Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Чет тилин окутуудагы изилдөөнүн ыкмалары

Автор:   •  Июнь 14, 2022  •  Реферат  •  2,829 Слов (12 Страниц)  •  556 Просмотры

Страница 1 из 12

План:

  1. Киришүү
  2. Чет тилин окутуу методикасынын башка илимдер менен болгон байланышы
  3. Чет тилин окутуунун максаты
  4. Методикалык негизги түшүнүктөр жана категориялар
  • Ыкма
  • Метод
  • Негизги каражат

Киришүү

Чет тилин окутууда биз түрдүү ыкмаларды колдонуубуз керек. Анткени окуучуларга кызыктуу жана түшүнүктүү болот. Себеби кызыктуу сабак болгондо гана окуучулардын көнүлү сабака бурулат жана кабыл алуусу бир топ жогорулайт. Албетте бул биз үчүн жемиштүү деп эсептесек болот. Мен бул курстук ишимде чет тилин окутуу максатын жана аны окутуу ыкмаларын ошондой эле аны изилдөө ыкмасын камтып кеттим.

        Андан сырткары сабакты ачык айкындуулук менен өтүүбүз зарыл. Анткени окуучуга эмне түшүнүксүз жана эмне түшүнүктүү болуп жатканын мугалим байкап билүүсү керек. Окуучулар дагы өз оюн ачык-айрым айтууга жана сабакта эркин сүйлөөгө үйрөнүшөт. Ошол себептен биз келечектеги мугалимдер чет тилин окутуудагы түрдүү ыкмаларды, методдорду колдонуу менен бирге окуучуларга эң мыкты деңгээлдеги сабакты өтүүбүз керек.

        

Чет тилин окутуу методикасынын башка илимдер менен болгон байланышы

Чет тилин окутуунун максаты

Чет тилди окутуунун усулу – бул окутуунун максатын, мазмунун, окутуунун методдорун жана каражаттарын изилдөөчү илим жана ошондой эле чет тилин окутуу боюнча адабияттарды колдонуу менен бирге, окуучуларды тарбиялоонун жана окутуунун бирден бир жолу.

Методика жаңы илим болгонуна карабастан, анын өнүгүү процесси ылдам болуп жатканын байкайбыз. Методикалык концепциянын эволю- циясында бардык чет тилдерди окутуунун усулун же конкреттүү бир чет тилин окутуунун усулун караган тенденциялар кезигет.

Келечектеги мугалимди усулдук жактан даярдоо азыркы убакта абдан маанилүү болуп саналат, анткени мугалим өз предметин теориялык жана практикалык жактан өздөштүрүүcү, билүүсү менен гана кесиптик даяр- дыгы мыкты мугалим боло алат.

«Чет тилдерин окутуунун усулу» курсунда келечектеги мугалим бул сабакты окутуунун ыкмасын үйрөнө алат. Методикалык принципке ыла- йык, чет тил сабагы мектептерде баш аламан, туш келди окутулбастан, системалаштырылып, жөнөкөйдөн татаалга багытталып окутулат. Муга- лим чет тил сабагын окутуунун усулун туура колдонуу аркылуу гана ал сабакты туура уюштура алат. «Чет тилин окутуунун усулу» курсу мектеп- терде бериле турган чет тил сабагынын окутулушун, окуучуларга класста жана класстан тышкары материалдарды кандай өтүүнү үйрөтүү менен чет тилинен сабак бере турган келечектеги мугалимдерди кесиптик жактан даярдайт.

Чет тил сабагы азыркы коомдун талаптарына жооп берүү менен мек- тептерде тиешелүү деңгээлде окутулушу үчүн, келечектеги мугалим «Чет тилдерди окутуунун усулу» курсунун теориясын абдан жакшы өздөштү- рүүсү талап кылынат.

Ошондой эле студент өзүнүн билимин педагогикалык практика учу- рунда, дипломдук же курстук иштерди аткарууда жана мектеп турму- шунда пайда болгон ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүдө пайдалана алуусу зарыл.

Келечектеги мугалимди кесиптик жактан даярдоодо «Чет тилдерди окутуунун усулу» теориялык курсу негизги орунду ээлейт.

Ар бир илимдин өзүнө тиешелүү максаты болгон сыяктуу эле «Чет тилдерди окутуунун усулу» курсунун да бир нече максаттары бар. Алар төмөнкүлөр:

  1. Мектепте чет тилин окутуунун негизги өзгөчөлүктөрүн ачып берүү жана практикада кездешкен маселелерди чечүүдө студенттерди өзүлөрү- нүн теориялык билимин колдонууга үйрөтүү;
  2. Студенттерди өлкөбүздөгү жана чет өлкөлөрдөгү чет тилин оку- туудагы негизги тенденциялар менен тааныштыруу;
  3. Методиканы илим катары карап, анын бөлүктөрүн окутуу. Ошон- дой эле чет тилин окутуу процессинде студенттерге чыгармачылык менен иштөөгө багыт берүү;
  4. Студенттерди эң мыкты окутуучулардын тажрыйбалары, педагоги- калык эмгектери менен тааныштыруу жана ал тажрыйбаларды практика учурунда пайдалана алууга үйрөтүү;
  5. Студенттерге семинардык жана практикалык сабак учурунда мек- теп ишинде жана чет тил сабагын окутуу учурунда мугалимге керек бо- луучу билгичтиктерди үйрөтүү;
  6. Келечектеги мугалимди илимий методикалык адабияттарды окуу- га жана алар менен кабардар болуп турууга үйрөтүү. Кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында билимин жогорулатуу үчүн талыкпай эмгектенүү- сүнө тарбиялоо.

Ушул маселелерди чечүү менен бирге биз чет тилин азыркы талапка ылайык окута турган жогорку деңгээлдеги мугалимдерди даярдап чыга алабыз.

«Чет тилдерди окутуунун усулу» теориялык курсуна токтолуу менен

«методика» деген сөздүн маанисине түшүндүрмө беребиз.

«Методика» – деген сөз, үч мааниге ээ:

  1. Педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларында теориялык курс же окуу дисциплинасы катары каралат.
  2. Окутуу процессиндеги ар түрдүү ыкмалардын жана алардын өнү- гүү жолдорунун жыйындысы.
  3. Педагогикалык илимдин бир тармагы катары каралат. Ошондуктан бардык илимдер сыяктуу эле анын теориялык эксперименталдык базасы, илимий гипотезалары жана изилдөөнүн объектиси болот.

Эгерде методиканы «окутуунун теориясы» катары карасак, анда анын окуу процессиндеги компоненттерин да бирге кароо керек. Окутуу про- цессинде «Чет тилдерди окутуунун усулу» курсунун эң негизги үч компо- ненти бар.

...

Скачать:   txt (40.3 Kb)   pdf (161.4 Kb)   docx (23.4 Kb)  
Продолжить читать еще 11 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club