Соода укугу укуктун бир тармагы. Соода укугугун предмети, методтору, принциптери жана булактары
Автор: 0770422246 • Октябрь 25, 2021 • Лекция • 1,824 Слов (8 Страниц) • 395 Просмотры
ЛЕКЦИЯ
- Тема: Соода укугу укуктун бир тармагы. Соода укугугун предмети, методтору, принциптери жана булактары.
- Суроолор:
- Соода укугу укуктун бир тармагы.
- Соода укугугун предмети
- Соода укугугун методтору
- Соода укугугун принциптери
- Соода укугугун булактары
1. Соода укугу укуктун бир тармагы.
Укук – бул мамлекет тарабынан кабыл алынган жана корголгон, жалпыга бирдей жана милдетүү жүрүм-турум эрежелеринин системасы. Укук башка социалдык нормалардай эле коомдук карым катнашты жөнгө салат, бирок алардан олуттуу түрдө айырмачылыктары бар. Анткени укук мамлекет, мамлекеттик түзүлүш жана мамлекеттин укуктук-саясий режими менен тыгыз, ажырагыс байланышта. Башка социалдык нормалар коом¬дун ички өнүгүүсү менен тыгыз байланышта жана анын натыйжасында өнүгүп, өзгөрүп жана калыптанып турат. Укук мамлекеттин коомду башкаруунун негизги куралы жана мамлекеттик саясаты ишке ашыруунун формасы катары пайда болгон. Ошону менен бирге укук адамдардын коомдогу жана мамлекеттеги укуктун абалын аныктоочу, кызыкчылыктарын жана мүдөөлөрүн коргоонун негизги каражаты болуп саналат.
Жеке адамдын жана жарандардын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт, жеке адамдын ко-омдогу жана мамлекет алдындагы укуктук беделин бекемдейт. Жеке адамдын укуктук беделинин деңгээли, укук системасынын өнүккөндүгүнүн айгинелеп, демократиялуулук принциптеринин орношунда өтө маанилүү роль ойнойт.
Адам баласынын турмушунун коомдук түзүлүштөн мамлекеттик түзүлүшкө өтүүсүнүн натыйжасында коомдун ырааттуу түрдө, социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнө олуттуу шарт түзүлдү. Мамлекет менен коомчулуктун ортосунда өз-ара туруктуу мамиле, карым-катнаш пайда болгон. Мамлекеттин түзүлүшүнүн негизги мааниси, маңызы, анын коом жана жеке адам алдында аткарган милдеттеринин жыйындысынан турат, башкача айтканда коомдук өнүгүүнү ишке ашыруу, жеке адамдын укуктарын коргоо, коомдук тартипти сактоого окшогон иш-аркеттерден турат. Демек мамлекеттин милдеттеринин жалпы жыйындысы, мамлекеттин функциясын түзөт. Мамлекеттин функциясы, анын түзүлүшүнүн негизги маани-маңызын анык¬тайт жана коомдун өнүгүүсүндө мамлекеттин негизги ролун, иш аракеттерин белгилейт.
Мамлекеттин функциясы – бул анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты жана конституция тарабынан бекитилген милдеттерин аткаруу же иш жүзүнө ашыруу болуп саналат. Мамлекеттин функциясын аткарууда бардык мамлекеттик органдардын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат. Ар бир орган өзүнө тийешелуу болгон ыйгарымдуу укуктардын негизинде гана иш жүргүзүүгө милдеттүү. Бир мамлекеттик органдын функциясын, мамлекеттик башка бир орган алмаштыра албайт. Ошондуктан мамлекеттик органдардын функцияларынын жалпы жыйындысы мамлекеттин функциясынын мазмунун түзөт.
Демек, мамлекеттин функциясын аткаруусу – бул анын коом алдын¬да алган милдеттерин аткаруусу, коомдун өнү-гү¬шүнө жол ачуу менен адам укугун жана теңдигин камсыз кылуу, коомдогу экономикалык, саясий жана социалдык өнүгүүгө жол ачуу болуп саналат.
Кыргыз мамлекетинин функциясын бүгүнкү күндө эки негизги багытка бөлүүгө болот. Биринчиден, мамлекеттин ички өнү¬гүүсүн жана стабилдү¬лүгүн жолго салууга багытталган ички функциясы. Алар: экономикалык, социалдык, маданиятты өнүк¬тү¬рүү, элге билим берүү, илим, салык системасы жана салык топтоо, экологияны, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти сактоо жана менчиктин түрлөрүн коргоо. Экинчиден, ар бир мамлекеттин функцияланып өнүгүүсүнө шарт түзгөн, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон байланышты өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин тышкы фукциясы. Аларга: эл аралык тынчтыкты коргоо, Көз Каранды эмес өлкөлөр ортосундагы ынтымакташтыкты сактоо, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, илимий техникалык жетишкендиктерди Кыргызстан шартында интеграциялоо, чет өлкөлөр менен болгон жалпы саясий-экономикалык байланыштарды иш жүзүнө ашыруу кирет.
...