгармалар. Аны жазуу, сызуусу күчтүү өнүгүп, болгон окуяларды, тарыхты ирети менен жазып жүрүшкөн элдердеги сакталган кабарлар менен кылдат салыштырып чыгуу керек. Ошондо гана тарыхый чындыктын көзү ачылат. Мына ушундай жол менен мындан 6—7 кылым мурун жашап өткөн өмурү эл оозундагы легенда, аңыз сөзгө айланып кеткен Асан кайгыны да изилдөөгө туура келет. Ырас, тилекке жараша ал жөнүндөгү маалыматты, биринчи иретте, биздин күндөргө сакталып жеткен анын өзүнүн чыгармалары берет.
Асан кайгынын өмүр жолун, чыгармачылыгын изилдөөгө казак илимпоздору XIX кылымда эле сүрө киришкен. Атактуу илимпоз Ч. Ч. Валихановдон тартып М. Ауэзовго чейин Асан кайгынын тарыхый адам экенине күмөн санашпайт. Ч. Ч. Валиханов: «ногой философу Асан кайгы жайындагы аңыздар менен накыл сөздөрдүн көпчүлүгү ошол Жаныбек заманына катыштуу»— деп жазып, аны ногойлордун (Алтын Ордонун) ханы Жаныбектин доорундагы инсан катары эсептейт. М. Ауэзов: «Бул тарыхта болгон адам, бирок тирилик эткен заманв1 Жаныбек тушу делгени болбосо ким экени, кай ортодон чыккан эле, кандай эмгек аракет этип, кандай өмүр кечип өттү эле,— ал жөнүндө эч кайсынысынан далилдүү дарек жок. Тарыхта болгон адамдардын ичинен өмүр жолу, иш эмгеги калктын нагыз эртегиси болуп, тек ошол кальШта гана ой-жадында сакталган адамдын бири ушул Асан кайгы» — деп көрсөтүп, Асан кайгынын кайсы доордо жашаганынан күмөндөр болот.
...