Африканын элдери
Автор: ISHEN • Декабрь 13, 2023 • Реферат • 3,927 Слов (16 Страниц) • 94 Просмотры
Тема 4. АФРИКАНЫН ЭЛДЕРИ
План:
- Географиялык абалы жана табигый-климаттык шарттары.
- Этностук тарыхы.
- Негизги этнолого-антропологиялык мүнөздөмөлөрү
- Чарбалык -маданий типтери.
- Материалдык маданияты жана кол өнөрчүлүгү.
- Социалдык түзүлүшү.
Адабияттар:
- Львова Э.С. Культура народов Тропической и Южной Африки: история взаимодействия и тенденции развития. – М., 1996.
- Львова Э.С. Этнография Африки. – М., 1984.
- Львова Э.С. Этнография народов Северной Африки. – М., 2003.
- Народы и религии мира: энциклопедия/гл.ред.В.А. Тишков. – М., 1998.
- Народы мира: историко-этнографический справочник/гл.ред Ю.В. Бромлей. – М., 1988.
- Народы Африки// Народы мира. Этнографические очерки. – М., 2007.
- Основы этнологии: учебное пособие / под ред. В.В. Пименова. – М., 2007.
- Этнология: учебник/под ред. Г.Е. Маркова, В.В. Пименова. – М., 1994.
- Географиялык абалы жана табигый-климаттык шарттары.
Африка континенти түндүктөн түштүккө созулуп, ортосунан экватор аркылуу бөлүнөт. Евразиядан кийинки чоң материк. Материк – жер жүзүнүн бештен бир бөлүгүн ээлейт. Эң чоң аралы – Мадагаскар.
Африканын көп бөлүгү тропикалык алкакта жайгашкан, түндүк бөлүгүнөн: Батыш Сахара, Марокко, Алжир, Тунис, Мавритания, Чад, Нигер, Судан, Эфиопия жана Сомали; түштүк бөлүгүнөн – Ангола, Намибия, Ботсвана, Зимбабве, Мозамбик, ЮАР, Мадагаскардын бир бөлүгүндө Сахарага караганда күндүн табы төмөнүрөөк.
Ири дарыялары – Нил, Конго, Нигер, Замбези, Оранжевая (алардын бассейни Африканын 1/3 бөлүгүн камтыйт). Ири көлдөрү – Виктория, Таньганьика, Ньяса, Чад.
Аралдары: Мадагаскар, Мадейра, Реюньон, архипелаг Зеленого мыса, Канар, Комор, Сейшель.
Африкада 54 мамлекет жайгашкан. Азыркыга чейин колониялар бар: Франциянын – Реюньон аралы, Испаниянын майда аралдары; Великобританиянын – Св. Елена аралы.
- Этностук тарыхы.
Африка адамзат пайда болгон аймакка кирет. Континенттин чыгышында жана түштүгүндө байыркы адамдардын (35 миң жыл мурда жашаган Homo sapiens) сөөктөрү табылган. Африканын калкынын калыптанышы автохтондуу компоненттердин негизинде жүргөн менен ички жана тышкы миграциялык процесстердин да таасири болгон.
Түндүк Африканын этностук жана саясий тарыхы б.з.ч. V миң жылдыктагы египет цивилизациясы менен байланыштуу өнүккөн. Ал цивилизация кийин Рим империясынын таасиринде болгон. Түндүк Африканын байыркы калкы египеттиктер, ливиялыктар, кушиттердин келип чыгышы, тили толук изилденип бүтө элек.
Тышкы миграциянын алгачкы натыйжаларын азыркы Тунистин аймагында б.з.ч. IX к. түзүлгөн финикиялык колония Карфагендин мисалында көрөбүз. Кийинчерээк бул түндүкафрикалык аймакта Нумидия, Мавритания мамлекеттери түзүлүп, б.з.ч. II к. Рим Карфагенди талкалаганда кыйраган.
VII к. арабдардын Магриб өлкөлөрүнө (Тунис, Алжир, Марокко, Ливия, Мавритания, Батыш Сахара) кирүүсү башталган.
Б.з. I миң жылдыгында континенттин түндүк чыгыш тараптан банту тилдүү элдердин тропикалык зонага жылуусунун натыйжасында пигмей группалары токойлорго, койсан уруулары түштүккө сүрүлгөн.
Б.э. II миң жылдыгында Нигер жана Сенегалдын үстүнкү агымында Гана, андан соң Мали, кийинчерээк Сонгаи сыяктуу эрте таптык мамлекеттер пайда болгон. Чад дарыясынын бассейнинде Канем-Бору жана Хаус мамлекеттери п.б. Бул мамлекеттердин п.б. исламдын таралышы менен байланыштуу.
Батыш Африкада европа колонизациясына чейин эле Ифе, Йоруба, Ойо, Ашанти, Дагомея, Бенин, түштүктө – Конго и Месопотамия мамлекеттери болгон.
Африкага биринчилерден багытталгандар – португалиялыктар болушкан( XVк.). Экспанциянын биринчи себептери – Европада капиталдын алгачкы накоплениеси доорундагы эң керектүү алтынды издөө менен байланыштуу. Португалиялыктар мыкты деңизчилер, чебер авантюристтер болушкан. Алардан кийин испаниялыктар, кечирээк – француздар, англичандар аракет кылышкан.
Америкалык плантацияларды кулдар менен камсыз кылуу да кошумча стимул болду. Америкалык индеецтер эркиндикти сүйгөн жана плантацияларда оор иштерди аткарууга ынгайлашкан эмес. Андан кийинки учурда европалыктардын Африкага кызыгуусу табигый бай ресурстарды, баалуу дарактардын породаларын ташып келүү менен байланышкан.
...