Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Тарбиялоонун жалпы милдеттери жана маселелери

Автор:   •  Март 17, 2023  •  Лекция  •  1,078 Слов (5 Страниц)  •  848 Просмотры

Страница 1 из 5

Педагогика лекция

Тарбиялоонун жалпы милдеттери жана маселелери

Акыл тарбиясы - акыл эс тарбиясы окуучуларды илимдин негиздери болгон билим системасы менен тааныштырат жана ага ээ кылат. Билимдин негиздери менен тааныштыруу аркылуу дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүн калыптайт. Билимдердин негиздерине ээ болуу логикалык ойлонууну эске тутууну, көңүл койууну, элестетүүнү, акыл эстин мүмкүнчүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

 Акыл эс тарбиясынын негизги маселелери:

 Аныкталган көлөмдөгү билим кабыл алуу;

 Дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүн калыптоо;

 Акыл эсти, жөндөмдүүлүктү, шыкты жогорулатуу;

 Таанып билүү кызыгуусун өнүктүрүү;

 Таанып билүү активдүүлүгүн калыптандыруу;

 Өзүнүн билимин жалпы жана профессионалдык кесипкөйлүгүн жогорулатуу;

Ошентип акыл эс тарбиясынын негизги максаты аныкталган билим системасына ээ кылуу менен бирге интелектуалдык деңгээлди ойлонуу мүмкүнчүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен аныкталат.

Эмгек тарбиясы - аталган тарбия эмгектенүүнүн негиздерин, өндүрүштүк мамилелерди, эмгек каражаттарын пайдаланууга үйрөтөт. Эмгекке тарбиялоо процессинде инсандын негизги өнүгүү фактору жана ошондой эле курчап турган дүйнөнү таануу тиешелүү ишмердүүлүктүн, эмгектин негизинде пайда болот. Эмгек тарбиясы илимдин, техниканын жетишкендиктеринде жогорку технологияга чыкты.

Эмгек тарбиясынын негизги маселелери:

Эмгектин баардык түрүнө туура мамиле жасоо.

Дайыма эмгектенүүгө умтулууну пайда кылуу. Азыркы мезгилдеги техника жана технология менен тааныштыруу эмгек куралдарын, каражаттарын пайдаланууну үйрөнүү.

Дене тарбиясы - бул тарбия ар бир окуучунун туура жетилишине, калыптанышына шарт түзүүгө багытталган. Физиологиялык жактан туура жетилген инсан гана ар тараптан шайкеш өнүгөт. Ошондуктан дене тарбиясы баардык билим берүү системасындагы негизги сабактардын бири. Дене тарбиясын негизги проблемалары төмөнкүлөр:

- ден соолукту чыңдоо жана туура физиологиялык өнүгүү;

- Акыл эстин жана дененин иштөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Табигый кыймылдоо сапаттарын калыптандыруу жана өнүктүрүү. Кыймыл аракеттердин жаңы ыкмаларына ээ болуу. Кыймыл аракеттердин жаңы сапаттарын башкача айтканда күч, шамдагайлык, чыдамкайлык, сергектик ж.б. жакшыртуу. Туура сапаттуу гигиеналык көнүгүүлөрдү калыптандыруу. Адеп ахлактык мүнөздөмөлөрдү б.а. чечкиндүүлүк, туруктуулук, жоопкерчилик ж.б. калыптандыруу;

- Үзгүлтүксүз жана системалуу спорттук машыгууларга дайыма даяр болуу;

- Дайыма чың ден соолукта болуу менен өзүнө жана курчап турган адамдарга кубаныч алып келүү.

Адеп ахлактык тарбия - адеп ахлактык нормаларга чынчылдык, акыйкаттык, айкөлдүк, жоопкерчилик, абийирдүүлүк, уяттуулук, гумандуулук, тартиптүүлүк, улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо, эмгекти сүйүү, мекенди сүйүү, патриоттуулук, ата мекендин негизги баалуулуктарын көздүн карегиндей сактоо, мыйзамдуулукту сактоо, жарандык милдетти так аткаруу, кайрымдуулук ж.б. түшүнүктөр кирет. Адеп ахлактык тарбия кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган адеп ахлактык түшүнүктөрүн, жалпы адамзаттык түшүнүктөр менен оптималдуу айкалыштыруу илгерилөөдө.

Адеп ахлактык тарбиянын негизги маселелери - адап ахлактык аң сезимди калыптандыруу. Кыргыз жана түрк элдеринин көөнөргүс адамдык баалуулуктарын өркүндөтүү. Коомдо өзүн алып жүрүүнүн негизги жоболорун тааныштыруу менен бирге аларды адатка айландыруу. Улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды үйрөнүү менен бирге аларды мүнөзүнө сиңирүү. Мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо ж.б.

Эстетикалык

...

Скачать:   txt (17.7 Kb)   pdf (58.9 Kb)   docx (13 Kb)  
Продолжить читать еще 4 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club